Адамдын психикалык абалын жакшырткан азыктар аталды

Адамдын психикалык абалын жакшырткан азыктар аталды. Бул тууралуу АКШнын Аризон штатындагы Майо клиникасынын адистери билдиришти. Дарыгерлер маанай көтөрөм дегендер тамак рационуна буурчак, балык, жаңгак, брокколи, шпинат жана жумуртка кошууга кеңеш берди. Майлуу балыктардагы омега-3 кислотасы депрессиядан арылтып, бактылуулук гормондору серотонин менен дофаминди бөлүп чыгарат. Буурчак,… Кененирээк…

Бүгүн Ысык-Көл облусунун аймагында күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Бүгүн Ысык-Көл облусунун аймагында күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институтунан билдиришти. Зилзаланын очогу Каракол шаарынын түштүк-чыгыш тарабында 90 чакырым алыстыкта жайгашкан. Анын күчү Кургак, Таш-Короо, Эңилчек айылдарында 4,5 баллга чейин сезилди. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Бүгүн убактылуу айдоочулук күбөлүктөрдүн жарактуу мөөнөтү бүтөт

Бүгүн убактылуу айдоочулук күбөлүктөрдүн жарактуу мөөнөтү бүтөт. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти. Документтерди туруктуу күбөлүктөргө «Унаа» мамлекеттик мекемесинин аймактык бөлүмдөрүнөн алмаштырууга болот. Бишкек боюнча арыздар Чокон Валиханов көчөсүндөгү №2 даректе кабыл алынса, даяр документтер Ауэзов көчөсүндөгү №4 калкты тейлөө борборунда берилет. Белгилеп кетсек, убактылуу… Кененирээк…

Москвада Кыргызстан жана Россиянын кайчылаш жылынын ачылышы өтөт

Москвада Кыргызстан жана Россиянын кайчылаш жылынын ачылышы өтөт. Өкмөттүн маалымат кызматы билдиргендей, иш-чара 27-февралга пландалды. Ага эки өлкө башчылары Сооронбай Жээнбеков менен Владимир Путин катышат. Кайчылаш жылдын алкагында 200дөн ашык иш-чара өткөрүлөт. Анда саясий өз ара кызматташтык, экономикалык, маданий-гуманитардык, илимий-агартуучулук, аскерий-техникалык, жаштар саясаты, туризм жана… Кененирээк…

Өлкөдө кар көчкү түшүү коркунучу сакталууда

Өлкөдө кар көчкү түшүү коркунучу сакталууда. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматында 17-февралга чейин жаан-чачынга байланыштуу, өлкөнүн тоолуу райондорунда кар массалары түшүшү мүмкүн. Төө-Ашуу, Ала-Бел, Чапчыма ашууларында жана Чычкан капчыгайында кар көчкү түшүү коркунучу бар. Ошондой эле Мырзаке-Кара-Кулжа-Алай-Куу, Ала-Бука-Каныш-Кыя, Красная горка-Ак-Таш трассасындагы айдоочулар этият болушу зарыл. Унаалар… Кененирээк…

Ош облусунун Бостон айылында жаңы мектеп ачылды

Ош облусунун Бостон айылында жаңы мектеп ачылды. Билим берүү мекемеси 275 окуучуга ылайыкталган. Курулуштун жалпы сметалык баасы 88,5 миллион сомду түзөт. Мектеп имараты 2014-жылы курула баштаган. Кошумчаласак, ушул жылы билим берүү тармагына 38 миллиард сом бөлүндү.

Бишкектин аймагы 8 миң гектарга кеңейет

Бишкектин аймагы 8 миң гектарга кеңейет. Бул тууралуу 24 агенттиги муниципалитетке таянуу менен жазып чыкты. Маалыматка караганда, 2025-жылга чейин шаардын түштүк-чыгыш тарабындагы Чүй облусуна тиешелүү болгон аймак Бишкекке кошулат. Ордо калаанын чек арасын аныктоо Аламедин районунун администрациясы менен кээ бир келишпестиктерден улам кечеңдеп жатат. Ал эми… Кененирээк…

Мэрия унааны туура эмес жерге токтоткон айдоочуларга салынган айыптын көлөмүн жогорулатуу ниетинде

Мэрия унааны туура эмес жерге токтоткон айдоочуларга салынган айыптын көлөмүн жогорулатуу ниетинде. Бул тууралуу унаа саясаты боюнча Бишкектин вице-мэри Азиз Алымкулов билдирди. Анын айтымында, ордо калаада унаалар 400 миңге жетет. Учурда «Унаа токтотмо жайлары» ишканасы менен долбоор иштелип жатат. Ага ылайык, көчөлөргө бир катар чектөөлөр… Кененирээк…