“Кыргызстандын спорт чебери” наамы 18 спортчуга ыйгарылды
“Кыргызстандын спорт чебери” наамы 18 спортчуга ыйгарылды. Беделдүү документтер грек-рим, эркин күрөштөрү, жиу-житсу, оор атлетика, көркөм гимнастика, спорттук аэробика жана таэквондо боюнча тапшырылды. Спортчулар 2016-жылкы кабыл алынган бирдиктүү классификацияга ылайык аталган наамга ээ болушу.