Америкада ачык жашыл түстөгү күчүк жарыкка келди

Америкада ачык жашыл түстөгү күчүк жарыкка келди. Анын видеосу YouTube каналына жарыяланды. Кожойке мындай көрүнүштөн улам тынчсызданып, ветеринарга кайрылган. Адис өттөгү суюктуктун көптүгүнөн улам түйүлдүк кезинде эле терисинде жашыл түс арбыныраак боло баштаганын билдирди. Ал сейрек кездешкен мындай өң акырындап өчүп отуруп, териси кадимки эле… Кененирээк…

Кыргызстандык футболчу карьерасын Мальдив аралдарынын чемпионатында улантат

Кыргызстандык футболчу карьерасын Мальдив аралдарынын чемпионатында улантат. Жарым коргоочу Бектур Амангелдиев Мальдив аралдарынын Коргоо министрлигинин FC MNDF клубу менен келишим түздү. Учурда 21 жаштагы оюнчу жаңы клубдагы карьерасын ийгиликтүү баштады.

Ош шаарынын бюджети 195 миллион сомго көбөйөт

Ош шаарынын бюджети 195 миллион сомго көбөйөт. Бул тууралуу  аталган шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка караганда, 2020-жылга жергиликтүү бюджетти 1 миллиард 322 миллион сомго бекитүү сунушталууда. Бул былтыркы жылга салыштырмалуу 195 миллион сомго көп. Билдирүүгө ылайык, мэр Таалайбек Сарыбашов тиешелүү кызматтарга жергиликтүү бюджеттин… Кененирээк…

Каникул учурунда мугалимдердин эмгек акысы сакталат

Каникул учурунда мугалимдердин эмгек акысы сакталат. Мындан улам аларга 2020-жылдын 1-январдан 13үнө чейинки күндөр үчүн айлык төлөнөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады. Өкмөттүн токтомуна ылайык, мектеп педагогдорунун маянасы иш жүзүндөгү иштеген сааттары боюнча саналат. Учурда январь үчүн билим берүү… Кененирээк…

Бишкек мэриясы мыйзамсыз орнотулган 2 миң 659 объектилерди алды

Бишкек мэриясы мыйзамсыз орнотулган объектилерди бузууну улантып жатат. Муниципалитеттин маалымат кызматы билдиргендей, Ататүрк паркында мыйзамсыз орнотулган аттракциондорду бузуу иштери башталды. Аталган сейил бакта жалпы 28 аттракцион бар. Мындан тышкары 4-кичи райондогу мыйзамсыз орнотулган күркө алынды. Түшүндүрүү иштеринен кийин Некрасов менен Абдыкадыров көчөлөрүнүн кесилишиндеги жана Патриса Лумумба… Кененирээк…

Чек ара кызматы Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолундагы жагдайга түшүндүрмө берди

Чек ара кызматы Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолундагы жагдайга түшүндүрмө берди. Маалыматка караганда, аталган трассада Казакстанга тиешелүү 800 метр аймак бар. Казак тарап ошол аймакты убактылуу зым менен тосту жана алардын аймагында жайгашкан 2 май куюучу жайларга кирүүгө тыюу салды. Ошону менен бирге транзиттик жол ачык бойдон… Кененирээк…

“Инфоком” мамлекеттик ишканасы “Санарип ID” долбоорун жайылтуу ниетинде

“Инфоком” мамлекеттик ишканасы “Санарип ID” долбоорун жайылтуу ниетинде. Маалыматка караганда, виртуалдуу паспорт бирдиктүү системада ишке ашат. Бул смартфондогу паспорт дегенди түшүндүрөт. Анда мамлекеттик кызматтарга, бейтапканаларга, мектепке онлайн жазылууга мүмкүнчүлүк берет. Ошондой эле интернет-банкинг кызматы дагы жеткиликтүү болот. Аталган долбоор ушул жылдын апрель айында ишке кириши… Кененирээк…

Улуттук банкта маалыматтарды иштеп чыгуу борбору ишке кирди

Улуттук банкта маалыматтарды иштеп чыгуу борбору ишке кирди. Аталган банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов “Дата борбору” Орто Азиядагы жалгыз борбор экенин билдирди. Анын айтымында, жаңычылдык төлөмдөр жана соода системаларынын, мамлекеттер аралык төлөмдөр жана эсептешүүлөр үчүн иштелип чыкты. Мындан тышкары, электрондук документ жүгүртүү, «Түндүк» ведомстволор аралык өз… Кененирээк…