Кинотеатрда тасма көрүү машыгуу залына баргандай ден соолукка пайдалуу

Кинотеатрда тасма көрүү машыгуу залына баргандай ден соолукка пайдалуу. Бул тууралуу Лондон университетинин окумуштуулары билдиришти.   45 мүнөт тасма көргөн адамдын жүрөгү машыгуу залында жеңил-желпи көнүгүүлөрдү жасаган же бир нече чакырымды жөө басып өткөндөй эле тездикте иштегенин аныкташкан. Чоң экран, тасмага берилүү, кинотеатрдагы атмосфера адамдын… Кененирээк…

Баткен районунун Көк-Таш айылынын төрт тургуну бир айга камалды

Баткен районунун Көк-Таш айылынын төрт тургуну бир айга камалды. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Дамира Юсупова билдирет. Анын айтымында, кармалгандарды суракка алганда экөөнүн жанынан тийиштүү документтери жок ок атуучу курал табылган. Ага карата соттук экспертиза дайындалды. Эске салсак, буга чейин… Кененирээк…

«Барселона» башкы машыктыруучусу Эрнесто Вальверденин эмгек келишимин жокко чыгарды

«Барселона» башкы машыктыруучусу Эрнесто Вальверденин эмгек келишимин жокко чыгарды. 55 жаштагы машыктыруучусунун келишими токтогондугун аталган клуб “Твиттердеги” баракчасына жарыялады. Вальверде 2017-жылдан бери «Барселона» командасын машыктырып келген. Анын алдында аталган команда эки жолу Испаниянын чемпиону болгон. Белгилеп кетсек, «Барселона» быйылкы сезондо 40 упайы менен тизменин сап… Кененирээк…

Социалдык өнүгүү боюнча Кыргызстан 81-орунда турат

Социалдык өнүгүү боюнча Кыргызстан 81-орунда турат. Эксперттердин билдирүүсү боюнча тизмени түзүүдө басым баштапкы билим берүү, калктын билим деңгээли, саламаттыкты сактоо жана айлана-чөйрөнү коргоонун сапаты каралды. Ошондой эле адамдын мүмкүнчүлүгүн ишке ашыруусу жана чечимди кабыл алуулар эске алынды. Өткөн жылдагы рейтингдин лидери Норвегия болду. Үчилтикке ошондой… Кененирээк…

Кыргызстандын мамлекеттик тышкы карызы 4 миллиард 503 миллион сомду түздү

Кыргызстандын мамлекеттик тышкы карызы 4 миллиард 503 миллион сомду түздү. Бул көрсөткүч өткөн жылдын ноябрына карата экендигин Каржы министрлиги билдирет. Маалыматка караганда, бир айда карыз төлөмдөрү 27 миллионго азайды. Барынан көп, тагыраагы 1,5 миллиард доллардан ашыгы кытайдын Эксим банкынын алдында. Карызды чегерүүдө өлкөнүн жарандарынын 3… Кененирээк…

ткөн жылы дүйнөдө тасмалардан түшкөн кассалык топтом 42,5 миллиард долларды түздү

Өткөн жылы дүйнөдө тасмалардан түшкөн кассалык топтом 42,5 миллиард долларды түзүп, жаңы рекорд жаратты. Бул тууралуу Variety билдирет. АКШдан башка өлкөлөрдө билеттердин сатылышы жогорулап, 31 миллиард долларды түздү. Өткөн жылда эң көп акча тапкан деп “Мстители: Финал” тасмасы аталды. Ал дүйнө боюнча 2 миллиард 790… Кененирээк…

Футзал боюнча Кыргызстандын курамасы дүйнөлүк рейтингде 44-орунга жайгашты

Футзал боюнча Кыргызстандын курамасы дүйнөлүк рейтингде 44-орунга жайгашты. Рейтингдин тизмеги “futsalworldranking” сайтында жарыяланды. Анда биздин өлкөнүн командасы 1 миң 46 упайы менен 44-орунда жайгашкан. Тизменин сап башын Бразилиянын командасы, экинчи орунду Испания, үчүнчү сапты Россиянын курамасы бекитти.

Быйыл Кыргызстанда 300 миң акылдуу эсептегич орнотулат

Быйыл Кыргызстанда 300 миң акылдуу эсептегич орнотулат. Бул тууралуу Улуттук энергетикалык холдингдин башкармалыгынын төрагасы Айтмамат Назаров билдирди. Анын айтымында, жалпы электр энергиясын колдонгон 1,5 миллион абонент бар. Алардын 215 миңине акылдуу эсептегичтер орнотулган. Аталган иштердин алкагында 2024-жылы керектөөчүлөр толугу менен камсыздалат — деди Назаров. Мекеме-ишканалар… Кененирээк…

Кыргызстандык мигрант Арсланбап айылына мектеп куруп берди

Кыргызстандык мигрант Кубатбек Досматов Арсланбап айылына мектеп куруп берди. 2 кабаттуу имарат 180 окуучуга чакталган. Билим берүү мекемесинин ачылышы кечээ болду. Беш чакырым аралыктан мектепке жөө каттаган башталгыч класстын 150 окуучусу кийинки жумадан тартып жаңы мектепте окуй башташат. Жаңы имарат Арстанбап орто мектебинин бир бөлүмү… Кененирээк…

Жашыруун ташылып жүргөн күйүүчү май табылды

Жашыруун ташылып жүргөн күйүүчү май табылды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы билдирет. Маалыматка караганда, Жайыл жана Панфилов райондорунда текшерүү иштери жүрдү. Жыйынтыгында бензинге окшош жыты бар суюк зат куюлган вагон – цистерна табылды. Ал эми документте 68 тонна «уайт-спирит» жүктөлгөнү жазылган.… Кененирээк…