Мартта кошумча эс алуу күндөрү болбойт
Мартта кошумча эс алуу күндөрү болбойт. Социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришкендей, Эл аралык аялдар күнү 8-март, Нооруз 21-март ишемби жана жекшембиге туш келгендиктен 9-23-март эс алуу күндөрү болушу керек болчу. Бул күндөрдү Кыргызстан жарандары 3-6-январда эс алып койгондуктан кошумча дем алыш күн болбойт.