Бишкек мэриясы 50 миллион долларга электр энергиясы менен жүргөн  350 автобус сатып алуу ниетинде

Бишкек мэриясы 50 миллион долларга электр энергиясы менен жүргөн  350 автобус сатып алуу ниетинде. Бул тууралуу муниципалитеттин басма-сөз кызматынан билдиришти. Мэр Азиз Суракматов Азия өнүктүрүү банкынын делегациясы менен жолугуп, автобустарды грант менен насыянын эсебинен алуу маселесин талкуулады.   Күтүлгөндөй, каражат жыл аягына чейин берилип калат.… Кененирээк…

Аба-ырайынын начар шарттарынан улам, айдоочуларга этият болуу сунушталат

Аба-ырайынын начар шарттарынан улам, айдоочуларга этият болуу сунушталат. Өзгөчө бул Бишкек-Ош, Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу, Красная Горка- Ак-Таш жана Каракол-Эңилчек жолдоруна сапарга чыга тургандарга тиешелүү.   Аталган трассаларда кар көчкү түшүү коркунучу бар. Айдоочуларга ылдамдыкты жогорулатпай, унаалар ортосундагы тиешелүү 500 метрлик аралыкты сактоо сунушталат

Бишкекте Жукеев-Пудовкин көчөсү оңдолот

Бишкекте Жукеев-Пудовкин көчөсү оңдолот. Капиталдык курулуш башкармалыгынын начальнигинин орун басары Улан Уезбаевдин айтымында, анда учурда эки эс алуу аймагынын курулушу жүрүп жатат – Кыргызстан жана Азербайжан элдеринин ынтымак багы, ошондой эле Балалык багы.   Андыктан, Жукеев-Пудовкин көчөсүн Токомбаевден Сухэ-Баторго чейин узартуу чечими кабыл алынган. Жумуштардын… Кененирээк…

Өлкөнүн аймактарында Балдарды эртелеп өнүктүрүү борборлору ачылат

Өлкөнүн аймактарында Балдарды эртелеп өнүктүрүү борборлору ачылат. Бул тууралуу Билим берүү министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди. Анын айтымында, аларда балдар ата-энелери менен келип окутулат.   Учурда мындай борбор 10 жерде иштеп жатат. Жергиликтүү бийлик органдары жана Социалдык өнүгүү министрлиги менен биргеликте алардын санын 100гө… Кененирээк…

Соода тармактар кыргызстандык өндүрүштөгү товарлар менен текчелерди орнотууга милдеттендирилди

Соода тармактар кыргызстандык өндүрүштөгү товарлар менен текчелерди орнотууга милдеттендирилди. Бул тууралуу “Азаттыкка” Экономика министрлигинен билдиришти. Эми ири дүкөн жана базарларда “Кыргызстанда жасалган” белгиси менен өзүнчө текчелер болушу керек.   Күтүлгөндөй, мындай чаралар ата мекендик товарларды сатууну алдыга жылдырат.

Республиканын бардык көзөмөл-өткөрүү түйүндөрү коронавируска байланыштуу күчөтүлгөн тартипте иштөөсүн улантууда

Республиканын бардык көзөмөл-өткөрүү түйүндөрү коронавируска байланыштуу күчөтүлгөн тартипте иштөөсүн улантууда. Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаевин айтымында, дартты алдын алуу үчүн бардык чаралар көрүлүүдө.   Чек ара бекеттеринде обсервациялык бөлмөлөр каралган. Өлкө аймагына кирген жарандардын бардыгы вируска атайын жабдуулар менен текшерилип жатат. Кыргызстанда бүгүнкү күнгө карата… Кененирээк…

Бишкекте “Электрондук билеттештирүү” долбоору толук кандуу ишке мартта кирип калышы күтүлөт

Бишкекте “Электрондук билеттештирүү” долбоору толук кандуу ишке мартта кирип калышы күтүлөт. Бул тууралуу бизге “Бишкек жүргүнчү автотранспорту” ишканасынын жетекчиси Нурлан Койчубаков билдирди.   Анын айтымында, февраль ичинде электрондук карталардын бардыгы чыгарылып, жарандарга тапшырылат. Долбоордун сыноо режими мартта соңуна чыгып, ал ишке кирип калат, — деди… Кененирээк…

Мырзабек Жыпаркулов Мамлекеттик экотехинспекциянын директору болуп дайындалды

Мырзабек Жыпаркулов Мамлекеттик экотехинспекциянын директору болуп дайындалды. Өкмөт аппаратынан билдиришкендей, тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.   Инспекциянын буга чейинки жетекчиси Жолдошбек Жунушев ээлеген кызматынан бошотулду.

ыргызстан коронавируска каршы күрөшүүдө Кытайга гуманитардык жардам жөнөттү

Кыргызстан коронавируска каршы күрөшүүдө Кытайга гуманитардык жардам жөнөттү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма-сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, жалпысынан 7 тонна жүк менен унаа жөнөтүлдү.   Анда антисептикалык, дезинфекциялык каражаттар жана медициналык беткаптар бар. Министрлик гуманитардык жүктү “Торугарт” чек ара бекетине чейин жеткирип берет.  … Кененирээк…

Кыргызстанда коронавирус катталган жок

Кыргызстанда коронавирус катталган жок. Бул тууралуу вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова жарыялады. Өкмөттүн маалыматына ылайык, адамдарды кабыл алуу жана жайгаштыруу пункттарында Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 413 орун даярдаган.   “Торугарт” өткөрүү пунктунда 100, “Иркештамда” 100, “Манас” эл аралык аэропортунда 183, Ош шаарындагы аэропортто 30 керебет камдалган.  Ошондой эле,… Кененирээк…