Бишкектеги суук 22-январда кайтат. Бул тууралуу синоптиктер билдирет

Бишкектеги суук 22-январда кайтат. Бул тууралуу синоптиктер билдирет. Алар белгилешкендей, бүгүн түндө термометр мамычалары -8ге чейин түшүп, кар жаайт. Эртең күн бою асманды булут каптайт. Кар түнгө чейин токтобой тынымсыз жаашы күтүлүүдө. Ал эми жумадан баштап шаардыктарды ачык аба-ырайы сүйүндүрөт. А бирок суук кийинки шейшембиден… Кененирээк…

Кыргызстан менен Тажикстандын чектешкен аймагында жер титирөө катталды

Кыргызстан менен Тажикстандын чектешкен аймагында жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет. Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө бүгүн, түштөн кийин катталып, очогунда күчү 4 баллга жетти. Зилзала Алай районунун Бор-Дөбө айылында 4 балл, Кара-Киндик, Сары-Таш, Нура айылдарында 3 баллга… Кененирээк…

Улуу Британиялык Крис Хилл интернетте “Планетадагы эң токтоо адам” деп аталды

Улуу Британиялык 52 жаштагы Крис Хилл интернетте “Планетадагы эң токтоо адам” деп аталды. Мындай жыйынтыкка социалдык тармактын колдонуучулары Twitter ге жарыяланган видеодон кийин келишти. Портсмут шаарындагы тез тамактануучу жайда Крис жаңжалдуу мушташка күбө болгон. Ал эми интернет колдонуучуларды анын каамырабаган, сабырдуу мүнөзү таң калтырды. Ал… Кененирээк…

ытайдан тарап жаткан коронавирустун белгилери айтылды

Кытайдан тарап жаткан коронавирустун жаңы түрү алгачкы этабында дене табынын көтөрүлүшү жана жөтөл менен коштолот. Мындай маалыматты Ухань шаарынын саламаттыкты сактоо комитети жарыялады. Декабрдын аягында аталган шаардын Хубей провинциясында белгисиз пневмониянын учуру катталды. Эксперттер болжолдуу түрдө оорунун себептери коронавирустун жаңы түрү экендигин айтышууда. 11-январга карата… Кененирээк…

Өзгөндөгү борбордук базардын жанындагы өтмөк пайдаланууга берилбей келет

Өзгөндөгү борбордук базардын жанындагы өтмөк пайдаланууга берилбей келет. Анын курулуш иштери 3 жыл мурда башталып, бүгүнкү күндө толугу менен аяктаган. Сметалык баасы 8,5 миллион сомду түзөт. Мамлекеттик экотех инспекциянын аталган шаар боюнча башчысы Султанбек Байымбетов өтмөк курулуштардагы кемчиликтерден улам кабыл алынбай жатканын билдирди. Жер үстүнөн… Кененирээк…

Сокулук районунун айылдары таза суу менен камсыздалды

Сокулук районунун Маловодное ана Новое айылдары таза суу менен камсыздалды. Тул тууралуу “Турмуш” басылмасы билдирет. Маалыматка караганда, ага жалпысынан 65 миллион сом сарпталды. Ал эми аталган айылдарда 3 миңге жакын калк жашайт.  

Япониянын айлана-чөйрөнү коргоо министри баласын кароо үчүн декреттик өргүүгө чыгууга ниеттенүүдө

Япониянын айлана-чөйрөнү коргоо министри Коидзуми Синдзиро январда жарыкка келе турган тун баласын кароо үчүн декреттик өргүүгө чыгууга ниеттенүүдө. Коидзуми башка кесиптештерин дагы бала багуу үчүн тартынбай эле эмгек өргүү алууга чакырды. Министр үч айдын ичинде жалпы жонунан эки жумалык өргүүгө чыгат. Ал иш токтоп калбаш… Кененирээк…

Жайга карата ордо калаада суу оргумаларын даярдоо башталды

Жайга карата ордо калаада суу оргумаларын даярдоо башталды. “Тазалыктын” 11 кызматкери шаардык резервуарларды пландык ремонттон өткөрүшүүдө. Алар жабдуулардын абалын текшерип, оңдоо жана тазалоо иштерин жүргүзүп жатышат. Салтка айлангандай суу оргумалары майдан баштап иштеп баштайт. Белгилеп кетсек, мэриянын балансында жалпы 16 фонтандык комплекс бар.

Чүй облусунун Орловка шаарында эки көчөгө асфальт төшөлдү

Чүй облусунун Орловка шаарында эки көчөгө асфальт төшөлдү. Бул тууралуу аталган шаардык мэриядан билдиришти. Маалыматка караганда, жергиликтүү бюджеттен 19 миллион сом бөлүнүп, жаңы курулган 3 чакырым жолго асфальт төшөлүп, 4 көчө оңдолду. Буга чейин аталган шаардагы 2 көчө 30 жылдан бери ремонттолбой келген.

Акыркы беш жылдын ичинде 22 миңден ашык адам кыргыз жарандыгын алды

Акыркы беш жылдын ичинде 22 миңден ашык адам кыргыз жарандыгын алды. Алардын басымдуу бөлүгү Өзбекстан жана Тажикстандан келген этникалык кыргыздар экенин Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти. Белгилеп кетсек, ар жылда миңдеген адамга кыргыз жарандыгы берилет. 2019-жылдын эсебинен акыркы ирет 978 адам Кыргызстандын жараны болду. Белгилеп кетсек,… Кененирээк…