Кыргызстанда күйүүчү май арзандады

Кыргызстанда күйүүчү май арзандады. Мунай ташуучулар ассоциациясынын жетекчиси Канат Эшатов билдиргендей, баалардын түшүшү россиялык нефть иштетүүчү заводдордо баалардын арзандаганы себеп. Эки жума мурда АИ-92 үлгүсүндөгү бензин 60 тыйынга, дизель майы жана унаа газы 1 сомго арзандады. Баалардын мындан кийинки абалы тууралуу азырынча так айтыла элек.… Кененирээк…

Бишкекте камералар орнотулган жерлерде жол кырсыктары 50 пайызга төмөндөдү

Бишкекте камералар орнотулган жерлерде жол кырсыктары 50 пайызга төмөндөдү. Буга Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын мониторинг борборунун жетекчиси Гүлмира Баратова ишендирүүдө. Анын айтымында, башкармалыктагы “Мониторинг борбору” камералардын ишин жана жол кыймылына көзөмөл салып турат. Учурда аталган борборго маалымат сурап кайрылган жарандардын саны 96 миңди… Кененирээк…

Күрөш боюнча лицензиялык турнири Бишкекте өткөрүлбөй калды

Олимпиада оюндарынын күрөш боюнча лицензиялык турнири Бишкекте өткөрүлбөй калды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, мындай чечим ведомствонун ыкчам жыйынында коронавирус дүйнөгө жайылып, абалдын курчуп кеткенине байланыштуу кабыл алынды. Аталган мелдеш 27-марттан 29уна чейин өтмөк болчу. Ошондой эле… Кененирээк…

Жети-Өгүз районунда мыйзамсыз балык улоого каршы рейд өттү

Жети-Өгүз районунда мыйзамсыз балык улоого каршы рейд өттү. Анын жыйынтыгында Дархан айылындагы 3 чакырым тор алынды. Рейд маалында балык кармагандар кармалган жок. Торлор көл жээгинде өрттөлдү. Кошумчаласак,  Жогорку Кеңеш  синтетикалык тор менен балык улоого тыюу салган. Аталган иш кылмыш деп эсептелет.

«Коопсуз шаар” долбоорунун алкагында айыптан түшкөн каражат 686 миллион сомду түздү.

“Коопсуз шаар” долбоорунун алкагында айыптан түшкөн каражат 686 миллион сомду түздү. Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан novosti.kgге билдиришкендей, аталган каражат 590 миң токтом боюнча. Бул жалпы айып бузуулардын 57 пайызын түзөт. Калган 43 пайызы унаа ээлерине токтом жетпегенден улам төлөнбөй келет. Кошумчаласак, айдоочулар айыпка… Кененирээк…

Өзбекстанда суу транспортторуна бир жылга салык киргизилет

Өзбекстанда суу транспортторуна жана тапчандарга бир жылга салык киргизилет. Өзбек өкмөтүнүн токтомуна ылайык, эс алуу жайларында суу транспорттору, суу велосипеддери, карда жүрүүчү унаалар, квадроцикл, дельтаплан жана тапчандар салык алына турчу киреше булагы болуп эсептелет. Жакынкы арада салык кызматкерлери Ташкент облусундагы кыймылсыз жана кыймылдуу мүлктөрдү эсептеп… Кененирээк…

Бишкекте кыргыз күрөшү боюнча Кыргызстандын чемпионаты өтөт

Бишкекте кыргыз күрөшү боюнча Кыргызстандын чемпионаты өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттигинин басма сөз кызматы билдирди. Агенттиктин маалыматы боюнча, биринчилик 1-2-мартта спорт ордосунда болот. Мелдешке өлкөдөгү бардык региондордон балбандар катышат. Алар 7 салмак категориясында күч сынашмакчы.

«Коопсуз шаар» долбоору иштеп баштагандан бери 107 иш сотко өттү

«Коопсуз шаар» долбоору иштеп баштагандан бери 107 иш сотко өттү. Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары Нур Сатыбалдиев novosti.kgге билдиргендей, 103 токтом күчүндө калтырылып, төртөө жокко чыгарылды. Жол кыймылынын эрежесин бузганы үчүн чыгарылган токтомдорго макул болбогон айдоочулар доо арызын беришет. Учурда аталган… Кененирээк…

Мамлекеттик ипотека программасы боюнча 1 миллиард сомго 694 ипотекалык насыя берилди

Мамлекеттик ипотека программасы боюнча 1 миллиард сомго 694 ипотекалык насыя берилди. Бул өткөн жылга карата көрсөткүч экенин Экономика министри Санжар Муканбетов билдирди. Ал белгилегендей, аталган программа боюнча жалпы 4,5 миң ипотекалык насыя берилип, анын суммасы 5,5 миллиард сомго жакын. Ведомствонун маалыматы боюнча, кезекте учурда 4… Кененирээк…

Быйыл Кыргызстанда сугат суу тартыш болот

Быйыл Кыргызстанда сугат суу тартыш болот. Бул тууралуу Суу чарба агенттигинин директорунун орун басары Абдыбай Жайлообаев билдирди. Анын айтымында, мындай кырдаал быйыл кышта кар аз жааганына байланыштуу. Ал эми ушул жылкы 1 миллион гектардан көп аянтка себүү иштери жүрөт. Бул былтыркыга салыштырмалуу 2 миң гектарга… Кененирээк…