Баткенде ок тийген аскер кызматкеринин абалы канааттандырарлык

Баткенде ок тийген аскер кызматкеринин абалы канааттандырарлык. Бул тууралуу “Азаттыкка” Генералдык штабдын басма сөз кызматынын өкүлү Сүйүнбек Абдырачалов билдирди.   Анын айтымында, окуя кечээ №30630 аскер бөлүгүндө болду. Келишимдик негизде кызмат өтөп жаткан ефрейтор оң жак билегине октон жараат алган. Окуяга байланыштуу кызматтык иликтөө жүрүп… Кененирээк…

Индияда кудасы менен кудагыйы качып, балдарынын үйлөнүү тоюун үзгүлтүккө учуратты

Индияда кудасы менен кудагыйы качып, балдарынын үйлөнүү тоюун үзгүлтүккө учуратты. Жергиликтүү ММКлар жазышкандай, 48 жаштагы жеке ишкер жана анын 46 жаштагы кошунасы жакын мамиледе болушкан.   Алардын баласы менен кызы баш кошууну чечишкенин угуп, бирге из суутту. Ал эми болочоктогу колуктулар, ата-энеси кайтып келгенче, үйлөнбөй… Кененирээк…

Коррупцияны кабыл алуу индекси боюнча Кыргызстан 180 өлкөнүн арасынан 126-орунга жайгашты

Коррупцияны кабыл алуу индекси боюнча Кыргызстан 180 өлкөнүн арасынан 126-орунга жайгашты. Былтыр өлкө 132-орунда болчу. “Transparency International” уюму жылдык изилдөөсүндө дүйнө өлкөлөрүндөгү мамлекеттик сектордогу коррупциянын деңгээлине баа берет.   Кыргызстан бул ирет 100 баллдык системада   30 упай алды. Мурдагы советтик республикалардан Украина Кыргызстан менен бир… Кененирээк…

Бишкекте жарандардын биометрикалык маалыматын чогултуу жүрүүдө

Бишкекте жарандардын биометрикалык маалыматын чогултуу жүрүүдө. Мэрия бул максатта 4 түйүн ачты. Алар Ак-Босого конушундагы №16 жергиликтүү аймактык башкармалыкта, Дордой конушундагы №94 мектепте, Кара-Жыгачтагы №6 жергиликтүү башкармалыкта жана Жакйыл баатыр көчөсү 132 дарегиндеги башкармалыкта орун алды.   Жеке маалыматтарын тапшырууну каалагандар паспорту менен келиши керек.… Кененирээк…

Кыргызстандын бардык май куюу станцияларында жаңы система менен иштөөгө даярдыктар көрүлүүдө

Кыргызстандын бардык май куюу станцияларында жаңы система менен иштөөгө даярдыктар көрүлүүдө. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Кабыл Абдалиев билдирди.   Ал эске салгандай, ушул жылдын 1-июлунан тарта май куюучу жайларда мунай заттарын эсептөөнүн автоматташтырылган системасы колдонула баштайт. Жаңы талаптар өлкөгө  ташылып келген, сакталган, сатылган,… Кененирээк…

Кыргызстанга коронавирустун келишине ыктымалдар бар

Кыргызстанга коронавирустун келишине ыктымалдар бар. Бул Кытай менен биздин өлкөнүн ортосундагы мигранттардын жана туристтердин чоң агымына байланыштуу, — дешти Бишкектин санэпидем көзөмөл инспекциясынан.   Вирустун жаңы түрүнө даяр болуу үчүн дарыгерлер кызматтын күчөтүлгөн тартибинде иш алып барууда. Жарандарга өздүк гигиенаны сактап, эл көп чогулган жерлерге… Кененирээк…

Дүйнөнүн эң кымбат бренддери аталды

Дүйнөнүн эң кымбат бренддери аталды. Тизменин сап башында америкалык интернет-дүкөн Amazon жайгашат. Анын баасы 200 миллиард доллардан ашат. Google технологиялык компаниясы үчүнчү орундан экинчиге көтөрүлдү.   Анын наркы   160 миллиард долларды түзөт. Лидерлердин үчилтигин Apple жабат. Стив Джобс түптөгөн компания 140 миллиард долларга бааланат.

Аба-ырайынын начар шарттарынан улам, “Манас” эл аралык аэропортунда каттамдар кармалууда

Аба-ырайынын начар шарттарынан улам, “Манас” эл аралык аэропортунда каттамдар кармалууда. Аба майдандын басма-сөз кызматынан билдиришкендей, аэропорттун аймагында түнкү саат 3төн бери калың туман болууда.   Андан улам, Москва-Бишкек-Москва, Ташкент-Бишкек-Ташкент, Бишкек-Ош багыттары боюнча учактар асманга көтөрүлгөн жок. Жүргүнчүлөр сапарга чыгардын алдында аба майданына чалып, каттамы тууралуу… Кененирээк…

Милиция Эркин-Сай айылында эки кыздын уурдалышы боюнча маалыматты текшерүүдө

Милиция Эркин-Сай айылында эки кыздын уурдалышы боюнча маалыматты текшерүүдө. Белгисиз адамдар кара машине менен мектеп окуучуларын уурдоого аракет кылганын көрсөткөн видео интернетте кечээ таркады.   Чүй облусунун ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, тартип сакчылар кыздар менен алардын ата-энесинин көзүнчө сүйлөштү. Алардын билдирүүлөрүндө дал келбестиктер болууда. Андан… Кененирээк…