Кыргызстанга күйүүчү-майлоочу материалды жеткирүүдө маселелер жаралбайт

Кыргызстанга күйүүчү-майлоочу материалды жеткирүүдө маселелер жаралбайт. Буга Мунай ташуучулар ассоциациясынын аткаруучу директору Канат Эшатов ишендирүүдө. Анын айтымында, учурда өлкөгө отун темир жол аркылуу жеткирилип жатат.   Ал эми күйүүчү майга болгон нарк тууралуу айта турган болсок, Монополдукка каршы күрөшүү агенттиги бааларды орунсуз көтөрүүнү көзөмөлдөйт. Кошумчалап… Кененирээк…

Кыргызстанда түнкү клубдар, кинотеатрлар жана компьтер клубдары убактылуу жабылды

Кыргызстанда түнкү клубдар, кинотеатрлар жана компьтер клубдары убактылуу жабылды. Өкмөт аппаратынан билдиришкендей, мындай чечимди коронавирусту алдын алуу боюнча респуб ликалык штаб кабыл алды.   Ага ылайык, алдын алуу максатында соода борборлорундагы тамактануу жайлары, балдардын оюн-зоок аянттары, компьютердик клубдар иштебейт.

Кыргыз-казак чек арасында жарандарды өткөрүүдө текшерүү күчөтүлөт

Кыргыз-казак чек арасында жарандарды өткөрүүдө текшерүү күчөтүлөт. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев билдирди. Анын айтымында, мындай чектөөлөр жүк ташууга, өзгөчө биринчи кезекте зарыл болгон азык-тулүктү өткөрүүгө тиешелүү эмес.   Эске салсак, бүгүнтөн тарта Казакстанда чукул кырдаал режими киргизилди. Анын алкагында, коңшу өлкө өз аймагына кирүүгө… Кененирээк…

Бишкектин айрым аймактарында эртең таза суу өчүрүлөт

Бишкектин айрым аймактарында эртең таза суу өчүрүлөт. Мэриянын маалыматына ылайык, эртең мененки саат 9дан кечки 6га чейин суу Абай, Каракөл, Горький, Панфилов, Кулатов, Байтик Баатыр жана Скрябин көчөлөрүндө жок болот.   Убактылуу чектөөлөр суу түтүктөрүн жайкы мезгилге даярдоого байланыштуу.

Кыргызстанда кар көчкү түшүү коркунучу сакталууда

Кыргызстанда кар көчкү түшүү коркунучу сакталууда. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, 18-мартка чейин аба табы көтөрүлгөнүнө байланыштуу, тоолуу райондордо, ашууларда кар массасы түшүшү ыктымал.   Өзгөчө кооптуу деп Бишкек-Ош, Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу, Красная Горка-Ак-Таш, Казарман-Актал-Чат унаа жолдору белгиленет. Айдоочулар этият болуп, унаалар ортосундагы тиешелүү 500 метрлик аралыкты… Кененирээк…

Кыргызстанга учак, поезд менен келгендерди текшерүү күчөтүлдү

Кыргызстанга учак, поезд менен келгендерди текшерүү күчөтүлдү. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жарыялады. Өкмөт башчы белгилегендей, коңшу мамлекеттердин дээрлик бардыгында коронавирус катталды.   Буга байланыштуу буга чейин иштеп жаткан иш-чаралар күчөтүлдү. Авиа каттам, поезд жолу аркылуу келип жаткан жарандар кылдат текшериле баштады. Андыктан, айрым  текшерүү… Кененирээк…

Роналду Португалиядагы  өзүнүн мейманканаларын ооруканалар алдына өткөрүп бергени калп болуп чыкты

Роналду Португалиядагы  өзүнүн мейманканаларын ооруканалар алдына өткөрүп бергени калп болуп чыкты. Испаниянын Марса басылмасы кечээ “Ювентустун” чабуулчусу Роналду мейманкаларын оорукана кылууга акысыз тапшырууда деп  жазып чыкса, бүгүн бул маалымат сайттан өчүрүлдү.   Журналист Ману Сайнс тастыктагандай, Роналду мейманканаларын бергиси келген эмес. Маалымат чындыкка дал келбейт.

Бишкекте 23 жаштагы айым такси кызматына акча бергиси келбей, унааны уурдап айдап кетти

Бишкекте 23 жаштагы айым такси кызматына акча бергиси келбей, унааны уурдап айдап кетти. Окуя 27-февралда болгон. Ленин райондук ички иштер башкармалыгына таксинин айдоочусу арыз менен кайрылып, белгисиз аял Ахунбаев-Тыныстанов кесилишине жеткиргенден кийин жол акысын төлөөдөн баш тартканын билдирген.   Айдоочу милицияга кайрылуу үчүн машинеден чыкканда,… Кененирээк…

Жергиликтүү кеңештерге депутаттыкка талапкерлерди каттоо штаттык режимде жүрүп жатат

Жергиликтүү кеңештерге депутаттыкка талапкерлерди каттоо штаттык режимде жүрүп жатат.  novosti.kgге БШКнын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов билдиргендей, учурда талапкерлер добуш берүүчүлөргө программаларын жайылтып жатат.   Эпидемиологиялык абалды эске алуу менен, жашоочулар менен жолугушуулар азыраак өткөрүлөт. Эске салсак, үгүт иштери   13-мартта башталып, добуш берүүгө 1 күн… Кененирээк…

Нарында коронавирусту эки адам жуктурду деген жалган маалыматты тараткан адам кармалды

Нарында коронавирусту эки адам жуктурду деген жалган маалыматты тараткан адам кармалды. Ички иштер министрлигинен билдиришкендей, вотс апп аркылуу Кочкордо эки жаран коронавирус менен ооруп жатат деген билдирүү тараган.   Иликтөө иштеринин жүрүшүндө мындай маалыматты жайылткан аял кармалды. Ал дезинфекция жасап жаткан санэпидем кызматынын адистерин видеого… Кененирээк…