Кыргызстандык Ильзат Ахмедов Россияда эң кымбат футболчулардын рейтингинде

Кыргызстандык Ильзат Ахмедов Россияда эң кымбат футболчулардын рейтингинде. Азыркы тапта оюнчу 7,5 миллион еврого бааланууда. Ал «Рубинден» кеткен учурда 400 миң еврого бааланып жаткан. Бир жарым жыл аралыгында ЦСКАнын жарым коргоочусунун баасы 7,5 миллион еврого чейин өстү. Анда биздин мекендеш 20-сапка жайгашты. Ал эми рейтингдин… Кененирээк…

“Түндүк электр” ишканасынын 6 миңге жакын керектөөчүсү электр энергиясыз калышы ыктымал

“Түндүк электр” ишканасынын 6 миңге жакын керектөөчүсү электр энергиясыз калышы ыктымал. Аталган ишкананын маалыматы боюнча, карыз көлөмүнө жараша керектөөчүлөргө 3-февралда электр кубатын берүү чектелет. Мындай ыңгайсыздыкты болтурбоо үчүн “Түндүк электр” шаардыктарды карызды төлөөгө чакырат. Ал эми төлөмдөрдү терминал жана электрондук капчык аркылуу жүргүзсө болот.

Адамдар короновирустан коргонуу үчүн башына желим бөтөлкө кийишти

Социалдык тармактарда коронавирустан коргонуу үчүн башына желим бөтөлкө кийген кишилердин сүрөт, видеосу жарыяланды. Сүрөттөр Ванкувер шаарындагы эл аралык аэропортто тартылган. Вирустан мындай жол менен коргонуу дарыканаларда бет кап тартыштыгынан жаралышы мүмкүндүгү айтылат. Башка кадрлардан Гонконг менен аба майданынын жүргүнчүлөрүн көрүүгө болот. Видеодон адамдар 5 литрлик… Кененирээк…

Бишкектеги №5-бала бакча эскертүүсүз ишин токтотту

Бишкектеги №5-бала бакча эскертүүсүз ишин токтотту. Бул тууралуу “Акипресс” жазат. Маалыматка караганда, мектепке чейинки даярдоо мекемесинин кызматкерлери “карантин” деген тактайча илип балдарды кабыл алышкан эмес. Муну мэриянын Билим берүү башкармалыгы тастыктады. Анда кызматкерлердин санын көбөйтүү иштерине байланыштуу  аталган бакча иштеген жок деп түшүндүрүштү башкармалыктан. Мекеме… Кененирээк…

Кытай бийлиги коронавирустун жайылышы кайсы айда токтой турганын айтты

Кытай бийлиги коронавирустун жайылышы кайсы айда токтой турганын айтты. Кытайдын Көзөмөл жана оорунун алдын алуу борборунун алдыңкы эпидемиологу Цзэн Гуандын айтымында, оорунун инкубациялык мөөнөтү бар. 23-январда Уханга карантин киргизилген. Эгер ошол убактан тарта эсептелсе 8-февралда эпидемия төмөндөп башташы керек. Февралдын ортосунда чегине жетет. Андан кийин… Кененирээк…

Юстиция министрлиги онлайн жоюу системасын киргизүү ниетинде

Юстиция министрлиги юридикалык жактарды кайра каттоо, онлайн жоюу системасын киргизүү ниетинде. Юстиция министри Марат Жаманкулов билдиргендей, Юридикалык жактарда каттоого алууга караганда, жоюу иштери татаалыраак жүрөт. Себеби, юстиция органдары үчүн карыздары жана башка ушул сыяктуу маалыматтар керек. Банктардан маалымкаттар талап кылынат. Ал эми онлайн жоюу системасы… Кененирээк…

Артём Новиков премьер-министрдин кеңешчиси болуп дайындалды

Артём Новиков премьер-министрдин кеңешчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Белгилей кетсек, Новиков 2017-2018-жылы экономика министри болуп эмгектенген. Ошондой эле ал Кыргызстандын тарыхында эң жаш министр деп катталган.

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун Бишкектеги башкармалыгынын директору кармалды

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун Бишкектеги башкармалыгынын директору кармалды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы билдирет. Маалыматка караганда, кармалган Болот Момбеков жарандардын бирине бир нече маалым кат даярдап берүүнү убадалап, 1 миң 800 евро алган. Бирок убадасын аткарбай, акчаны да кайтарып берген эмес.… Кененирээк…

Кытайда короновирус жуктуруп алгандар дарылануудан баш тартса жазаланат

Хубэй провинциясынын бийлиги коронавирусту жуктуруп алып дарылануудан баш тарткан жарандарды кылмышкер катары жоопкерчиликке тартат. Учурда коомдук жайларда атайылап башкаларга оору жуктуруу максатында түкүрүнүп жүргөндөр пайда болгон. Бийлик аларды саламаттык сактоо жаатындагы жана шалаакылык боюнча беренелерге ылайык жоопко тартат. Акыркы маалыматтарга караганда, Кытайда коронавирустан каза тапкандардын саны… Кененирээк…

Бишкекте чоңдор арасындагы дзюдо боюнча Кыргызстандын чемпионаты башталды

Бишкекте чоңдор арасындагы дзюдо боюнча Кыргызстандын чемпионаты башталды. Турнирдин биринчи күнүндө мырзалар жана кыз-келиндер арасында 48ден 73 киллограм салмак категориясында 7 топтом медаль ойнотулат. Беттеш ден соолукту чыңдоочу комплекстердин биринде өтүп, финалдык мелдештер бүгүн саат 4тө башталат.