3 күн суук болуп, андан кийин жаз келет

3 күн суук болуп, андан кийин жаз келет. Бишкекте жуманын жарымына чейин суук аба-ырайы сакталат. Эртең кар жаайт. Ал эми 20-февралдан кийин ордо калаага метеорологиялык жаздын келиши байкалат.   Бейшембиден тарта термометр мамычалары акырындап жогорулап, +10 градустан төмөн түшпөйт.

Бишкектин айрым бөлүгүндө газ өчүрүлдү

Бишкектин айрым бөлүгүндө газ өчүрүлдү. “Газпром Кыргызстан” компаниясынын маалыматына ылайык, 20-февралга чейин көгүлтүр от Анкара, Москва, Токтогул, Логвиненко, Панфилов, Исанов көчөлөрүндө жок болот.   Убактылуу чектөөлөр ремонттук иштерге байланыштуу.

Назирбек Бөрүбаев өкмөттүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү болуп дайындалды

Назирбек Бөрүбаев өкмөттүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү болуп дайындалды.  Тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.   Белгилеп кетсек, буга чейин Бөрүбаев мамлекеттик долбоорлоо институтунда  чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча түштүк аймактык бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенген.

Өкмөт үй-бүлөлүк зомбулукту алдын алуу боюнча планды бекитти

Өкмөт үй-бүлөлүк зомбулукту алдын алуу боюнча планды бекитти. Анын ичинде үй-бүлөлүк зомбулук боюнча калкка түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, зомбулуктун жагдайларын аныктоо сыяктуу чаралар бар.   Ошондой эле үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алууга, мамлекеттик кризистик борборлорду түзүүгө бөлүнгөн каражатты көбөйтүү каралууда. Бул иш-чараларды аткаруу Башкы прокуратурага, Жогорку сотко,… Кененирээк…

Кыргызстандын бардык чек ара бекеттеринде жарандар, жүк жана транспорт атайын текшерүүдөн өтүп жатат

Кыргызстандын бардык чек ара бекеттеринде жарандар, жүк жана транспорт атайын текшерүүдөн өтүп жатат. Бул тууралуу бизге Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти. Андан такташкандай, коронавирусту алдын алуу максатында өлкө аймагына киргендер тепловизор менен текшерилип жатат.   Ошондой эле, ар бир транспорт каражаты атайын дезинфекциялык кароодон өткөрүлүүдө.… Кененирээк…

Бишкекти толугу менен камтуу үчүн дагы 1 миң даана автобус керектелет

Бишкекти толугу менен камтуу үчүн дагы 1 миң даана автобус керектелет. Бул тууралуу “Бишкек жүргүнчү автотранспорту” ишканасынын жетекчиси Нурлан Койчубаков билдирет.   “Негизи Бишкекке толук кандуу автобустар иштеши үчүн 1000-1200 автобус керектелет. Бүгүнкү күндө автогбустар болгону 200. Центрден кеткен маршруткалардын баарын жаңы маршруттарды ачып, жаңы… Кененирээк…

Чүй облусунда эки мектеп курулат

Чүй облусунда эки мектеп курулат. Мамлекеттик курулуш агенттигинин маалыматына ылайык, билим берүү мекемеси  Төмөнкү Ала-Арча айылында пайда болот. Андан тышкары, Чыңгыз Айтматов атындагы №1 лицейде кошумча корпус куруу пландалууда.   Эки долбоорду ишке ашыруу 140 миллион долларга айланат. Курулуш иштерине каражат Бирдиктүү депозиттик эсептен бөлүндү.

Кыргыз-казак чек арасындагы “Ак-Тилек” өткөрүү түйүнүндө жүк ташуучу унаалардын кезеги жоюлду

Кыргыз-казак чек арасындагы “Ак-Тилек” өткөрүү түйүнүндө жүк ташуучу унаалардын кезеги жоюлду. Бизге  радиого Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришкендей, учурда анда кезек күткөн машинелер жок. Бекет кадимки режимде иштеп жатат.   Эске салсак,  “Ак-Тилек” өткөрүү түйүнүндө 7-январдан баштап жүк ташуучу машинелердин узун кезеги байкалган. Буга Казакстан… Кененирээк…

Ордо калаада ийне жалбырактуу бактарды отургузуу уланууда

Ордо калаада ийне жалбырактуу бактарды отургузуу уланууда.   Мэриянын маалыматына ылайык, 300дөн ашык туя жана кызыл карагай көчөттөрү Орозбеков, Гоголь, Ибраимов, Жумабек, Раззаков көчөлөрүндө жана Эркиндик гүлбагында пайда болду.

Бишкекте көчөлөрдү калыбына келтирүүдө тоскоолдук жаратып жаткан объектилер алынат

Бишкекте көчөлөрдү калыбына келтирүүдө тоскоолдук жаратып жаткан объектилер алынат. Капиталдык курулуш башкармалыгынын начальнигинин орун басары Улан Уезбаев билдиргендей, эгер алардын документтери болсо, анда ээлеринен сатып алуу боюнча макулдашуу жүрөт.   Эгер объект мыйзамсыз тургузулганы аныкталса, анда алар түрттүрүлөт, — деди Уезбаев. Ордо калаанын көчөлөрүн калыбына… Кененирээк…