Кытайда балдардын төрөлүшү эң төмөнкү чекке жетти

Кытайда балдардын төрөлүшү эң төмөнкү чекке жетти. Өлкөнүн Улуттук статистика бюросунун маалыматына ылайык, былтыр 14,5 миллиондон ашык бала төрөлгөн жана бул 70 жыл мурдагыга караганда жарым миллиондой аз дегенди билдирет. Кытай элинин саны боюнча дүйнөдө биринчи орунда турат жана ушул өлкөдө учурда 1,4 миллиарддай адам… Кененирээк…

АКШда жатып иштөө үчүн жумшак отургучтар жасалды

АКШда жатып иштөө үчүн жумшак отургучтар жасалды. Конструкция толук кандуу иштөөгө ылайыкташтырылган. Анда горизанталдык абалда иштөөгө жакшы мүмкүнчүлүктөр каралды. Мисалы компьютердин монитору тиешелүү жерине бекем орнотулат. Ошондой эле клавиатура жана чычканчаны магнит тартып турат. Жабдууну түзүүчүлөрдүн айтымында, мындай абалда иштөөдө кан айлануу жакшырып, физикалык басым… Кененирээк…

Өзгөн районунун Прогресс айылында 13 миллион сомдук бала бакча ачылды

Өзгөн районунун Прогресс айылында 13 миллион сомдук бала бакча ачылды. Эки кабаттуу имарат 150 орунга ылайыкташкан. Учурда жаңы бакчага 80 бөбөк кабыл алынды. Мындан тышкары, анда мектепке чейинки даярдоо курсун орус тилинде ачуу пландалып жатат. Курулуш иштерине жумшалган каражатты жеке ишкер бөлүп берди. Эске салсак,… Кененирээк…

Жаңы мыйзамда 15 күнгө чейин арзандатуу нормасы күчүндө

Айрым жол кыймылынын эрежелерин бузуу боюнча айып төмөндөтүлгөндөн кийин 15 күнгө чейин арзандатуу нормасы күчүндө. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугунун башкы башкармалыгынын басма сөз катчысы Тилек Оторов Novosti.kg ге билдирди. Анын айтымында, айыптын төмөндөтүлүшү административдик жазанын көлөмүнө гана тиешелүү. Эске салсак, жол белгилерине баш ийбөө… Кененирээк…

Instagram жеке билдирүү жиберүүнүн веб-версиясын сынакка койду

Instagram жеке билдирүү жиберүүнүн веб-версиясын сынакка койду. Азыр бул саналуу гана колдонуучуларга жеткиликтүү. Компьютердик адаптацияда билдирүүнүн сервиси өзгөрбөйт: колдонуучунун баракчасынан да, билдирүү бөлүмүнөн да топ түзүп же жаңы маек баштоого болот. Аны менен катар сүрөт жиберип жана окулбаган билдирүүлөргө көз салуу мүмкүнчүлүгү бар. Сайттан келген… Кененирээк…

ишкекте футбол боюнча Кыргызстандын курамасынын оюнчулары менен фан — жолугушуу өтөт

Бишкекте футбол боюнча Кыргызстандын курамасынын оюнчулары менен фан — жолугушуу өтөт. Ошондой эле башкы машыктыруучу Александр Крестинин дагы иш-чарага катышат. Бул тууралуу Футбол федерациясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, эртең ордо калаадагы соода борборлорунун биринде улуттук кураманын оюнчуларын сыйлоо аземи өтүп, футболчулар күйөрмандардын суроолоруна жооп беришет.

Дарыгерлер менен урушуп, жаңжал чыгаргандар жазаланат

Дарыгерлер менен урушуп, жаңжал чыгаргандар жазаланат. Тиешелүү мыйзам долбоор Жогорку кеңеште каралды. Документке ылайык, медицина кызматкерине жашы жете элек өспүрүм тарабынан терс көрүнүштөр катталса айыптын көлөмү 15 миң сомду түзөт. Ошондой эле 30 сааттык коомдук иштерге тартылат. Ал эми чоң адам тарабынан жаңжал чыгаруу катталса… Кененирээк…

Самат Курманкуловдун ден соолугу жакшырууда

Самат Курманкуловдун ден соолугу жакшырууда. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Курманкуловдун колу, бутунун иштөөсү баштапкы калыбына келди. Анын дарылануусу болжол менен марттын аягына чейин уланмакчы. Ага өкмөттөн каражат бөлүнгөн. Эске салсак, 7-августта Кой-Ташта кагылышуу болуп, андан улам  Чүй облусунун ички иштер башкармалыгынын… Кененирээк…

Түндүк — Түштүк трассасы 2021-жылдын жайында ишке берилет

Түндүк — Түштүк трассасы 2021-жылдын жайында ишке берилет. Бул тууралуу Унаа жана жолдор министринин орун басары Бакыт Бердалиев билдирди. Анын айтымында, Балыкчы менен Жалал-Абадды байланыштыруучу альтернативалык магистралдын курулушу 2014-жылы башталган. Анын узундугу 433 чакырымды түзөт. Көк-Арт ашуусунда 3 мин 890 метрлик тоннель курулуп, ал  Фергана… Кененирээк…