Бишкекте мыйзамсыз орнотулган объектилерди алуу уланып жатат

Бишкекте мыйзамсыз орнотулган объектилерди алуу уланып жатат. Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгы менен “Тазалыктын” кызматкерлери тарабынан Байтик Баатыр көчөсүндөгү 38 метр темир тосмо, Тыналиев көчөсүндөгү веложолчонун курулушуна тоскоолдук жараткан 72 чарчы метр объект жоюлду. Ошондой эле Чүй – Исанов көчөлөр кесилишиндеги уруксааты жок иштетилип келген… Кененирээк…

Казакстан 1-марттан тарта Иран менен аба байланышын токтотот

Казакстан 1-марттан тарта Иран менен аба байланышын токтотот. Ошондой эле Түштүк Кореяга каттамдарды азайтат. Бул тууралуу өлкөнүн башкы санитардык дарыгери Жандарбек Бекшин билдирди. Анын айтымында, мындай чаралар аталган өлкөлөрдө коронавирустун жайылып жаткандыгына байланыштуу. Түштүк Кореяга каттамдар жумасына тогуздан үчкө чейин азаят. Учурда Казакстанда вирусту жуктуруп… Кененирээк…

Кыргызстан жана Россиянын кайчылаш жылынын ачылышы эртең Москвада өтөт

Кыргызстан жана Россиянын кайчылаш жылынын ачылышы эртең, Москвада өтөт. Өлкө башчы аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков билдиргендей, иш-чарага эки өлкө президенттери Сооронбай Жээнбеков менен Владимир Путин катышат. Кайчылаш жылдын алкагында маанилүү чөйрөлөрдө 200дөн ашык иш-чара өткөрүү пландалды. Эске салсак, макулдашууга былтыр Владимир Путиндин Кыргызстанга болгон… Кененирээк…

Эми Бишкектеги ар бир райондун курулушу электрондук каттоодон өтөт

Эми Бишкектеги ар бир райондун курулуш жана объектилери электрондук каттоодон өтөт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка караганда,  Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгы мындан ары электрондук платформада иштейт. Мындан улам, ар бир район тилкелериндеги курулуш жана объектилер электрондук каттоодон өтүүгө милдеттүү. Кошумчаласак, жарандар туура эмес орнотулган… Кененирээк…

Бишкекте милиция күчөтүлгөн тартипте иштеп башташты

Бишкекте милиция күчөтүлгөн тартипте иштеп башташты. Бул 2020-жылкы хоккей боюнча дүйнө чемпионатын өткөрүүгө кам көрүү иштерине байланыштуу. Ички иштер министрлигинен билдиришкендей, коопсуздук чаралары күчөтүлүүдө. Тиешелүү кызматкерлер спорттук мелдештер өтчү жайларды карап чыгып, көзөмөлгө алышат. Ошондой эле ведомство, коомдук жайларда күмөн жараткан нерсени байкап калса, дароо… Кененирээк…

Кыргызстандын сот системасын өнүктүрүүгө 11 миллиард сомго жакын каражат бөлүнөт

2022-жылга чейин Кыргызстандын сот системасын өнүктүрүүгө 11 миллиард сомго жакын каражат бөлүнөт. Бул тууралуу Каржы министринин орун басары Улукбек Кармышаков билдирди. Анын айтымында,  2019-жылдан 2022-жылга чейинки мамлекеттик программанын долбоору депутаттардын кароосунда.

Алдыдагы 2 күндө ылдамдыгы секундасына 22 метрге жеткен шамал болот

Алдыдагы 2 күндө кээ бир райондордо ылдамдыгы секундасына 22 метрге жеткен шамал болот. Катуу жааган жаан-чачындан улам жол көрүнбөй, унаа кыймылы кыйындайт. Жолдор тайгак болуп, тоолуу райондордо кар күрткүлөрү пайда болот. Мындан улам Төө-Ашуу, Чоң-Ашуу, Ала-Бел, Чапчыма, Кара-Гөө ашууларында жана Чычкан капчыгайында, Мырзаке — Кара-Кулжа… Кененирээк…

Ордо калаада жумушсуз жүргөн жарандар акысыз окутулат

Ордо калаада жумушсуз жүргөн жарандар акысыз окутулат. Бул тууралуу Иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, жарандар эмгек рыногунда суроо-талап актуалдуу болгон адистиктер боюнча окутулат. Окутуу төрт айга чейин уланып, жеке компанияларда же шаардык кесиптик лицейлерде өтөт. Жарандар райондук жумушсуздарды каттоо бөлүмдөрүнө кайрыла… Кененирээк…

Бишкекте туш келди таштанды ыргыткандарга чара көрүү уланууда

Бишкекте туш келди таштанды ыргыткандарга чара көрүү уланууда. Буга карата Санитардык экологиялык инспекция күн сайын рейд жүргүзүп жатат. Анын алкагында протоколдун ар башка статьялары менен кафе, дарыкана, дүкөндөрдүн ээлери айыпка тартылууда. Алар 4үнчү жана Чыгыш-5 кичи райондорунда, Ак-Ордо конушунда жайгашкан. Инспекциядан эске салышкандай, аталган фактыларга… Кененирээк…

1-класска барчу балдарды каттоонун акыркы күнү 15-август

1-класска барчу балдарды каттоонун акыркы күнү 15-август. Ата-эне алгач mektep.edu.gov.kg сайты аркылуу тиешелүү бөлүмдөрдү толтурат «Статистика» деген бөлүктө ар бир мектеп, анын дареги, 1-класска канча квота берилгендиги тууралуу маалыматтар бар. Бул бөлүктөн каалаган мектепте 1-класска канча орун калганын билсе болот. Кошумчаласак, былтыр Бишкектин мектептери 1-класска… Кененирээк…