Жол кыймылынын бир нече эрежелерин бузуу боюнча айыптын көлөмү азайды

Жол кыймылынын бир нече эрежелерин бузуу боюнча айыптын көлөмү азайды. Тиешелүү мыйзамга президент Сооронбай Жээнбеков кол койду. Ага ылайык, айрым эрежелер бузулса айып пулдун көлөмү 3 миң сомдон 1 миңге чейин төмөндөтүлөт. Алардын ичинде, жол белгилеринин жана трассалардагы чийиндердин талаптарын аткарбоо, токтоо эрежелерин бузуу, коопсуз… Кененирээк…

Келээрки окуу жылына чейин Кыргызстанда дагы 31 мектеп интернетке кошулат

Келээрки окуу жылына чейин Кыргызстанда дагы 31 мектеп интернетке кошулат. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинин маалымат менен камсыздоо секторунун башчысы Расул Маматов novosti.kg ге билдирди. Анын айтымында, өлкөнүн алыс аймактарында жайгашкан райондорго кабелдерди тартуу кыйын болууда. Учурда бул кырдаал боюнча иштер жүрүп жатат. Кошумчаласак, учурда… Кененирээк…

Кыргызстанда февраль жылуу болот

Кыргызстанда февраль жылуу бооору күтүлүүдө. Синоптиктер кыштын акыркы айына карата болжолдуу аба-ырайы тууралуу маалымат таратышты. Анда өлкөнүн түндүгүндө температура -1ден +9га чейин жогорулайт. Түндө термометр мамычалары -16дан ылдый түшпөйт. Ал эми түштүк аймактарында +13 градус болушу күтүлөт. Түнкүсүн -8ге чейин абанын табы түшөт. Ошондой эле… Кененирээк…

Тайландда пилдер мектепке барышат жана иштешет

Тайландда пилдер мектепке барышат жана иштешет. Аталган өлкөдө 20 миңден ашык пил бар. Алар атайы фермаларга жайгаштырылган. Жаныбарлардын ишмердүүлүгү ар түрдүү, кадимки тазалагычтан артистке чейин. Учурда Тайланддын көчөлөрүн каптаган суудан пилдер арылтууда. Алар дарактарды түп тамыры менен жулуп, ирээттүү атайы үймөккө чогултушат. Алп жандыктар күнүнө… Кененирээк…

Кыргызстанда синтетикалык тор жана электр тогу менен балык кармоого тыюу салынды

Кыргызстанда синтетикалык тор жана электр тогу менен балык кармоого тыюу салынды. Аталган мыйзам Жогорку Кеңеште үчүнчү окууда 108 добуш менен кабыл алынды. Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын төрагасынын орун басары Расулбек Артыкбаев мыйзамсыз аңчылык боюнча 302 административдик иш ачылганын билдирди. Ал эми келтирилген… Кененирээк…

Короновирус Кыргызстандыктарга коркунуч жаратпайт

    Кытайдын Ухань провинциясында катталган короновирус Кыргызстандыктарга коркунуч жаратпайт. Бирок абалды ар дайым көзөмөлдөө керек. Бул тууралуу novosti.kg ге Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти бөлүмүнүн жетекчиси Динара Оторбаева билдирди. Анын айтымында, вирустун башкы булагы катары деңиз азыктары эсептелет. Эгерде Кыргызстандыктар Уханга… Кененирээк…

Билли Айлиш Джеймс Бонд тууралуу тартылчу тасмада башкы музыкалык композицияны аткарат

Америкалык 18 жаштагы ырчы Билли Айлиш Джеймс Бонд тууралуу тартылчу тасмада башкы музыкалык композицияны аткарат. Ал Агент 007 тууралуу тартылган тасмада саунтректи аткарган эң жаш ырчы болуп калды. Джеймс Бонд тууралуу тартылчу 25-фильм “Жан берүү убактысы эмес” деп аталып, башкы ролду Дэниел Крейг аткармакчы.

Тамирлан Козубаев  карьерасын Индонезиянын Жогорку Лигасында улантат

Футбол боюнча улуттук курама команданын коргоочусу Тамирлан Козубаев карьерасын Индонезиянын Жогорку Лигасында улантат. Футбол федерациясынын маалыматына ылайык, Козубаев «Персита Тангеранг» клубу менен 1 жылга келишим түздү. Буга чейин ал «Дордой» жана «Алга» клубдарында ойноп келген Футболчу Кыргыз улуттук курама командасы менен Азия Кубогунда 4 оюнга катышкан.

Жалал-Абад шаарында 10 мектепте “Электрондук күндөлүк системасы” иштеп баштады

Жалал-Абад шаарында 10 мектепте “Электрондук күндөлүк системасы” иштеп баштады. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, электрондук күндөлүктүн жардамы менен ата-энелер балдарынын мектепке келген убагынан тарта сабакка катышуусун, предметтик бааларын жана окуудагы жетишкендиктерин онлайн форматта билип турушмакчы. Бул жаңычылдык өткөн жылдын ноябрь айынан тарта иштей… Кененирээк…

Таластан табылган илбирсти дарылоого каражат топтоо үчүн эсеп ачылды

Таластан табылган илбирсти дарылоого каражат топтоо үчүн эсеп ачылды. Бул тууралуу Айлана-чөйрөнү коргоо агенттигинен билдиришти. Маалыматка караганда, ага каалоочулардын бардыгы каражат которо алат. Ал эми агенттик жаныбардын абалы тууралуу, юридикалык жана жеке жактардан түшкөн каражат боюнча маалымат берип турат. Учурда аталган агенттик укук коргоочулар менен… Кененирээк…