Өзгөн районунда коронавирус катталды деген маалымат чындыкка дал келбейт

Өзгөн районунда коронавирус катталды деген маалымат чындыкка дал келбейт. Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришкендей, Социалдык тармактарда жалган маалымат тарап жатат.   Кыргызстанда вирус катталган жок. Чек ара бекеттеринде, аэропорттордо адистер өлкө аймагына киргендерди тепловизор менен текшерип жатат. Коронавирус жайылып жаткан Кытайдын, Ирандын, Италиянын, Жапониянын жана Түштүк… Кененирээк…

Мыйзамсыз чыгарылып бараткан 1 миллион медициналык беткап алынды

Кыргызстандан аткезчилик жол менен 1 миллион даана медициналык беткапты чыгарып кетүүгө аракет кылышкан. Бул тууралуу өлкө аймагына коронавирустун келишинин алдын алуу жана анын жайылышына жол бербөө боюнча республикалык штабдын 28-февралдагы жыйынында белгилүү болду.   Беткаптарды мыйзамсыз жол менен кимдер, кайсы өлкөгө алып баратканы тууралуу маалымат… Кененирээк…

Коронавирустан улам Кыргызстанда өтчү эл аралык мелдештер жылдырылды

Дүйнөдө коронавирустан улам Кыргызстанда өтчү бир катар эл аралык мелдештер жылдырылды. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик кабарлады.   Маалыматка ылайык, бул агенттикте чукул жыйын чакырылган. Анын жыйынтыгында Кыргызстанда өтчү спорттук күрөш боюнча Азиянын лицензиялык мелдешин, шайба менен ойнолуучу хоккей… Кененирээк…

Кыргызстанда 25 жыл мурда чыккан учактарга мындан ары учууга тыюу салынды

Кыргызстанда 25 жыл мурда чыккан учактарга мындан ары учууга тыюу салынды. Тиешелүү чечимге премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Мындай чечимдин негизги максаты — жарандык авиацияны өнүктүрүү жана калкка товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу.   Учурда Кыргызстанда  жалпысынан 54 учак жана тик учак катталган. Алардын… Кененирээк…

Кыргызстан коронавирус көп катталып жаткан Кытайдын, Ирандын, Италиянын, Япониянын жана Түштүк Кореянын жарандарынын келишине убактылуу чектөө киргизди

Кыргызстан коронавирус көп катталып жаткан Кытайдын, Ирандын, Италиянын, Япониянын жана Түштүк Кореянын жарандарынын келишине убактылуу чектөө киргизди. Мындай чечим коронавирусту алдын алуу боюнча республикалык штаб кабыл алды.   Чечимге ылайык аталган өлкөлөрдүн жарандары 1-марттан тарта ишке же туристтик максаттарда Кыргызстанга кире алышпайт.   Ошондой эле… Кененирээк…

Кыргызстандын чек арасынан ID-карт менен өтүүгө 1-марттан тарта убактылуу тыюу салынды

Кыргызстандын чек арасынан ID-карт менен өтүүгө 1-марттан тарта убактылуу тыюу салынды. Мындай чара жарандардын коопсуздугун сактоо жана чек арадагы көзөмөлдү күчөтүү максатында киргизилгенин өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.   Буга чейин эпидемиологиялык кырдаал начар болгон өлкөлөрдөн Москвага келгенин жашырып, мамлекеттик чек арадан ID-карта менен өтүүгө аракет… Кененирээк…