Казакстанда коронавирус жуктурган дагы эки адам аныкталды

Казакстанда коронавирус жуктурган дагы эки адам аныкталды. Натыйжада вируска кабылгандардын жалпы саны алтыга жетти. Бул тууралуу Sputnik Казакстан жазды. «Бүгүн аныкталган эки учурдун бири Алматы шаарында, экинчиси Нур-Султанда болуп чыкты. Алматыда жашаган 62 жаштагы ишкер ал шаарга 10-март күнү Москвадан келген. Ал эми Нур-Султандагы аял Варшавадан келген»,… Кененирээк…

Чүйдө поезд менен жүргүнчү ташыган унаа кагылышып, 12 адам жабыркады

Чүйдө поезд менен жүргүнчү ташыган унаа кагылышып, 12 адам жабыркады. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришкендей, кырсык Петровка-Нарзан темир жол өткөрмө жайында болду.   Соккундан бир аял ошол жерден көз жумду. Дагы 12 адам ар кандай жарааттар менен ооруканага жеткирилди. Алдын-ала маалыматка ылайык, кырсык Мерседес-Спринтер… Кененирээк…

Кыргызстандан 95 миң медициналык беткапты чыгарып кетүү аракети көрүлгөн

  13-мартта «Чон-Капка» көзөмөл-өткөрмө бекетинен Кыргызстандан Казакстанга мыйзамсыз товар ташып бараткан жүк ташуучу унаа кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди. Кыргызстандык жарандын автоунаасын текшерүү учурунда кургатылган жемиштердин алдына катылган 95 миң 600 медициналык беткап табылды. Кармалган товардын жалпы наркы — 1 миллион 400 миң сом.  … Кененирээк…

Карыларга, ден соолугу начар адамдарга мечитке келбей туруу сунушталат

Кыргыз мусулмандарынын аалымдар кеңеши коронавирустун пандемиялык деңгээлге жеткендигине байланыштуу 13-мартта бир катар чектөөлөрдү кабыл алды. Бул тууралуу Муфтияттын басма сөз кызматынан кабарлашты.   Аалымдар кеңешинин VI чакырылышынын чукул жыйыны өтүп, коронавирустун күч алганына байланыштуу санитардык-эпидемиологиялык чараларды көрүү жана алдын алуу максатында диний, маданий жана башка массалык иш-чараларды өткөрүүгө… Кененирээк…

Пара менен кармалган судья кол тийбестиктен ажыратылышы мүмкүн

Бишкектин Биринчи май райондук сотунун пара менен кармалган судьясынын иши боюнча тийиштүү экспертиза дайындалды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынан (Финпол) кабарлашты. Эске салсак, Биринчи май райондук соттун О.М аттуу судьясы 12-мартта эки миң доллар пара алууга шектелип кармалган. Аны колго түшүрүү учурунун видеосу… Кененирээк…

Казак парламентинин төрайымынын Кыргызстанга келиши кийинкиге калтырылды

Казакстан парламентинин Сенатынын төрайымы Дарига Назарбаеванын 16-17-мартка пландалган Кыргызстандагы расмий иш сапары кийинкиге жылдырылды. Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы мындай чечим Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков менен төрайым Дарига Назарбаева телефон аркылуу сүйлөшкөндөн кийин кабыл алынганын маалымдады. Парламент жетекчилери коронавирус пандемиясы жарыяланганы жөнүндө пикир алмашып,… Кененирээк…

Украинада коронавирустун биринчи курмандыгы катталды

Украинанын Радомышль шаарчасынын 71 жаштагы тургуну коронавирустан каза тапты. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги жума күнү кабарлады. Маалыматка ылайык, маркум аял 1-мартта Польшадан кайтып келгенден көп өтпөй өзүн начар сезе баштаган. Бирок убагында дарыгерлерге кайрылбай, 12-мартта гана ооруканага жаткырылган. Буга чейин Украинада эки адамдан… Кененирээк…

АКШда коронавирустан улам өзгөчө кырдаал жарыяланды

Президент Дональд Трамп коронавируска байланыштуу АКШда улуттук деңгээлдеги өзгөчө кырдаал жарыялады. Ал 13-мартта Вашингтондогу кайрылуусунда Кошмо Штаттар дүйнөнүн башка аймактарына салыштырмалуу илдетке каршы жеткиликтүү чараларды көргөнүн айтты.   Ак үйдүн мындай чечими президентке жаратылыш кырсыктарынын кесепетин жөнгө салуу үчүн атайын бөлүнгөн 50 миллиард долларды колдонууга… Кененирээк…

Казакстанда төртүнчү адамда коронавирус катталды

Казакстанда төртүнчү адамда коронавирус катталды. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн Казакстандын Саламаттыкты сактоо министрлигинин расмий өкүлү Диас Ахметшарип билдирди. Анын айтымында, коронавирус Алматы шаарынын 44 жаштагы тургунунан табылды.   13-мартта Германиядан учуп келген бул эркек Алматыдагы атайын ооруканага жаткырылды. Буга чейин Германиядан келген эки жана Италиядан… Кененирээк…

Ирандын аймагында калып калган 76 кыргызстандык айдоочунун 19у Азербайжанга өткөрүлдү

Ирандын аймагында калып калган 76 кыргызстандык айдоочунун 19у Азербайжанга өткөрүлдү. Калгандары иран-түрмөнстан чек ара бекетинде кармалып турат. Бул тууралуу “Азаттыкка” Соода-өнөр жай палатасынын логистика жана транспорт боюнча комитетинин төрагасы Талантбек Маткерим уулу билдирди.   Анын айтымында, айдоочулар Азербайжандан Россияга, андан Казакстанга келет. Казакстан аларды Кыргызстан менен… Кененирээк…