Бишкектин борбордук бөлүгүндө абал туруктуу

Бишкектин борбордук бөлүгүндө абал туруктуу. Ала-Тоо аянтында митингдин катышуучулары тарады. Жеринде тартип сакчылар коопсуздукту камсыздоодо. Бишкек милициясы күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өттү.   “Тазалыктын” кызматкерлери ордо калаанын башкы аянтын тазалап, таштандыларды жыйнап жатат.

Бишкектин бир бөлүгүндө эртең таза суу жок болот

Бишкектин бир бөлүгүндө эртең таза суу жок болот. Мэриянын маалыматына ылайык, эртең мененки саат 9дан кечки 5ке чейин суу Ак-Босого конушунда өчүрүлөт. Бул аймакка №81 мектеп, бала бакча жана үй-бүлөлүк медицина борбору тиешелүү.   Андыктан, билим берүү мекемелери  бир күнгө жабылат. Бейтапкана сууну запастап алгандыктан,… Кененирээк…

Кыргызстанда коронавирустун тастыкталган учуру катталган жок

Кыргызстанда коронавирустун тастыкталган учуру катталган жок. Өкмөт аппаратынын маалыматына ылайык, чек арадагы бардык өткөрүү бекеттери күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда.   Вирус көп катталган мамлекеттерден келген жарандар 2 жумалык карантинге алынып жатат. Учурда обсервацияда 298 адам бар. Бийлик жалпысынан, өлкө аймагында абал туруктуу экенин белгилеп,… Кененирээк…

Токиодогу жайкы Олимпиада оюндары көрүүчүсү жок өтүшү мүмкүн

Токиодогу жайкы Олимпиада оюндары көрүүчүсү жок өтүшү мүмкүн. РИА Новостинин маалыматына ылайык, мындай чараны Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму коронавирустун жайылышына байланыштуу караштырып жатат.   Ошондой, эле жылдын эң башкы спорттук иш-чарасы Токиодо эмес, башка жерде өтүшү мүмкүн деген маалыматтар айтылууда. Ал эми Японияда Олимпиаданы өткөрүүгө… Кененирээк…

Лев Толстой көчөсүндө оңдоо иштери ушул айда жанданат

Лев Толстой көчөсүндө оңдоо иштери ушул айда жанданат.  Капиталдык курулуш башкармалыгынын басма-сөз кызматынан билдиришкендей, анын Достоевскийден 7-апрель көчөсүнө чейинки 1 чакырымга жетпеген тилкеси гана калган.   Иштердин кечеңдешине магистралдык түтүктөрдү өткөрүү иштери себеп болгон. Мартта курулуш иштери уланат. Тилке болжол менен 3 айда аяктайт. Андан… Кененирээк…

Бишкектеги айдоочулук күбөлүк берген бөлүм башка дарекке көчтү

Бишкектеги айдоочулук күбөлүк берген бөлүм башка дарекке көчтү. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти. Маалыматка караганда,  2-марттан тарта аталган бөлүм Чокан Валиханов, 2 дареги боюнча иштей баштады.   Буга чейин айдоочулар Ауэзов, 1/5 дарегине кайрылып келишкен.

Кыргыз-казак чек арасындагы эки түйүндүн макамы өзгөрдү

Кыргыз-казак чек арасындагы эки түйүндүн макамы өзгөрдү. “Кең-Булуң” жана “Токмок” өткөрмө бекеттери эми көп тараптуу. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.   Маалыматка ылайык, 2-марттан тарта аталган бекеттер 3-өлкөнүн жарандарын дагы өткөрө баштады. Эки  түйүн күнү-түнү иштеп, адамдарды, транспорт каражаттарын жана жүктөрдү өткөрүүдө.  … Кененирээк…

Францияда Лувр музейи коронавирустун айынан көрүүчүлөрдү кабыл албайт

. Бул тууралуу дүйнөлүк ММКлар жазышууда. Париждин борбордук бөлүгүндө жайгашкан Лувр дүйнө жүзүндөгү эң көп адам кабыл алган музей болуп эсептелинет.   Ага жыл сайын миллиондогон адамдар келет. Андан тышкары, Францияда жабык имараттарда 5 миңден көп адамды топтоп өткөрүлгөн иш-чараларга тыюу салынды. Мындай чектөөлөр коронавирустун… Кененирээк…

Кыргызстан мектептеринде жазгы каникулдар 10 күнгө созулат

Кыргызстан мектептеринде жазгы каникулдар 10 күнгө созулат. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен билдиришти. Ведомствонун маалыматына ылайык, окуучулар 23-марттан 30-мартка чейин эс алат.   Окуу процесси 31-мартта жанданат. Белгилеп кетсек, өлкө мектептеринде сабактар 21-марттан тарта эле өткөрүлбөй калат, анткени, бул күнү өлкөдө Нооруз майрамы белгиленет.

“Тулпар” электрондук билеттештирүү долбоору Ошто дагы пайда болушу мүмкүн

“Тулпар” электрондук билеттештирүү долбоору Ошто дагы пайда болушу мүмкүн. Бул тууралуу Бишкекте ишке ашырылган долбоордун жетекчиси Арсен Кондахчан билдирди.   Күтүлгөндөй, ал түштүк калаада алгач жумушчу долбоор менен кое берилет, ал ийгиликтүү аяктаган соң, толук кандуу ишке киргизилет. “Тулпар” системасы Ошто 2022-жылдан тарта иштеп башташы… Кененирээк…