Дипломдук ишти онлайн түрдө жактоого болот

Дипломдук ишти онлайн түрдө жактоого болот. Бул тууралуу билим берүү министринин орун басары Нурлан Өмүров билдирди. Анын айтымында, Skype мессенджери аркылуу видео-конференция уюштурулат. Дипломдук ишти жактоону онлайн-режимде кабыл алуу боюнча Кыргызстандагы университеттердин мүмкүнчүлүгү да, тажрыйбасы да бар. Өмүров белгилегендей, буга чейин көптөгөн ЖОЖдор мындай практиканы… Кененирээк…

Ошто коронавирусту атайылап жуктургандар өз каражаттарына дарыланышат

Ошто коронавирусту атайылап жуктургандар өз каражаттарына дарыланышат. Бул тууралуу Ош шаары, Ноокат жана Кара-Суу райондорунун коменданты Малик Нурдинов билдирет. Анын айтымында, тургундарга коменданттык саат киргизиленден тартып тынымсыз түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, эскертүүлөр берилип жатат. Ага карабай көчөдөгү кыймылдар азайган жок. Айылдарда унаалар үзгүлтүксүз жүрүүдө. Комендант эскерткендей,… Кененирээк…

Алдыңкы 4 күндө айрым жерлерде үшүк жүрөт

Алдыңкы 4 күндө Кыргызстандын аймагында абанын температурасы кескин төмөндөп, айрым жерлерде үшүк жүрөт. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, бүгүн түнкүсүн өлкөнүн тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Абанын температурасы кескин төмөндөп, -3 градуска чейин түшүп, үшүк жүрүшү ыктымал.  Мындай аба ырайы өрүктүн бүчүрлөрүнө жана гүлдөрүнө, данектүү мөмө… Кененирээк…

Бишкектиктер мартта жылуулук үчүн 6 күнгө акы төлөбөйт

Бишкектиктер мартта канча күнгө акы төлөй турганы белгилүү болду. «Бишкек жылуулук тармактары» ишканасынан билдиришкендей, абанын температурасы климаттык нормадан жогору болгонуна байланыштуу март айындагы жылуулук үчүн төлөм макулдашылгандан аз болот. Маалыматка караганда, 1-марттан 18ине чейин жана 25-марттан 31ине чейинки аралыкта төлөм чегерилет. Жалпысынан 25 суткага эсептөө… Кененирээк…

Кыргызстанда Жалпы республикалык тестирлөө белгисиз мөөнөткө жылдырылды

Кыргызстанда Жалпы республикалык тестирлөө белгисиз мөөнөткө жылдырылды. Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун адиси Чынара Батыракеева билдиргендей, учурда аны онлайн өткөрүүгө мүмкүнчүлүк жок, жабдуулар жетишсиз. Ошондой эле ЖРТга каттоо башталганда окуучулар кезексиз каникулга тарап кеткендиктен, бүтүрүүчүлөрдүн санын тактоого мүмкүнчүлүк болбой калган. Тестирлөөнүн өтүшү өлкөдөгү кырдаалга… Кененирээк…

Медицина кызматкерлерин ташуу үчүн 797 транспорт каражаттары уюштурулду

Медицина кызматкерлерин ташуу үчүн 797 транспорт каражаттары уюштурулду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин штабынын жетекчисинин орун басары Касымбек Мамбетов билдирди. Анын айтымында, атайын унаалар дарыгерлерди үйүнөн жумушка каттоосун камсыз кылат. Белгилеп кетсек, түштүк калаага өзгөчө абал киргизилгенден кийин дарыгерлерди ташууга 28 кичи автобус уюштурулуп, мэрия күйүүчү… Кененирээк…

Өлкөдө дары-дармектердин запасы 3 айга жетет

Өлкөдө дары-дармектердин запасы 3 айга жетет. Бул тууралуу Коронавирусту алдын алуу штабынын жетекчисинин орун басары Касымбек Мамбетов билдирди. Анын айтымында, вируска каршы терапия үчүн бардык керектүү дарылар жетиштүү деңгээлде. Буга чейин Кыргызстан коронавируска каршы россиялык препараттарды алууга даяр экенин тиешелүү ведомстводон билдиришкен. Мындан улам дары-дармек… Кененирээк…

Токио Олимпиадасынын жаңы датасы белгиленди

Токио Олимпиадасынын жаңы датасы белгиленди. Эл аралык олимпиада комитетинин расмий сайтына жарыяланган маалыматка ылайык, 2021-жылдын 23-июлунан 8-августуна чейин Олимпиада, 24-августтан 5-сентябрга чейин Паралимпиада оюндары өтөт. Буга чейин коронавирус пандемиясынан улам жайкы Олимпиада оюндарын кийинки жылга жылдыруу боюнча чечим кабыл алынган. Муну менен тарыхта биринчи ирет ири спорттук иш-чаранын… Кененирээк…

Чүй облусунун бардык райондорундагы калктын аярлуу катмарына жардам берилди

Чүй облусунун бардык райондорундагы калктын аярлуу катмарына жардам берилди. Бул тууралуу өкмөттүн Чүй облусундагы ѳкүлчүлүгү “Акипресске” билдирет. Маалым болгондой, Кемин, Ысык-Ата, Аламүдүн, Сокулук, Москва, Жайыл, Панфилов, Чүй райондорундагы жана Токмок шаарындагы 4,5 миң үй-бүлөгө азык-түлүк жана акчалай жардам көрсөтүлдү. Мындан тышкары 9 миңге жакын бет… Кененирээк…

Өлкөнүн бардык аймактарында 257 көчмө медициналык топтор иштеп жатат

Өлкөнүн бардык аймактарында 257 көчмө медициналык топтор иштеп жатат. Коронавирусту алдын алуу штабынын жетекчисинин орун басары Касымбек Мамбетов билдиргендей, бригадалардын курамына үй-бүлөлүк медицина борборунун адистери жана эпидемиологдор кирди. Аталган кызматкерлер жарандарды текшерүү иштерин жүргүзүшөт. Мындан тышкары 200гө жакын медицина кызматкерлери өз ыктыяры менен бригадага кошулуп… Кененирээк…