Олимпиада оюндарына бара турган Кыргызстандын курамасынын кийимин кытайлык компания тигип берет

Быйыл Токиодогу Олимпиада оюндарына бара турган Кыргызстандын курамасынын кийимин кытайлык компания тигип берет. Бул тууралуу Улуттук олимпиада комитетинен билдиришти. Маалыматка караганда, алар акысыз түрдө параддык, атайын спорттук кийимди тигип беришет. Ар бир комплектте дээрлик 20 кийимден болот. Белгилеп кетсем, ушул эле компания 2018-жылы Жакартада өткөн… Кененирээк…

№31 бала бакчада капиталдык оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлөт

№31 бала бакчада капиталдык оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу Бишкек мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, Инженердик долбоорлоо институтунун корутундусуна ылайык, бала бакча бузулбай, ал капиталдык ондоп-түзөөдөн өтөт. Бала бакчаны калыбына келтирүү үстүбүздөгү жылы башталат. Каражат шаардык бюджеттен бөлүнүп берилет. Эске салсак, 2019-жылдын 26-ноябрында аталган бала бакчанын… Кененирээк…

Белоруссиянын “Неман” клубу дагы бир кыргыз футболчусун кароодо

Белоруссиянын “Неман” клубу дагы бир кыргыз футболчусун кароодо. Ал Кыргызстан жаштар курамасынын жарым коргоочусу Эмир Шыгайбаев. Бул тууралуу Футбол федерациясынан кабарлашты. Шыгайбаев кышкы сезондо Кыргызстандын «Илбирс» командасы менен талаага чыккан. «Неман» менен келишим түзүлсө, кыргызстандык футболчу Белоруссиядагы алгачкы оюнун жаңы сезон алдындагы таймашта көрсөтө алат.… Кененирээк…

Мигранттардын балдары тарбияланып жаткан үй-бүлөлөр текшерилет

Мигранттардын балдары тарбияланып жаткан үй-бүлөлөр текшерилет. Мындай тапшырманы өкмөт жергиликтүү мамлекеттик администрация жетекчилерине берди. Рейддин жүрүшүндө балдарга карата катаал мамиле жана зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча райондук штабдардын иши күчөтүлөт. Ошондой эле өкмөт жарандарды үй-бүлөдөгү зомбулук боюнча маалымат бериш үчүн 111 ишеним телефонуна чалып же укук… Кененирээк…

Кыргыз – Кытай чек арасы дагы эле жабык бойдон

Кыргыз – Кытай чек арасы дагы эле жабык бойдон. Бул тууралуу novosti.kg ге Чек ара кызматынан билдиришти. Эске салсак, “Торугарт” жана “Иркештам” өткөрүү түйүндөрү Кытайдагы жаңы жыл майрамына карата 24-январда жабылган. Бүгүн адамдарды, унааларды жана жүктөрдү өткөрүү жанданмак. Бирок аталган түйүн ачылган эмес. Чек ара… Кененирээк…

Кыргызстанга 500 миң бет кап келет

Кыргызстанга 500 миң бет кап келет. Бул боюнча учурда Түркия, Корея жана Индия менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Буга Саламаттыкты сактоо министрлиги ишендирүүдө. Ведомство ошондой эле Кытайдан тараган коркунучтуу илдетке байланыштуу өлкө боюнча дарыканаларды, фармацевтикалык ишканаларды бир колго 20 бет каптан ашык сатпоого чакырууда. Мекеме ошондой эле… Кененирээк…

Тажикстандын борбору Душанбеде 10 миллион гүл отургузулат

Быйыл Нооруз майрамына карата Тажикстандын борбору Душанбеде 10 миллион гүл отургузулат. Бул тууралуу Тажикстандын телеграф агенттигин жазат. Душанбе шаарынын мэриясынын жашылдандыруу бөлүмүнүн башчысы Шерали Рахмоновдун айтымында, учурда ландшафттык дизайндын долбоорун түзүү үчүн атайын топ түзүлгөн. Ага белгилүү дизайнер, архитектор жана гүл өстүрүүчүлөр кирген. Шаар ичинде… Кененирээк…

Кыргызстан «Wanderlust Travel Magazine» журналынын сынагында биринчи орун алды

Кыргызстан «Wanderlust Travel Magazine» журналынын сынагында биринчи орун алды. Ага окурмандар добуш беришти. Кыргызстан «Туристтик каттамдары өнүгүп келе жаткан өлкөлөр» наамында алтын сыйлыкты утту. Байгени тапшыруу аземине Кыргызстандын Британиядагы элчиси Эдил Байсалов катышты. Аталган басылма жүргүзгөн сынакта «Мыкты туристтик өлкө», «Мыкты шаар», «Мыкты аэропорт» жана… Кененирээк…

Баткенде 1 миллион 200 миң сомго курулган онлайн-режимде өтүүчү жыйындар залы ачылды

Баткен облусунун жетекчилигине 1 миллион 200 миң сомго курулган онлайн-режимде өтүүчү жыйындар залы ачылды. Облус башчысынын орун басары Чынара Саттарованын айтымында, бул залдын жабдылышы оперативдүү жыйындарды өткөрүүгө мүмкүнчүлүк берет. Бул болсо өз кезегинде чечимдерди өз убагында кабыл алуу жана иш сапарга кетүүчү убакытты жана чыгымдарды… Кененирээк…

Сот аткаруу кызматынын Аламүдүн райондук бөлүмүнүн өкүлү пара алып жаткан жеринен кармалды

Сот аткаруу кызматынын Аламүдүн райондук бөлүмүнүн өкүлү пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы билдирет. Билдирүүгө ылайык, кечээ, ыкчам-тергөө иштеринин жүрүшүндө 37 жаштагы сот аткаруучу иш бөлмөсүнөн кармалды. Ал кызматтык абалынан пайдаланып жарандан жол кырсыгы тууралуу өндүрүш ишин токтотуу үчүн акча… Кененирээк…