Бишкектин айрым аймактарында электр жарыгы өчүрүлөт
Бишкектин айрым аймактарында электр жарыгы өчүрүлөт. Эртең саат 9дан кечки 5ке чейин Тунгуч кичи районунда, Рухий-Мурас, Арча-Бешик, Мурас-Ордо конуштарында, Буденый, Абдрахманов, Пржевальск, Махатма Ганди жана Караванский көчөлөрүнүн бир бөлүгүндө жарык жок болот. Убактылуу чектөө оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу.