Бишкектин батыш бөлүгүндө таза суу өчүрүлөт

Бишкектин батыш бөлүгүндө таза суу өчүрүлөт. Эртең саат 9дан кечки 5ке чейин Абасканов, Архангельск, Белгород, Кустанай жана Тираспольская көчөлөрү менен чектелген аймакта таза суу жок болот. Ошондой эле аталган тилкелерде жайгашкан мектеп, бала бакча, медициналык борбор жана ишканалар 1 кунчө ишин токтотот. Убактылу чектөө оңдоп-түзөө… Кененирээк…

Аскерге кетерде тест тапшырган абитуриенттердин жыйынтыгы 3 жылга чейин жарактуу болот

Аскерге кетерде тест тапшырган абитуриенттердин жыйынтыгы 3 жылга чейин жарактуу болот. Бул тууралуу Илимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун коомчулук менен байланыш боюнча адиси Чынара Батракеева билдирди. Анын айтымында, эгер адам аскерде кызмат өтөп жатса, анын жалпы республикалык тестирлөөдөгү жыйынтыгы 3 жыл жарактуу болот. Же… Кененирээк…

2 жыл аралыгында Милициянын кайгуул кызматы бүт республика боюнча иштеп баштайт

2 жыл аралыгында Милициянын кайгуул кызматы бүт республика боюнча иштеп баштайт. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкы башкармалыгынан novosti.kgге билдиришти. Маалыматка караганда, алгач жумушчу долбоор менен Ош, Баткен, Кызыл-Кыя шаарларында ишке ашмакчы. Жаңы каызматка кабыл алууга 1-этап менен болжолдуу түрдө 300 талапкер каралат. Кошумчаласак,… Кененирээк…

Тажикстанда аскерге чакырылгандар айдоочу курстарын бекер окушат

Тажикстанда аскерге чакырылгандар айдоочу курстарын бекер окушат. Хатлон облусунда жергиликтүү бийлик ишке ашырып жаткан жеңилдик 1-апрелден тарта ишке ашат. Тажикстанда айдоочулук күбөлүк алууга орточо эсеп менен 3 миң сомони же 20 миң сомдон ашык акча керек. Буга чейин дагы бийлик армияга барып келген жигиттерге жер… Кененирээк…

Кыргызстанда эл каттоо үчүн 3 миң ноутбук даярдалды

Кыргызстанда эл каттоо үчүн 3 миң ноутбук даярдалды. Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришкендей, жабдуулар Улуттук статистика комитетине тапшырылды. Аталган комитет «Каттоочуну каттоодон өткөрүү» автоматташтырылган маалыматтык системаны иштеп чыкты. Эл каттоого буга чейин дагы 50 миллион сомго планшеттер сатылып алынган. Ал эми Калкты жана турак жай фондун… Кененирээк…

Милициянын кайгуул кызматы 200 кызматкерге толукталат

Милициянын кайгуул кызматы 200 кызматкерге толукталат. Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкы башкармалыгынан novosti.kgге билдиришкендей, кызматкерлерди кабыл алуу 3-этап менен ишке ашып жатат. Алар атайы Ички иштер министрлиги академиясында 3 айлык окуудан өтүшүүдө. Учурда ордо калаада кайгуул кызматынын 545 кызматкери иштеп жатат. Алар 160 унаа  менен… Кененирээк…

Ош шаарында жаңыдан каттоого тургандар шайлоодо добуш бере албайт

Ош шаарында жаңыдан каттоого тургандар шайлоодо добуш бере албайт. БШКнын мүчөсү Абдыжапар Бекматов билдиргендей, жашаган жерин өзгөрткөн 30 миң жаран шайлоочулардын тизмесине киргизилген жок. Укук коргоо органдары 28-мартка чейин чечим чыгарышы керек, эгер кечиктирилсе алар шайлоого катыша албайт. Буга чейин бир эле дарекке миңден ашык… Кененирээк…

Коронавирустун өлкө экономикасына тийгизген таасири эки айдан кийин билинет

Коронавирустун өлкө экономикасына тийгизген таасири эки айдан кийин билинет. Бул тууралуу Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов билдирди. Анын айтымында, азырынча эпидемиянын экономикага тийгизген таасири тууралуу айтуу кыйын. Мурда Кытайдан ташылып келген товарларды башка өлкөлөрдөн импорттоого алмаштыруу жүрүп жатат. Мисалы, буга чейин Кытайдан келген кездемелер азыр… Кененирээк…

Жукеев-Пудовкин көчөсүнүн түштүк тарабын оңдоо ушул жылы башталат

Жукеев-Пудовкин көчөсүнүн түштүк тарабын оңдоо ушул жылы башталат. Буга карата “Бишкек капитал курулуш” башкармалыгы сынак жарыялады. Жаңы жол Токомбаев тилкесинен Сухэ Батор көсөсүнө чейин тартылат. Трассадагы каналга көпүрө курулмакчы. Жолдун туурасы 24 метрге жетип, 6 унаага ылайыктуу болот. Долбоордун сметалык баасы 153,5 миллион сом. Арыздар… Кененирээк…

Бүгүндөн тарта Carcheck сайты аркылуу кайрадан айыптарды текшере баштаса болот

Бүгүндөн тарта Carcheck сайты аркылуу кайрадан айыптарды текшере баштаса болот. «Инфоком» мекемесинин маалыматын а караганда, 7-мартта «Коопсуз шаар» системасынын ар кайсы сервистерине жооп берчү жабдуунун иши үзгүлтүккө учураган. Аталган мекеме системаны калыбына келтирди, бирок айыптарды жана төлөмдөрдү текшерүү сервиси убактылуу жеткиликсиз болуп жатат. Бул жагдай… Кененирээк…