Амстердам бийлиги жаштардын карызын жаап берет

Амстердам бийлиги жаштардын карызын жаап берет. Бул үчүн ар бирине  750 евродон ыйгарылат. Долбоор февралда старт алат. Бардык катышуучуларга жеке карыздардан кутулуп, окууга өтүү үчүн план даярдоого жардам берген адам бекитилет.   ММКлар жазышкандай, Европа калкынын карыздары көп болуп кеткендиктен, жаштар окубай, андан кийин иштебей… Кененирээк…

Өлкөдө автогаздын тартыштыгы байкалууда

Өлкөдө автогаздын тартыштыгы байкалууда. Бул тууралуу Мунай ташуучулар ассоциациясынын аткаруучу директору Канат Эшатов билдирди. Анын айтымында, автогаздын партиясы Казакстан менен чектеш аймакта турат.   Айрым  май куюу жайларында газ калбай калса, кээ бирлеринде  кезекке тургандар көбөйүүдө.

Талас районунда дарыя ташып, Каракол айылынын бир бөлүгүн суу каптады

Талас районунда дарыя ташып, Каракол айылынын бир бөлүгүн суу каптады. Бул тууралуу “Турмуш” агенттигине райондун акими Замир Сыдыков билдирди. Анын айтымында, агын катуу болуп, 14 үйдүн короосуна суу кирди.   Жабыркагандар жок. Учурда жеринде жарандык коргонуу комиссиясы иштеп, чыгымдарды тактап жатат. Атайын техниканын жардамы менен… Кененирээк…

Кыргыз-казак чек арасында кезекте турган айдоочулар үчүн чатырлар тигилди

Кыргыз-казак чек арасында кезекте турган айдоочулар үчүн чатырлар тигилди. Вице-премьер-министрлер Жеңиш Разаков менен Замирбек Аскаров “Ак-Тилек” өткөрүү түйүнүнө барып, жүк ташуучулар менен жолугушту.   Казак тараптын кошумча текшерүүлөрүнөн улам Ысык-Ата районундагы өткөрмө бекетте оор жүк ташуучу машинелердин тыгыны пайда болууда. Кезекте турган унаалардын саны 100дөн… Кененирээк…

Кыргызстан жана Тажикстан чектеш тилкелерди алмашууга макулдашты

Кыргызстан жана Тажикстан чектеш тилкелерди алмашууга макулдашты. Вице-премьер-министр Жеңиш Разаковдун айтымында, кеп, Арык-Асты жана Самаркандек тилкелери тууралуу болуп жатат. Чиновник белгилегендей, Тажикстандын жумушчу тобу менен жолугушуу эртең Бишкекте өтөт.   Эске салсак, кыргыз-тажик чек арасынын жалпы узундугу 970 чакырымды түзөт. Анын  60 пайызы дагы эле… Кененирээк…

Германияда балдар жана иттер үчүн атайын мектеп ачылды

Германияда балдар жана иттер үчүн атайын мектеп ачылды. Бул жерде адимстер аларды бирин бири түшүнүүгө, бир команда болууга үйрөтүшөт. Сабакка чоңдор дагы, балдар дагы келишет үй жаныбарлары менен келе алат.   Иттер күтүүгө, бир нерсеге көңүл бөлүүгө, чыдамкайлыкка үйрөтүлөт. Курстардын акырында балдарга ит менен байланышууга… Кененирээк…

“Коопсуз шаар” долбоорунун экинчи этабынын алкагында камераларды орнотуу жазында башталат

“Коопсуз шаар” долбоорунун экинчи этабынын алкагында камераларды орнотуу жазында башталат. Бул тууралуу novosti.kgге Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинен билдиришти.   Учурда аткаруучу компания уруксаат берүүчү документтерди тиешелүү органдардан алып жатат. Долбоор күзгө чейин ишке ашырылат. Эске салсак, экинчи этаптын алкагында камералар Бишкек, Ош шаарларында,… Кененирээк…

Кыргызстанда жолдордун паспортизациясы жүрүүдө

Кыргызстанда жолдордун паспортизациясы жүрүүдө. Унаалар жана жолдор министрлигинин маалыматына ылайык, иштер атайын көчмө лабораториянын жардамы менен аткарылып жатат.   Адистер GPS-координаттарды аныктап, жаңы курулган жолдордун сапатын анализдешүүдө. Алынган жыйынтыктар кийин жолдорду ремонттоону пландаштырууга жана республика трассаларынын абалы боюнча маалымат алууга шарт түзөт. Бүгүнкү күнгө карата… Кененирээк…

Россияда мигранттарга жардам көрсөтүү үчүе чалуу борбору ишке кирди

Россияда мигранттарга жардам көрсөтүү үчүе чалуу борбору ишке кирди. Мигранттардын федерациясынан билдиришкендей, байланыш линиясындагы кызматкерлер Россиянын миграциялык жана эмгек маселелери боюнча мыйзамдары менен таанышууга жардам көрсөтөт.   Борбордун адистери аларга кайрылган ар бир адамды угуп юридикалык кеңеш берип, документтер жоголгондо кайда кайрылуу керектигин айтып беришет.… Кененирээк…

Кыргызстандык суучул Денис Петрашов эл аралык турнирден күмүш медаль багындырды

Кыргызстандык суучул Денис Петрашов эл аралык турнирден күмүш медаль багындырды. Мелдештер Швейцарияда жыйынтыкталды. Петрашов 50 метр аралыкты брасс ыкмасы менен сүзүп, экинчи орунга татыктуу болду.   Белгилеп кетсек, Денис Петрашов Олимпиада оюндарына жолдомонун ээси.