Улуу Британия Европа Биримдигинен чыкты

Улуу Британия Европа Биримдигинен чыкты. Жума күнү Европа парламентиндеги британ депутаттары жумуш орундарын бошотуп беришти. Еврошериктешке 47 жыл мүчө болгон Британия бул уюмдан бөлүнүп чыккан алгачкы мамлекет болмокчу. Алдыдагы 11 айлык өткөөл мезгил ичинде Британияда Евробиримдиктин көп мыйзамдары иштей берет. Маселен, эки тараптын жарандары мурдагыдай… Кененирээк…

Өкмөт мамлекеттик мүлктү ижарага берүүдөн 192 миллион сом пайда тапты

Өкмөт мамлекеттик мүлктү ижарага берүүдөн 192 миллион сом пайда тапты. Тиешелүү фондунун төрагасы Жылдызбек Исагуловдун айтымында, 2019-жылы электрондук сатууну жана аукционду киргизүү менен бул сумма биринчи жолу жогорку чекке жетти. Ал эми мүлктү башкаруудан бюджетке 2,5 миллиард сом түштү. Ижарага берилген 10,5 миң мамлекеттик мүлктүн… Кененирээк…

Оштогу кылмыштуу топтун 5 мүчөсү 2 айга камакка алынды

Оштогу кылмыштуу топтун 5 мүчөсү 2 айга камакка алынды. Бул тууралуу шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, калаа соту кармалган 5 жарандын баш коргоо чарасын карады. Алар №5-СИЗОдо жаза мөөнөтүн өтөшөт. Буга чейин маалым болгондой, Криминалдык милиция кызматынын жана тез аракеттенүүчү отряддын кызматкерлери атайы… Кененирээк…

Өзбекстандын бийлик өкүлдөрү чогулушту көнүгүү жасоо менен башташты

Өзбекстандын бийлик өкүлдөрү чогулушту көнүгүү жасоо менен башташты. Бул тууралуу социалдык тармактарда видео тарады. Маалыматка карганда, иш-чара мурда пландалган. Анткени катышуучуларга көнүгүүнү спорттук кийимчен атайы машыктыруучу көргөзүп жатты. Эске салсак, 3 жыл мурун Ташкенттин өкмөтү массалык түрдө эртең мененки көнүгүүлөрдү жасоо боюнча акция өткөргөн.

АКШ Кыргызстан жарандарына иммиграциялык виза алууга чектөө киргизди

АКШ президенти Дональд Трамптын администрациясы Кыргызстандын жарандарына иммиграциялык виза алууга чектөө киргизди. Бул тууралуу New York Times басылмасы жазды. Жума күнү жарыяланган тизмеге Кыргызстандан тышкары Мьянма, Эритрея, Нигерия, Судан жана Танзания мамлекеттери кирди. Басылма жазгандай, аталган мамлекеттердин жарандарынын АКШга кирип-чыгуусуна чектөө киргизилбейт. Болгону иммиграцияга жол… Кененирээк…

Укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин маянасы 40 пайызга жогорулады

Укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин маянасы 40 пайызга жогорулады. Буга чейин бир кызматкердин айлыгы орточо эсеп менен 11 миң сомду түзсө, жогорулагандан кийин ал 19 миң сом болду. Эске салсак, 2019-жылдын 25-июлунда «Укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө» мыйзам кабыл алынган. Эгерде кызматкер Бишкек шаарында батирде… Кененирээк…

Жолдошбек Жунушев Экотехинспекциянын директору кызматынан бошотулду

Жолдошбек Жунушев Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын директору кызматынан бошотулду. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Белгилеп кетсек, буга чейин Кыргызстандын Коопсуздук кеңеши премьер-министрге Жолдошбек Жунушевди кызматтан алууну сунуштаган.