Кыргызстан жарандары 2022-жылкы жашыл карта лотереясына катыша алат

  Кыргызстан жарандары 2022-жылкы жашыл карта лотереясына катыша алат. Виза алуу азырынча кыйыныраак жана ага чектөө бар. Бирок такыр берилбейт дегенди түшүндүрбөйт. Американын Кыргызстандагы элчилигинин консулдук бөлүм жетекчиси Алиса Биб кыргызстандык жарандарга иммиграциялык эмес визаны берүүнү улантып жатканын билдирген. Ал Америкага саякаттоо, билим алуу максатында… Кененирээк…

Эликтерди мыйзамсыз аткан браконьер 150 миң сом айып төлөдү

Эликтерди мыйзамсыз аткан браконьер 150 миң сом айып төлөдү. Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, кармалган жарандан ок атуучу курал октору менен, ошондой эле атылган 3 мүйүздүү жаныбар алынды. Эске салсак, мергенчиликтин эрежелери боюнча өлкө аймагында эликке аңчылык кылуу августтун экинчи ишемби күнүнөн… Кененирээк…

Бишкектин кээ бир аймактарында газ өчүрүлөт

Бишкектин кээ бир аймактарында газ өчүрүлөт. Бул тууралуу «Газпром Кыргызстан» ишканасынын басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, 24-февралдан 28ине чейин Байтик Баатыр, Лев Толстой, Элебаев, Кулатов, Байтик Баатыр, Жукеев-Пудовкин жана Горький көчөлөрүнүн кесилишкен аймагында көгүлтүр от жок болот. Убактылуу чектөөлөр оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу.

Азия чемпионатында Айсулуу Тыныбекова коло байгенин ээси болду

Азия чемпионатында Айсулуу Тыныбекова коло байгенин ээси болду. Кыргызстандык балбан кыз-келиндер күрөшүнөн 62 килограммга чейинки салмакта килемге чыгып, мелдеште эки беттеш өткөрдү. Алгач Япониялык спортчу менен кез келип, 6:1 эсебинде жеңилди. Тыныбекова андан кийин коло байге үчүн күч сынашып, индиялык балбанды 11:0 эсебинде жеңип алды.

Аламүдүн районунда биринчи ирет муниципалдык коомдук унаа ишке кирди

Чүй облусунун Аламүдүн районунда биринчи ирет муниципалдык коомдук унаа ишке кирди. Бул тууралуу жергиликтүү бийлик өкүлдөрү билдирди. Ага ылайык, Өзбекстанда чыгарылган 12 техника лизингге алынды. Унаалардын сегизи жүргүнчү ташыган автобус болсо, калгандары атайын оор техника. Автобустар жакынкы сегиз күн аралыгында райондун Садовое, Мыкан жана Аламүдүн… Кененирээк…

Кыргызстанда ушул айда эттин баасы кымбаттады

Кыргызстанда ушул айда эттин баасы кымбаттады. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирет. Өлкө боюнча калктуу 18 сатуу түйүндөн маалымат алынган. Ага ылайык, уй этинин баасы 2,13 сомго же 0,6 пайызга жогорулаганы катталды. Эң кымбаты Кара-Сууда, 1 килограммы 358 сом, Ошто 352 сом жана Бишкекте 356… Кененирээк…