Унаа жана жолдор министрлиги машинелерди милдеттүү түрдө техникалык кароодон өткөрүүнү кайра киргизүү ниетинде

Унаа жана жолдор министрлиги машинелерди милдеттүү түрдө техникалык кароодон өткөрүүнү кайра киргизүү ниетинде. Ведомстводон түшүндүрүшкөндөй, транспортту 2024-жылга чейин өнүктүрүүнүн концепциясы иштелип чыкты.   Техкароону кайра киргизүү ошол документтин талабы. Күтүлгөндөй, процедура 2022-жылы милдеттүү болуп, трнаспорттун бардык түрүнө тиешелүү болот. Бул максатта нормативдик-укуктук актыларды иштеп чыгуу… Кененирээк…

Кыргызстанда убактылуу айдоочу күбөлүктөрүнүн мөөнөтү 15-февралда соңуна чыгат

Кыргызстанда убактылуу айдоочу күбөлүктөрүнүн мөөнөтү 15-февралда соңуна чыгат. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан эскертишүүдө. Ага чейин айдоочулар убактылуу күбөлүктөрүн туруктуу документке алмаштырууга жетишип калышы керек.   Аларды алмаштырууга арыздар Чокан Валиханов   2 дарегиндеги “Унаа” мамлекеттик мекемесинин аймактык бөлүмүндө кабыл алынат. Ал эми даяр документтер Ауэзов… Кененирээк…

Кыргызстандын Улуттук олимпиада комитети эки спортчуга стипендия берип келет

Кыргызстандын Улуттук олимпиада комитети эки спортчуга стипендия берип келет. Бул тууралуу аталган комитеттин басма-сөз кызматы билдирет. Лыжа жарышы боюнча ѳлкѳнүн чемпиону Тариэль Жаркымбаевге жана тоо лыжасы боюнча эл аралык мелдештердин катышуучусу Михаил Гордеевге ай сайын 1 миң 500 доллардан берилип турат.   Бул жардам лицензиялык… Кененирээк…

Унаа жана жолдор министрлигинин кызматкерлери жана жол инспекторлору унааларды текшерүүдө

Унаа жана жолдор министрлигинин кызматкерлери жана жол инспекторлору унааларды текшерүүдө. Маалыматка ылайык, Төө-Ашуу, Ала-Бел, Көк-Бел, Чапчыма жана Өтмөк ашууларынан өткөн машинелер токтотулуп, алардын кышкы шиналарга өтүшү жана тайгактыкка каршы шаймандардын болушу текшерилип жатат.   Белгилеп кетсек, учурда турукташып жаткан жылуу аба-ырайы алмашып, алдыңкы күндөрү өлкөнүн… Кененирээк…

Бишкектин аймагынан чыгарыла турган абактардын ордуна кандай объектилер пайда боло тургандыгы айтылды

Бишкектин аймагынан чыгарыла турган абактардын ордуна кандай объектилер пайда боло тургандыгы айтылды. Эске салсак, быйыл СИЗО-1ди жана №47 колонияны ордо калаадан чыгаруу пландалууда.   Эгер пландар ишке ашса, тергөө изоляторунун ордуна сквер курулат. Ал эми №47 колония жайгашкан жерде кийин турак-жай комплекси пайда болушу мүмкүн.

Россия Канттагы аскер базасы үчүн Кыргызстанга жылына 4,8 миллион доллар тѳлѳп турат

Россия Канттагы аскер базасы үчүн Кыргызстанга жылына 4,8 миллион доллар тѳлѳп турат. Бул тууралуу россиялык ММКлар жазышууда. Маалыматка караганда, мындай эсептѳѳлѳр эки ѳлкѳнүн ортосундагы макулдашууда кѳрсѳтүлгѳн.   Келишим жакынкы күндѳрү Россиянын Мамлекеттик думасы тарабынан каралып чыгат. Белгилеп кетсек, база ашыкча 58,32 гектар жерди ээлегендиктен ижара… Кененирээк…

Украинада мышыктарды кучактоочулар талап кылынууда

Украинада мышыктарды кучактоочулар талап кылынууда. Вакансия ветеринардык клиникалардын биринде жарыяланды. Жаңы кызматты аркалайм дегендер жаныбарларды жакшы көргөн жана аларга убактысын аябаган адам болушу керек.   Жарыянын авторлорунун пикиринде, мышыктарды адам сылап, кучактап турса, алар айлана-чөйрөгө бат көнүп, стресстен арылат.

Улуттук банк бул жылдагы алгачкы интервециясын өткөрдү

Улуттук банк бул жылдагы алгачкы интервециясын өткөрдү. Жалпысынан,  30 миллион доллардан ашык сатылды. Бул акыркы 2 айдагы эң ири каржылык операция болуп калды. Белгилеп кетсек, Улуттук банк интервенция үчүн өлкөнүн эл аралык резервдерин колдонот.   Долларды сатып алуу жана сатуу валюта серпилүүсүн алдын алуу үчүн… Кененирээк…

Буга чейин шыбы урап кеткен №31 бала бакчанын имараты түрттүрүлбөйт

Буга чейин шыбы урап кеткен №31 бала бакчанын имараты түрттүрүлбөйт. Мэриядан билдиришкендей, мындай корутундуну сейсмология институтунан чыгарышты. Комиссиянын чечими менен бала бакча имаратынын конструкциясы бекемделип, капиталдык оңдоо жүргүзүлөт.   Кайра калыбына келтирүү иштерине каражат шаар бюджетинен бөлүнөт. Бөбөктөрдү мектепке чейинки билим берүү мекемеси ушул жылы… Кененирээк…

Россия ЕАЭБ жана КМШ мамлекеттерине коронавирусту аныктоочу каражаттарды тапшырууда

Россия ЕАЭБ жана КМШ мамлекеттерине коронавирусту аныктоочу каражаттарды тапшырууда. Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча федералдык кызматтан билдиришкендей, тест-системалар Армения, Беларусь, Казакстан жана Өзбекстанга жеткирилди.   Жакынкы арада Кыргызстан жана Тажикстанга тапшырылат. Колдоо вирусту алдын алууга жана анын жайылышын алдын алуу максатында көрсөтүлүүдө. Эске салсак, Кытайда чыккан… Кененирээк…