Бишкектин “Тунгуч” кичи районунда бала бакчанын курулушу ушул жазда аяктайт

Бишкектин “Тунгуч” кичи районунда бала бакчанын курулушу ушул жазда аяктайт. Ордо калаа мэриясынын маалыматына ылайык, мектепке чейинки билим берүү мекемеси 140 бөбөккө эсептелген.   Эки кабаттуу имаратта 5 тайпа жайгаштырылат. Бүгүнкү күнгө карата курулуш иштеринин 80 пайызы аяктап калды. Бала бакчанын айланасы көрктөндүрүлүп жатат. Долбоордун… Кененирээк…

Кыргызстанда жарандардын жеке маалыматын коргой турган  мамлекеттик орган түзүлөт

Кыргызстанда жарандардын жеке маалыматын коргой турган  мамлекеттик орган түзүлөт. Бул тууралуу Маалымат технологиялары жана байланыш боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Дастан Догоев билдирди.   Анын айтымында, учурда бул тууралуу токтом долбоору даярдалууда. Мекемелер менен макулдашып, кабыл алганча эки-үч ай убакыт талап кылынат. Жеке маалыматты коргоо боюнча… Кененирээк…

Бишкекке Түштүк Кореядан келген 5 кыргызстандык үй шартындагы обсервацияга жөнөтүлөт

Бишкекке Түштүк Кореядан келген 5 кыргызстандык үй шартындагы обсервацияга жөнөтүлөт. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, алардын бардыгы бир үй-бүлө мүчөлөрү. Алар лобараториялык иликтөөдөн өттү, коронавирус аныкталган жок.   Эреже боюнча, алар 2 жумалык карантинге алынышы керек болчу. Бирок бир баласынын ден-соолугу чектелген, ал эми экинчи… Кененирээк…

Кыргызстанда айрым мугалимдерге айлыктар көбөйтүлдү

Кыргызстанда айрым мугалимдерге айлыктар көбөйтүлдү. Билим берүү министрлигинин маалыматына ылайык, учурда республикада педагогдордун аттестациясы жүрүүдө. Андан ийгиликтүү өткөндөр квалификацияга  ээ болуп, айлыгына акча кошулат.   Аттестация өлкөнүн 30 инновациялык мектебинде өттү.  500 мугалим аны тапшырып, негизги маянасына 2 миң сомдон кошумча алышты.

Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында спектакль коюу убактылуу токтотулду

Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында спектакль коюу убактылуу токтотулду. Бул тууралуу “Азаттыкка”  театрдын директорунун орун басары Елена Смирнова билдирди.   Анын айтымында, мындай чектөө өкмөттүн коронавирусту алдын алуу иш-чараларынын алкагында киргизилди.  Спектаклдер 31-мартка чейин коюлбайт. Билет сатып алгандар кайра кассага тапшырып же кийинки… Кененирээк…

Facebook компаниясы Messenger тиркемесинин жөнөкөйлөтүлгөн түрүн тартуулады

Facebook компаниясы Messenger тиркемесинин жөнөкөйлөтүлгөн түрүн тартуулады. Жаңычылдык iOS платформалары үчүн жеткиликтүү болот. Тиркеме жаңыдан куралгандыктан, ал эми тез иштеп, колдонуу шарттары дагы жөнөкөй болуп калды.   Компаниянын инженерлеринин пикиринде, бул тиркемени ага күнүнө көп ирет киргендерге ылайыктуу. Жаңыланган тиркеме кийинки жумада ишке кирет.

Кыргызстандагы бардык маданий-массалык иш-чаралар өткөрүлбөйт

Кыргызстандагы бардык маданий-массалык иш-чаралар өткөрүлбөйт. novosti.kgге өкмөт аппаратынан билдиришкендей, мындай сунуш Республикалык штабга коронавирустун жайылышын алдын алуу үчүн берилди.   Ага ылайык, бийлик элди чогулта турган иш-чараларды өткөрбөй турууну туура көрдү. Бүгүн Ак калпак күнү майрамдалган жок, Эл аралык аялдар күнү жана ири спорттук мелдештер… Кененирээк…

Өлкөдө кар көчкү түшүү коркунучу сакталууда

Өлкөдө кар көчкү түшүү коркунучу сакталууда. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматында жаан-чачынга байланыштуу, Төө-Ашуу, Ала-Бел, Чапчыма ашууларында жана Чычкан капчыгайында кар көчкү түшүү коркунучу бар.   Ошондой эле Мырзаке-Кара-Кулжа-Алай-Куу, Ала-Бука-Каныш-Кыя, Красная горка-Ак-Таш трассасындагы айдоочулар этият болушу зарыл. Унаалар ортосундагы 500 метрлик  аралыкты сактоо кажет.

Бишкектин дагы 2 мектеп жана бала бакчасында кошумча корпустар пайда болот

Бишкектин дагы 2 мектеп жана бала бакчасында кошумча корпустар пайда болот. Капиталдык курулуш башкармалыгынын начальниги Гүлмира Жумабекованын айтымында, кеп №20 жана №40 мектептер жана №4 №138 бала бакчалар тууралуу болуп жатат.   Учурда бул объектилерди даярдоо иштери жүрүүдө. Эске салсак, буга чейин мектептерге кошумча корпустарды… Кененирээк…

Шаардык кеңешке депутаттыкка талапкерлердин үгүт иштери 13-мартта башталат

Шаардык кеңешке депутаттыкка талапкерлердин үгүт иштери 13-мартта башталат. Бул тууралуу novosti.kgге Борбордук шайлоо комиссиясынын басма-сөз кызматынан билдиришти. БШКдан белгилешкендей, айылдык кеңештердин жарнамалык кампаниясы 23-марттан тарта жүргүзүлөт.   Үгүт иштери добуш берүү башталганга 1 күн калганда токтошу керек. Учурда Боршайком талапкерлердин документтерин текшерип, аларды каттоодон өткөрүүгө… Кененирээк…