Бишкектеги соода борбордогу ар бир кардар дезинфекциялоочу каражат менен камсыздалат

Бишкектеги соода жана бизнес борбор, супер маркет жана көңүл ачуучу жайларда ар бир кардар дезинфекциялоочу каражаттар менен камсыздалат. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка караганда, мындай чечимди респубикалык штаб коронавирустун алдын алуу үчүн кабыл алды.Учурда Кыргызстанда вирус каттала элек. Кытай, Корея, Япония жана… Кененирээк…

Айсулуу Тыныбекова дүйнөлүк рейтингде биринчиликти сактап калды

Айсулуу Тыныбекова Бириккен күрөш дүйнөсүнүн рейтингинде биринчиликти сактап калды. Бул тууралуу аталган уюм жарыялады. Рейтинг 6-8-мартта Канадада өткөн мелдештен кийин өзгөртүлгөн. Учурда Тыныбековада 90 упай бар. Андан кийинки орунда болгариялык Тайбе Юсеин 56 упайы менен турат.

Бишкектин айрым аймактарында таза суу өчүрүлөт

Бишкектин айрым аймактарында таза суу өчүрүлөт. Мэриянын маалыматында, эртең саат 9дан кечки 5ке чейин Энесай, Дордой-1 жана Дордой-2 конуштарында суу жок болот. Ошондой эле аймактарга тиешелүү Үй-бүлөлүк медицина борбору, мектеп жана бала бакчалар, китепкана, милициянын  аймактык бөлүмдөрү 1 күнгө ишин токтотот. Убактылуу чектөө ремонттук иштерге… Кененирээк…

Россияда карантин режимин бузгандар 5 жылга эркинен ажыратылат

Россияда карантин режимин бузгандар 5 жылга эркинен ажыратылат. Москва бийлиги коронавирус коркунучунан улам өзүн коомчулуктан алыс кармабай, карантинге жатпай койгондор кылмыш жоопкерчилигине тартыларын эскертти. Бул Кытай, Түштүк Корея, Иран, Италия, Франция, Германия жана Испанияга барып келген жарандарга тиешелүү. Учурда Россияда карантин режимин бузган, тагыраагы сыртка… Кененирээк…

Ушул жылы өтүүчү жалпы республикалык тестирлөөгө кошумча 2 предмет кошулду

Ушул жылы өтүүчү жалпы республикалык тестирлөөгө кошумча 2 предмет кошулду. Бул тууралуу Билим берүү министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди. Анын айтымында, абитуриенттердин 70 пайызы тестти кыргыз тилинде тапшырат. Буга байланыштуу кошумча кыргыз тили жана адабияты предмети киргизилди. Ошондой эле орус тили жана адабияты сабагы… Кененирээк…

Кыргызстанда Нооруз майрамын өткөрүүгө тыюу салынды

Кыргызстанда Нооруз майрамын өткөрүүгө тыюу салынды. Өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришкендей, бул күнү бир жерге чогулуп, иш-чараларды өткөрүп майрамдоого болбойт. Мындай чечим коронавирустун алдын алуу боюнча кабыл алынды. Буга чейин Нооруздагы көк бөрү турнири өтпөй турганы маалым болгон. Коронавирус учурда дүйнөнүн 100дөн ашык өлкөсүндө катталды. Ал эми Кыргызстанда… Кененирээк…

Казакстанда доллардын курсу жогорулады

Казакстанда доллардын курсу жогорулады. Кырдаал дүйнөдө мунай затынын баасы төмөндөп жаткандыгына байланыштуу. Учурда коңшу өлкөнүн акча алмаштыруу жайларында доллардын курсу 397 теңгеге жетти. Жума күнү ал 382 теңгени түзгөн. Ошондой эле орус валютасы дагы кунун жоготуп, бир доллар 72 рубль 72 тыйынга туура келди. Бул… Кененирээк…

Быйыл Жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо кымбаттады

Быйыл Жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо кымбаттады. Билимди баалоо борборунун коомчулук менен байланыш боюнча адиси Чынара Баткеева билдиргендей, анын суммасы 370 сомду түзөт. Бул сумма үч жылга чейин өзгөрбөйт. Учурда мектеп, кесиптик окуу жай, колледжди аяктап жаткандарга каттоо жүрүп жатат, ал 3-апрелге чейин уланат. Каттоо алар… Кененирээк…

Бишкекте дене табы көтөрүлгөн коомдук унаа айдоочулары каттамга чыгарылбайт

Бишкекте 250дөн ашык маршруттук унаа дезинфекциядан өттү. Мэриядан билдиришкендей, Санитардык-эпидемиологиялык борборунун кызматкерлери автобус жана троллейбустарда вирустун алдын алуу иштерин жүргүзүп жатышат. Муну менен бирге соода түйүндөрүндө да тазалоо иштери өтүп жатат. Муниципалитеттен белгилешкендей, медициналык кароодон өтпөгөн, дене табы көтөрүлгөн жана респиратордук вирустун белгилери бар айдоочулар… Кененирээк…

Бишкекте автобус айдоочуларынын айлыгы 85 пайызга көбөйөт

Бишкекте автобус айдоочуларынын айлыгы көбөйөт. Бул тууралуу Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасынын директору Нурлан Койчубаков билдирди. Анын айтымында, «Тулпар» электрондук төлөм системасы толугу менен ишке киргенден тарта айдоочулардын айлыгы 85 пайызга жогорулайт. Учурда алардын маянасы орто эсеп менен 15 миң сомду түзөт. Жол киреге төлөнгөн ар… Кененирээк…