Дүйнөнүн бай адамы Джефф Безос 165 миллион долларга үй сатып алды

Дүйнөнүн бай адамы Джефф Безос 165 миллион долларга Беверли-Хиллзден үй сатып алды. Бул Лос-Анджелестеги үйлөрдүн баасынын рекорддук көрсөткүчү. Ал эми Warner Estate аталышындагы турак жайдын жалпы аянты 3,5 гектарды түзөт. Аталган аянтта бакчалар, бир нече конок үйлөрү, теннис корту, гольф талаасы бар. Ал эми турак… Кененирээк…

Бишкектин айрым аймактарында газ 4 күнгө өчүрүлөт

Бишкектин айрым аймактарында газ 4 күнгө өчүрүлөт. Бул тууралуу “Газпром” ишканасынан билдиришти. Маалыматка караганда, 17 жана 18 февралда Анкара көчөсүнүн айрым жерлеринде көгүлтүр от берүү чектелет. Ал эми 18инен 20-февралга чейин Москва, Токтогул, Логвиненко жана Панфилов көчөлөрүнүн кээ бир тилкелеринде газ болбойт. Убактылуу чектөөлөр оңдоо… Кененирээк…

Добуш берүүчүлөр шайлоо участокторун алмаштырууга укугу бар

Добуш берүүчүлөр шайлоо участокторун алмаштырууга укугу бар. Бул тууралуу БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирет. Анын айтымында, конституцияга ылайык, жарандар өздөрүнө жакын жайгашкан тилкелерде добуш бере алышат. Ал үчүн шайлоочулар алдын-ала электрондук кат жолдошу керек. Мамлекеттик кызматтарды санариптештирүүнүн алкагында добуш берүүчүлөрдүн электрондук кабинети түзүлүүдө. Эске салсак,… Кененирээк…

Кытайдагы “Формула-1” этабы коронавируска карата жылдырылды

Кытайдагы “Формула-1” этабы коронавируска карата жылдырылды. Бул тууралуу иш-чараны уюштуруучулар билдиришти. Маалыматка караганда, унаа жарышы 17-апрелден 19уна чейин өтмөк. Ал эми жаңыланган дата тууралуу маалымат таратыла элек. Кытайда вируска кабылгандардын саны 48 миңден ашты, 1 миңден көбү каза тапса, 5 миң адам илдеттен айыгып чыккан.

Бишкекте узундугу 18,5 чакырымды түзгөн веложолчо пайда болот

Бишкекте узундугу 18,5 чакырымды түзгөн веложолчо пайда болот. Бул тууралуу вице-мэр Мирлан Амантуров билдирди. Анын айтымында, тротуар ордо калаанын түштүк менен түндүгүн байланыштырып турат. Ал түштүк магистралдан Чынгыз Айтматов проспектиси менен Чүй проспектисине чейин, андан Абдрахмановго дейре өтүп, Байтик Баатыр көчөсү аркылуу Түштүк магистралга чейин… Кененирээк…

Балага күбөлүк алуунун жолун жеңилдетүү боюнча мыйзам долбоору каралууда

Жогорку Кеңеште балага күбөлүк алуунун жолун жеңилдетүү боюнча мыйзам долбоору каралууда. Документте ата-энеге баласынын туулгандыгы тууралуу күбөлүктү жашаган жерине карабай, Мамлекеттик каттоо кызматынын өзүнө ыңгайлуу филиалынан алууга шарт түзүлөт. Андан тышкары, күбөлүк ата-энесинин паспорту менен гана берилет. Кошумчаласак, ошондой эле фамилияга да өзгөртүү киргизүү сунушталууда.… Кененирээк…

Валентина Шевченко 6 айга чейин беттештерге катышуудан четтетилди

Валентина Шевченко 6 айга чейин беттештерге катышуудан четтетилди. Мындай чечимди Техастын мелдештерге уруксат берүү жана жөнгө салуу департаменти кабыл алды. АКШнын Атлетикалык комиссиясынын эрежеси боюнча, дарыгерлердин комиссиясы турнирлерден кийин мушкерлерди «медициналык себептерге байланыштуу» белгилүү бир убакытка четтетет. Анын убактысы денедеги жаракаттарга байланыштуу аныкталат.

Быйыл өлкөдөгү 624 мектеп интернетке кайрадан кошулат

Быйыл өлкөдөгү 624 мектеп интернетке кайрадан кошулат. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинин Маалымат менен камсыздоо бөлүмүнүн адиси Марлен Алишев novosti.kg ге билдирет. Анын айтымында, республика боюнча билим берүү мекемелеринин 99 пайызы интернетке кошулган. Бирок анын бардыгы жогорку ылдамдыктагы деп айтууга болбойт. Мындан улам өлкөнүн алыскы… Кененирээк…

“Акжол” унаа өткөрүү түйүнү убактылуу жабылат

“Акжол” унаа өткөрүү түйүнү убактылуу жабылат. Мамлекеттик чек ара кызматынын көзөмөл башкы башкармалыгынын начальниги Нурланбек Жамбиев билдиргендей, кайра калыбына келтирүү иштерине байланыштуу 20-февралдан тарта аталган түйүндө кыймылга чектөө киргизилет. Бекеттен жөө адамдар өтө алышат. Болгону иш режими өзгөртүлөт — эртең мененки саат 6дан түнкү 12ге… Кененирээк…

Өлкө аймагында кар көчкү түшүү коркунучу бар

Өлкө аймагында кар көчкү түшүү коркунучу бар. Бул тууралуу Кыргыз гидрометтен билдиришти. Маалыматка караганда, 14-февралдан 17сине чейин Төө-Ашуу, Ала-Бел жана Чапчыма ашууларында, Чычкан капчыгайында, ошондой эле Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу, Красная Горка-Ак-Таш унаа жолдорунда кар массалары түшүшү мүмкүн. Бул күндөрү айдоочулар этият болуп, унаалар ортосундагы 500 метр аралыкты… Кененирээк…