Казакстандан чек ара аркылуу өткөндөр тепловизор менен текшерилип жатат

Казакстандын Кордай районундагы чырдан кийин кыргыз-казак чек арасындагы “Токмок” жана “Кең-Булуң” өткөрмө бекеттери аркылуу Казакстандан Кыргызстанга киргендер токтой элек.   Ошол жерде жүргөн “Азаттыктын” кабарчысына чек арадан өткөн адамдар Казакстан тарапта кезекте тургандардын саны көп экенин билдиришти. Чек ара кызматы 8-февралда аталган бекет аркылуу Кыргызстанга… Кененирээк…

Кыргыз-казак чектешкен аймактагы мушташтан кийин Токмоктогу ооруканага кайрылды

Токмок аймактык ооруканасына түрдүү жаракаттарды алган 18 адам кайрылды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.   Билдирүүгө ылайык, алардын бирөө Кыргызстандын жараны болсо, калган 17си Казакстандын жарандары.   Медициналык жардам алуу үчүн кайрылгандардын айтымында, алар 7-февралдан 8-февралга караган түнү Кордай районунун Масанчи айылында… Кененирээк…

Унаа жана жолдор министринин орун басары пара менен кармалды

Унаа  жана жолдор министринин орун басары Жеңиш Ногойбаев менен мекеменин алдындагы автоунаа, суу транспорту жана салмак габаритти көзөмөлдөө агенттигинин башчысы Анарбек Бекмуратов пара берди деп кармалды. Бул туурасында Улуттук коопсуздук боюнча комитеттин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, министрдин орун басары УКМКнын коррупцияга каршы кызматынын өкүлдөрүнө… Кененирээк…

Кыргызстандын футзал боюнча курамасы дүйнөлүк рейтингде көтөрүлдү

Футзал боюнча Кыргызстандын курамасы дүйнөлүк рейтингде 43-орунга көтөрүлдү. Бул тууралуу Футбол федерациясынан кабарлашты. Маалыматка караганда, жаңыртылган рейтинг февраль айынын башында чыгып курама командасы 1067 упайы менен 43-орунда турат.   Эскерте кетсек, 2019-жылы жаңыртылган рейтинг боюнча улуттук курама 44-орунда болчу. Ал эми Азия футбол конфедерациясында Кыргызстан тизменин… Кененирээк…

Индияда көп кабаттуу үйлөрдө таза суу ордуна спирт акты

Индиянын Триссур шаарында көп кабатту үйлөрдүн биринде таза суунун ордуна ликер менен суунун аралашмасы ага баштаган. Бул тууралуу РИА Новости агентиги жазып чыкты. Маалыматка караганда, биринчи үйдө алкоголдун жыты туруп андан кийин суу чыгуучу түтүктөрдөн ага баштаган. Он сегиз үй-бүлө өкмөткө таза суу жоктугун жана жуунуга… Кененирээк…

Мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн 70 пайызы жалпы республикалык тестирлөөнү кыргыз тилинде тапшырат

Кыргыз тили жалпы республикалык тестирлөөгө киргизилбей кирбей калгандыгы боюнча жаңылык чындыкка туура келбейт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин мектеп, мектепке чейинки жана мектептен тышкары бөлүмүнүн башчысы Марат Үсөналиев билдирди.   Анын айтымында, бүтүрүүчүлөрдүн 70%дан кѳбүрѳгү ЖРТны кыргыз тилинде тапшырышат.   «Анткени 2002-жылдан бери… Кененирээк…

Россияда абактагылар медициналык бет кап жасоого тартылды

Россияда  эркинен ажыратылып, абакта отургандар медициналык бет каптарды даярдоого тартылат. Алар өндүрүш ишин жазасын өтөп жаткан жерде ишке ашырат деп жазышат орус басылмалары. Маалыматка ылайык,  Курск облусундагы абактарда жазасын өтөп жаткандар медициналык маскаларды тигишет.   «Жазасын өтөп жаткандар тиккен бет каптар дарыканалардагы маскалардан кем калышпайт.… Кененирээк…

Коронавирус 724 адамдын өмүрүн алды

Коронавирустан сутка ичинде 86 адам каза болду. Кытайдын Саламаттыкты сактоо боюнча улуттук комиссия 7-февралга алынган маалыматты таратты. Ага ылайык, жалпысынан 724 адам көз жумса, 34 миң 871 адам вирусту жуктуруп алышты. Муну менен бир суткада ооругандардын саны 3 миң 399 адамга, каза болгогндордун саны 86га… Кененирээк…

Бишкекте жер тилкелеринин берилиши түз эфирден көрсөтүлөт

Борбор калаадагы жер тилкелерин колдонууга берүү боюнча комиссиянын жыйыны түз эфирде көрсөтүлөт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка караганда, мындан ары калаанын ар бир жашоочусу павильон, киоск жана башка жеңил конструкцияларга, жеке курулуштарга жер кандайча берилип жатканын түз эфирден көрүп, күбө боло алат.   Комиссиянын жыйынынын… Кененирээк…

Сооронбай Жээнбеков мас абалында рулга отурган Жалал-Абад шаарынын судьясын иштен алды

Президент Сооронбай Жээнбеков Жалал-Абад шаардык сотунун судьясы Элмира Сулайманованы кызматтан бошотту. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.   Буга чейин Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясы президентке Сулайманованы мөөнөтүнөн мурда кызматтан бошотууну сунуштаган. «Сунуштамада судья Эльмира Сулайманова «КР судьяларынын статусу жөнүндө» КР конституциялык мыйзамынын жана КР… Кененирээк…