Коронавируска каршы алгачкы вакцина 1,5 жылдан кийин гана чыгышы ыктымал

Коронавируска каршы алгачкы вакцина 1,5 жылдан кийин гана чыгышы ыктымал. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму билдирет. Вакцина иштеп чыгуу изилдөө иштерине көп убакыт талап кылынат. Ага чейин вируска каршы жеткиликтүү мүмкүнчүлүктөр пайдаланылат. Бүгүнкү күндө илдетти жуктуруп алууну алдын алчу жолдор бар, — дешти адистер.… Кененирээк…

Бишкекке быйыл газ менен жүрүүчү 100гө жакын автобус алынып келет

Бишкекке быйыл газ менен жүрүүчү 100гө жакын автобус алынып келет. Бул тууралуу Бишкек жүргүнчү автотранспорттук ишканасынын директору Нурлан Койчубаков билдирди. Анын айтымында, бүгүнкү күндө автобустар жүрүүчү 10 каттам аныкталды. «Бул эски, калыбына келтирилген каттамдар. Дээрлик бардык документтер даяр болду. Учурда тендердик комиссия түзүп жатат. Ошондой… Кененирээк…

Оор атлетика боюнча  Бекдөөлөт Расулбеков  эл аралык мелдеште алтын медаль утту

Оор атлетика боюнча  Бекдөөлөт Расулбеков  эл аралык мелдеште алтын медаль утту. Учурда «International Solidarity Championships» турнири Ташкент шаарында өтүп жатат. Расулбеков 96 килограмм категориясында күч сынап, 375 килограмм салмактагы штанганы көтөрө алды. Буга чейин, 81 килограммга чейинки салмактагы категорияда катышкан Эмил Молдодосов 2-орунга ээ болуп, күмүш медаль… Кененирээк…

Вице-премьер-министр кызматына Акрам Мадумаровдун талапкерлиги жактырылды

Вице-премьер-министр кызматына Акрам Мадумаровдун талапкерлиги жактырылды. Мындай чечимди Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар боюнча комитети кабыл алды. Учурда Мадумаров өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү. Ал бул кызматка 2019-жылы апрель айында келген. Буга чейин  Жеңиш Разаков вице-премьер-министр кызматынан бошотулган.

Бишкек жана Чүй облусунда жакынкы сааттарда катуу шамал болот

Бишкек жана Чүй облусунда жакынкы сааттарда катуу шамал болот. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка караганда, шамалдын ылдамдыгы секундасына 20 метрге жетет. Буга байланыштуу унааларды жеңил конструкциялардын жана бактардын алдына токтотпоо сунушталат.

Дүйнөдөгү эң чоң фейерверк АКШнын Колорао штатында жандырылды

Дүйнөдөгү эң чоң фейерверк АКШнын Колорао штатында жандырылды. Рекорддук жардыруу куралдын салмагы 1 тоннадан көп, диаметри 1,5 метрден ашат. Ал асманга карай атылууда ылдамдыгы саатына 482 чакырымды түздү. Ферейверк аттыруу жыл сайын кышкы карнавалга карата өткөрүлүп келет. Муну менен Америкалык пиротехниктер дүйнөлүк Гиннес рекорддор китебине… Кененирээк…

Арча-Бешик конушунда таза суу өчүрүлөт

Арча-Бешик конушунда таза суу өчүрүлөт. Эртең саат 9дан кечки 5ке чейин Абдрахманов, Шералиев, Жайыл Баатыр жана Чортеков көчөлөрүндө таза суу болбойт. Убактылуу чектөөлөр жазгы-жайкы сезонго карата ремонттук иштердин жүрүшүнө байланыштуу.

Ордо калаада мыйзамсыз орнотулган 79 жарнамалык конструкциялар алынды

Ордо калаада мыйзамсыз орнотулган 79 жарнамалык конструкциялар алынды. Бишкек башкы курулуш ишканасынын маалыматында, Биринчи май жана Ленин райондоруна жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын, ошондой эле “Тазалыктын” кызматкерлери менен биргеликте рейд жүрдү. Анын алкагында айрымдары иш-чарага каршы чыгышса, кээ бир ишкерлер мыйзамдуу жарнама баннерлерин орнотууга кайрылышууда.… Кененирээк…

2020-жылы Бишкекте 67 жол чырак орнотулат

2020-жылы Бишкекте 67 жол чырак орнотулат. Бул тууралуу Шаардык унаа башкармалыгынын башчысынын орун басары Нурлан Атыканов билдирди. Анын айтымында, Милициянын кайгуул кызматынын корутундусунун негизинде 55 жол чырак орнотулат. Ал эми 12 жол чырак боюнча маселе бар. Кээ бир жерлерге тургундар орнотуп берүүнү суранса, текшерүүнүн негизинде ал… Кененирээк…

Бишкекте 32 жаңы шайлоо участоктору ачылат

Бишкекте 32 жаңы шайлоо участоктору ачылат. Алардын жайгашкан ордун жана схемасын БШКнын мүчөлөрү ырастады. Ал эми ордо калаада жалпысынан 233 шайлоо участоктору бар. Алар шаардын 4 районуна бөлүштүрүлгөн. Мектептерде, реабилитация борборлорунда, жогорку окуу жайларда жана мамлекеттик мекемелерде. Эске салсак, Кыргызстанда апрелде жергиликтүү кеңештерди, ал эми… Кененирээк…