Кыргызстанда өткөн жылы 173 миң ымыркай жарыкка келди

Кыргызстанда өткөн жылы 173 миң ымыркай жарыкка келди. Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришкендей, балдардын көбү Ош облусунда төрөлсө, эң аз Талас жана Нарында. Бир нече жылдан бери Умар жана Раяна ысымдары популярдуу болуп келет.   Ал эми эң сейрек кездешкен аттардын арасында Айюб, Рудольф, Океан, Лексус,… Кененирээк…

Кыргызстанда Сауд өнүктүрүү фондунун каражатына 27 мектептин курулушу жүрүүдө

Кыргызстанда Сауд өнүктүрүү фондунун каражатына 27 мектептин курулушу жүрүүдө. Мамлекеттик курулуш агенттигинин маалыматына ылайык, долбоорлорду ишке ашыруунун жалпы баасы 30 миллион долларды түзөт. Каражат Кыргызстанга насыя катары берилген.   Мектептердин курулушу бардык облустарда жүрүп жатат. Көбү Ош облусуна туура келет. Билим берүү мекемелеринин эң азы… Кененирээк…

Коронавирустун айынан чек араларда жана обсервацияларда нөөмөттө турган дарыгерлерге сый акы берилет

Коронавирустун айынан чек араларда жана обсервацияларда нөөмөттө турган дарыгерлерге сый акы берилет. Тиешелүү буйрукту Саламаттыкты сактоо министрлигине премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев берди.   Кошумчалап кетсек, жалпысынан, учурда карантинге 290дон ашык адам алынган. Алар эпидемиологиялык жактан туруктуу эмес мамлекеттерден келген жарандар.

Бишкекте №9 балдар искусство мектеби үчүн жаңы имарат курулат

Бишкекте №9 балдар искусство мектеби үчүн жаңы имарат курулат. Бул тууралуу ордо калаа мэриясынын басма-сөз кызматынан билдиришти. Учурда мектеп жайгашкан имарат 1925-жылы курулган.   Учурда анын эскилиги жетип, окуучулар үчүн тар болуп жатат. Анын жалпы аянты болгон 261 чарчы метрге жетет. Жаңы имарат болсо кенен… Кененирээк…

Өкмөт коронавируска байланыштуу антикризистик план иштеп чыгат

Өкмөт коронавируска байланыштуу антикризистик план иштеп чыгат. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жарыялады. Өкмөт башчы белгилегендей, дүйнөнү каптаган коронавирустун кесепетинен Кыргызстандын экономикасы жабыркап, өкмөт бардык тобокелчиликтерди кыскартуу аракетин  көрүшү керек.   Импорттун лидери болгон Кытайдын ордуна башка мамлекеттерди табуу зарыл.  Бул үчүн альтернативалык рынокторду издөө… Кененирээк…

Кыргызстанда аскерге жазгы чакырык жүрүүдө

Кыргызстанда аскерге жазгы чакырык жүрүүдө. Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитеттин маалыматына ылайык, ыкчам кызматтагы чакырыкка   3 миңден ашык адам, альтернативалык кызматка 8 миң киши тартылат.   Аскер кызматын өтөп бүткөндөр аскер запасына кетирилип, кезектеги жоокерлерди кабыл алуу башталат. Жазгы чакырык марттан май айларына чейин созулат.… Кененирээк…

Бишкекте медициналык беткаптардын жетишсиздиги катталууда

Бишкекте медициналык беткаптардын жетишсиздиги катталууда. Өлкөдөгү эн ири дарыканалар тармагынын өкулү билдиргендей, жарандар массалык түрдө беткаптарды сатып алып жатат.   Буга байланыштуу, сактоочу каражаттар бир жума мурда түгөнүп калды. Учурда алар дарыканаларда дагы сатылган жок, сактоочу жайларда дагы калган жок, — деди өкүл.

Кыргызстанда коронавирустун тастыкталган учуру жок

Кыргызстанда коронавирустун тастыкталган учуру жок. Өкмөт аппаратынан билдиришкендей, чек аралардагы бардык өткөрүү түйүндөрү күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат. Мамлекеттик органдар өлкөдөгү абалды көзөмөлдөп, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму менен байланышта болуп жатат.   Вирус көп катталган мамлекеттерден келгендер эки жумалык карантинге алынууда. Учурда обсервацияларда 292 адам жатат.… Кененирээк…

Алдыда 4 күн бою Бишкекте кыштагыдай аба-ырайы күтүлөт

Алдыда 4 күн бою Бишкекте кыштагыдай аба-ырайы күтүлөт. Синоптиктердин маалыматында, бүгүн жана эртең шаарда асманды ала булут каптап турат. Күндүз абанын табы 12 градуска чейин жогорулайт. Ал эми эртең кечинде нөшөрлөгөн жаан жаашы күтүлүүдө. Анын ыргагы өзгөрмө болуп түнү бою жана эртең менен да жаайт.… Кененирээк…

Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына карата ардагерлерге дагы акча бөлүнөт

Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына карата ардагерлерге дагы акча бөлүнөт. Өлкө башчы аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдиргендей, президент Сооронбай Жээнбеков бир жолку төлөмдөр жөнүндө жарлыкка кол койду. Документке ылайык, учурда Кыргызстанда жашап жаткан 251 ардагердин ар бирине 75 миңден бөлүнөт. Эске салсак, буга чейин Социалдык өнүгүү… Кененирээк…