WhatsApp эң көп жолу жүктөлгөн мессенджер болуп калды

WhatsApp эң көп жолу жүктөлгөн мессенджер болуп калды. Тиркемени а Android платформасына 5 миллиард жолу жүктөлдү. Эксперттер мындай ийгиликти Facebook,  Samsung жана башка компаниялар ортосундагы өнөктөштүгү менен байланыштырууда.   Учурга карата мессенджердин активдүү колдонуучуларынын саны 1,5 миллиардка жетет.

Бишкектиктер жашаган районунун инфраструктурасын шаар бюджетинин эсебинен жакшыртып алса болот

Бишкектиктер жашаган районунун инфраструктурасын шаар бюджетинин эсебинен жакшыртып алса болот. Бул тууралуу экономикалык жана каржы саясаты боюнча Алмаз Бакетаев билдирди.   Анын айтымында, тургундар өз долбоорлорун депутаттык корпустар боюнча тартуулап, аларды ишке ашыруу үчүн каржылоо ала алышат. Мындай демилгелерге шаар бюджетинен 150 миллион сом каралган.

Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу материалдардын жетишсиздиги катталган жок

Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу материалдардын жетишсиздиги катталган жок. Мунай ташуучулар ассоциациясынын маалыматына ылайык, республикага  973 миң тонна мунай продукциясы алынып келинди. Анын негизги бөлүгү Россиядан келет.   Эки өлкөнүн ортосунда жетишилген макулдашууга ылайык, Кыргызстан экспорттук төлөмдөрдөн боштулган.   Бул болсо, былтыр 27 миллион доллар үнөмдөөгө шарт түздү.… Кененирээк…

Ала-Бука районунун ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери пара алып жаткан жеринен кармалды

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери пара алып жаткан жеринен кармалды. Улуттук коопсуздук комитетинин маалыматына ылайык, тергөөчү жана милиция кызматкери кошуналар ортосунда мушташ чыгуу фактысы боюнча соттук териштирүүнү токтотуу үчүн акча талап кылышкан.   Алар 35 миң сом алып жаткан жеринен колго түшүрүлдү.… Кененирээк…

Бишкек мэриясы акысыз муз майданын ачты

Бишкек мэриясы акысыз муз майданын ачты. Бул тууралуу 24 агенттигине “Шаар парктары” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Калича Умуралиева билдирди. Анын айтымында, муз майданы “Молодежный” эс алуу багында иштеп жатат.   Каалоочулар анда акысыз муз тебе алышат. Коопсуздукка атайын нөөмөт бригадасы көз салууда. Белгилеп кетсек, эс алуу… Кененирээк…

Ордо калаада көчө жарыгын ремонттоо уланууда

Ордо калаада көчө жарыгын ремонттоо уланууда. Мэриянын маалыматына ылайык, жаңы жарык диоддук лампалар Жумабек, Кулиев, Байтик Баатыр, Абдрахманов көчөлөрүндө, Манас проспектинде орнотулду.   Жаңы чырактар жакшы жарык берүүгө ылайыкталып, көпкө колдонулат.

Бишкектин көчөлөрүн калыбына келтирүүнүн экинчи фазасы мартта башталат

Бишкектин көчөлөрүн калыбына келтирүүнүн экинчи фазасы мартта башталат. Бул тууралуу novosti.kgге Капиталдык курулуш башкармалыгынан билдиришти. Учурда аткаруучу компанияны аныктоого сынак жарыяланды.   Күтүлгөндөй, күн жылыганга чейин бардык даярдык иштер соңуна чыгат. Эске салсак, долбоордун экинчи фазасынын алкагында 60 көчө ремонттолот. Кытайлык гранттын эсебинен аткарыла турган… Кененирээк…

Мугалимдер, дарыгерлер, артисттер, окумуштуулар, юристтер жана чиновниктер Сооронбай Жээнбековдун колунан мамлекеттик сыйлыктарды алышты

Мугалимдер, дарыгерлер, артисттер, окумуштуулар, юристтер жана чиновниктер Сооронбай Жээнбековдун колунан мамлекеттик сыйлыктарды алышты. Республиканын социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий өнүгүшүнө салымын кошкон кыргызстандыктарды сыйлоо боюнча жарлыкка жаңы жлыдын алдында, 30-декабрда кол коюлган.   Жалпысынан, тизмеге 100дөн ашуун адам кирди.   Өзгөчө белгиленгендерге үчүнчү даражадагы “Манас” ордени,… Кененирээк…

Өлкөдө көмүргө баалар төмөндөп жатат

Өлкөдө көмүргө баалар төмөндөп жатат. Улуттук статистика комитетинен билдиришкендей, январда кара отундун бир тоннасынын баары декабрга салыштырмалуу, 51 сомго арзан болду. Учурда эң жогорку баалар Ноокатта, Баткенде, Кара-Сууда жана Исфанада – тоннасына 7 миң 611 сомго чейин.   Эң төмөн баалар Балыкчыда, Нарында жана Чаек… Кененирээк…

Тышкы иштер министрлиги чет элдик жарандар үчүн визалардын жаңы түрүн киргизди

Тышкы иштер министрлиги чет элдик жарандар үчүн визалардын жаңы түрүн киргизди. Эми аларды Интернеттен эле, Кыргызстандын чет мамлекеттердеги дипломатиялык өкүлчүлүгүнө кайрылбай эле алса болот.   Документтер чет элдиктерге дагы, биздин өлкөнүн мурдагы жарандарына дагы жеткиликтүү. Өзгөчө көңүл “тоо туризми үчүн виза” категориясына берилет. Аны менен… Кененирээк…