Калкты кайра каттоо учурунда алдамчылардан сак болуу сунушталат

Калкты кайра каттоо учурунда алдамчылардан сак болуу сунушталат. Аталган иштердин жүрүшүндө убактылуу жумушчу топко миңдеген адам ишке тартылат. Бул үчүн жарандарга каттоочунун өздүгүн тастыктаган сүрөтү жана  QR-коду менен документин тактоо сунушталат. Кодду смартфон аркылуу сканерлөөдө оператор жөнүндө толук маалымат чыгат. Эске салсак, калк жана турак… Кененирээк…

Бишкек мэриясы шаар тротуарларын оңдоп-түзөөдөн өткөрөт

Бишкек мэриясы шаар тротуарларын оңдоп-түзөөдөн өткөрөт. Ушул жылы 25 көчөдө жөө жүрүүчүлөр тилкелери калыбына келтирилет. Көчөлөр ордо калаанын бардык аймактарына бөлүштүрүлөт. Учурда капиталдык ремонттун титулдук баракчасы даяр. Ал райондук акимиат, шаардыктар, коомдук талкуу жана жеке жактардын сунушун эске алуу менен түзүлдү.

Коронавирус почта аркылуу келген кат жана буюмдар аркылуу жукпайт

Коронавирус почта аркылуу келген кат жана буюмдар аркылуу жукпайт. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун эксперттери билдирет. Окумуштуулардын айтымында, вирус айлана-чөйрөдө көпкө жашабайт. Ал аба аркылуу же бейтап менен байланышта болгондо жугат. Жарандарга колду дайым жууп, чийки азыктарды колдонбой, эл көп чогулган жерге баруудан баш… Кененирээк…

Жеки Чан коронавируска каршы дары тапкан адамга 143 миң доллар төлөп берет

Жеки Чан коронавируска каршы дары тапкан адамга 143 миң доллар төлөп берет. Бул тууралуу ал социалдык баракчасында жарыялады. Актер Кытайга медициналык беткап, коргоочу кийим жөнөтүүдө. Актер өнүккөн шаарын, жашоодон рахат алып жашаган элин, алдыга кадам таштаган мекендештерин көргүсү келерин соцтармакка жазып калтырды. Кошумчаласак, Кытайда вирусту жуктуруп… Кененирээк…

Кыргызстандык 102 ишкана продукцияларын ЕАЭБ аймагына сата алат

Кыргызстандык 102 ишкана продукцияларын ЕАЭБ аймагына сата алат. Аталган ишканалар ЕАЭБдин бирдиктүү реестрине кирди. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирет. Ага караганда, мындан тышкары, 37 аккредитацияланган сыноо лабораториясы реестрге кошулду. Алардын 26сы мамлекеттик болсо, 11и жеке менчик. Ошондой эле Бишкек жана Оштогу  ветеринардык жана фитосанитардык лаборатория… Кененирээк…

Шайлоо босогосун 7 пайызга түшүрүү сунушталууда

Шайлоо босогосун 7 пайызга түшүрүү сунушталууда. Демилгени көтөргөн депутаттардын айтымында, мындай төмөн босого шайлоочуларга татыктуу талапкерди тандоого шарт түзүлөт. Мындай жол парламентке жаңы күчтөрдүн келүүсүн шарттайт. Аталган мыйзам долбоор коомдук талкууга чыгарылды. Белгилеп кетсек, учурдагы шайлоо босогосу 9 пайызды түзөт.

Европа лигасындагы  кымбат футболчулардын рейтинги жарыяланды

Европа лигасындагы  кымбат футболчулардын рейтинги жарыяланды. Франциялык “L’Équipe” басылмасынын маалыматына ылайык, сап башында Лионель Месси 8,3 миллион евро менен турат. Андан кийинки орунда Криштиану Роналду 4,7 миллион евро табат. Антуан Гризманн 3,3 миллион евро менен үч илтикти бекитсе, Неймар менен Луис Суарес төртүнчү жана бешинчи… Кененирээк…

Ордо калаада курулуп жаткан сейил бак америкалык Диснейлэндди чагылдырат

Ордо калаада курулуп жаткан сейил бак америкалык Диснейлэндди чагылдырат. Бул тууралуу мэриядан novosti.kg ге билдиришти. Маалыматка караганда, “Балалык” аталышындагы эс алуу багы Байтик Баатыр жана Аалы Токомбаев көчөлөр кесилишинде жайгашкан. Анын жалпы аянты 10 гектардан ашык. Учурда эс алуу жайынын эскизи даяр, анда суу оргумалары,… Кененирээк…

Бишкек-Ош унаа жолуна убактылуу чектөөлөр киргизилип жатат

Бишкек-Ош унаа жолуна убактылуу чектөөлөр киргизилип жатат. Кыргыз гидрометтин бөлүм башчысы Султанбек Белеков бизге билдиргендей, Арал жана Сосновка өткөрмө түйүндөрүндө кечки саат 5тен, эртең мененки 7ге чейин оор жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө чектөө киргизилип турмакчы. Ал эми башка убактарда унаалар эч тоскоолдуксуз өтө алышат. Аталган… Кененирээк…

2020-жылдан тартып ЖРТга кыргыз тили жана адабияты боюнча кошумча предметтик тест киргизилет

2020-жылдан тартып жалпы республикалык тестирлөөгө кыргыз тили жана адабияты боюнча кошумча предметтик тест киргизилет. Бул филология багытына тапшырууну каалаган абитуриенттерге тиешелүү. Билим берүү министрлигинин мектептен тышкары бөлүм башчысы Марат Үсөналиевдин айтымында, бүтүрүүчүлөрдүн 70 пайыздан кѳбүрөѳгү ЖРТны кыргыз тилинде тапшырышат. Анткени 2002-жылдан бери эле тестирлѳѳнүн негизги… Кененирээк…