Чүй облусунун айрым аймактарында электр жарыгы өчүрүлөт

Чүй облусунун айрым аймактарында электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу «Түндүк электр» ишканасынан билдиришти. Маалыматка караганда, эртең эртең мененки саат 9дан кечки 5ке чейин Көк-Жар, Сокулук жана Манас айылдарында электр жарыгы өчүрүлөт. Убактылуу чектөөлөр ондоо иштерине байланыштуу.

Кыргызстанга кирген унаалардын көбү Россиядан ташылып келген

Кыргызстанга кирген унаалардын көбү Россиядан ташылып келген. Бул тууралуу «Унаа» мамлекеттик ишканасы билдирет. Маалыматка караганда, былтыркы жылдын 11 айында республикада 49 миңден ашык унаа каттоого алынды. Алардын 25 миңи Россиядан, 7 миңден ашыгы Корея Республикасынан, беш миңи Литвадан кирген. Белгилеп кетсек, 2015-жылы каттоого алынган унаалардын… Кененирээк…

Таластан табылган ак илбирс реабилитациялык борборго өткөрүлүп берилди

Таластан табылган ак илбирс реабилитациялык борборго өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу Биотүрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары департаментинен билдиришти. Эске салсак, 9-январда Талас районунун Көк-Ой айылындагы Булбул-Жар токоюнда жарадар болгон ак илбирс табылган. Жаныбарга ок атылганы аныкталып, адистер ага операция жасашты. Ал эми милиция менен… Кененирээк…

Алматыда унааны айдаган 6 жаштагы баланын атасына айып салынды

Алматыда унааны айдаган 6 жаштагы баланын атасына айып салынды. Бул тууралуу видео социалдык тармактарга жарыялангандан кийин полиция иликтөө жүргүзгөн. Кадрдан баланын унаага отуруп айдап кеткенин көрүүгө болот. Унаанын ээси күнөөсүн мойнуна алып, 132,5 миң теңге же 23 миң 500 сом айып төлөөгө милдеттендирилди.

Кыргызстанда эл каттоо 23-марттан 1-апрелге чейин электрондук форматта жүргүзүлөт

Кыргызстанда эл каттоо 23-марттан 1-апрелге чейин жүргүзүлөт. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти. Ага караганда, маалыматтарды топтоо алгачкы ирет электрондук форматта өтөт. Бул максатта аталган мекеме каттоону жүргүзүү мезгилинде убактылуу кызматкерлерди жумушка тартууну пландаштырууда. Талапка ылайык, Кыргызстандын 18 жаштан жогорку жарандары аталган кызматта иштей алышат,… Кененирээк…

Бишкектеги үйлөрдүн биринен зер буюмдарды уурдаганга шектүү жаран кармалды

Бишкектеги үйлөрдүн биринен чоң суммадагы зер буюмдарды уурдаганга шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка караганда, өткөн жылдын 22-июлунда Ленин райондук ички иштер бөлүмүнө жабырлануучу арыз менен кайрылган. Шектүүлөр терезе аркылуу үйгө кирип, жалпы суммасы 40 миң долларлык бриллиант менен… Кененирээк…

Стамбул аэропортунда туристтерди тактайчалар менен тосуп алууга чектөө киргизилди

Стамбул аэропортунда туристтерди аты-жөнү жана тур компаниянын аты жазылган тактайчалар менен тосуп алууга чектөө киргизилди. Түркия бийлиги түшүндүргөндөй, бул иштер мыйзамсыз жана сапаты төмөн кызматты көрсөткөн коммерциялык унаалар менен күрөшүү максатында жүрүүдө. Бирок Түркиянын Туристтик ассоциациялык агенттиги мындай чараны “туристтик жүрүшкө сокку” деп атады.

Кыргызстанды 500гө чукул ак илбирс байырлайт

Кыргызстанды 500гө чукул ак илбирс байырлайт. Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин маалыматы боюнча, өлкөдө мындан 30 жыл мурда 100гө жакын илбирс бар болчу. Ал эми учурда болжолдуу түрдө алар 500гө чукул. Белгилеп кетсек, ак илбирсти атууга 1,5 миллион сом айып каралган.

Былтыр Кыргызстандагы театрларды оңдоп-түзөөгө 323 миллион сом бөлүнгөн

Былтыр Кыргызстандагы театрларды оңдоп-түзөөгө республикалык бюджеттен 323 миллион сом бөлүнгөн. Бул тууралуу Маданият министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Алардын ичинде Бишкектеги филармония, опера жана балет театры, Кыргыз жана орус драма театрлары оңдоп-түзөөдөн өттү. Мындан тышкары аймактардагы Ош, Баткендеги маданият үйлөрү жана Кочкордогу кинотеатр жаңыланды, —… Кененирээк…

Кыргыз-тажик чек-арасындагы абалды сүйлөшүү эртең өтөт

Кыргыз-тажик чек арасындагы абалды сүйлөшүү эртең өтөт. Кыргыз делегациясынын курамына башкы прокуратура, УКМК, чек ара кызматынын, Ички иштер министрлигинин жетекчилери жана башка органдардын өкүлдөрү кирди. Эки тарап абалды турукташтыруу, коопсуздукту бекемдөө, ошондой эле чек ара иштерин жакшыртууну талкуулоо ниетинде.