Бишкекте бүгүн түнкү саат 12де жылуулук берүү токтотулат

Бишкекте бүгүн түнкү саат 12де жылуулук берүү токтотулат.   Тиешелүү буйрукка ордо калаа мэри Азиз Суракматов кол койду. Белгилеп кетсек, адатта жылуулук берүү сыртта аба табы катары менен 5 күн +8 градустан төмөн түшпөгөндө өчүрүлөт.

Бишкектин айрым аймактарында эртең таза суу өчүрүлөт

Бишкектин айрым аймактарында эртең таза суу өчүрүлөт. Мэриянын маалыматына ылайык, эртең мененки саат 9дан күндүзгү 2ге чейин суу 7-апрель, Горький, Достоевский көчөлөрүн, темир жолду бириктирген бөлүктө жок болот.   Убактылуу чектөөлөр ремонттук иштерге байланыштуу.

Жалал-Абаддагы мекемелерде кабыл алуу телефондор аркылуу гана жүрөт

Жалал-Абаддагы мекемелерде кабыл алуу телефондор аркылуу гана жүрөт. Мэриянын маалыматына ылайык, Сузак районунда коронавирус катталгандыгына байланыштуу Жалал-Абаддагы мамлекеттик мекемелер менен ишканаларга вирусту алдын алуу ирээтинде күчөтүлгөн тартипти кабыл алды.   Анда мекемелердин кызматкерлеринен башка бир дагы адам имаратка кире албайт. Ал эми кызматкерлер менен телефон… Кененирээк…

Кыргызстандын сактоочу жайларында азык-түлүктүн запасы жетиштүү

Кыргызстандын сактоочу жайларында азык-түлүктүн запасы жетиштүү. Буга вице-премьер-министр Эркин Асрандиев ишендирүүдө. Анын айтымында, аларга болгон баалар күн сайын козөмөлдөнүп жатат.   Чиновник белгилегендей, Жалал-Абад облусунда 3 адамда коронавирус аныкталганы белгилүү болгондон кийин, жергиликтүү тургундар массалык түрдө ун сатып алышууда. Учурда жергиликтүү бийлик органдары жашоочулар арасында… Кененирээк…

Сузакта коронавирус жуктуруп алган 3 адам менен бир учакта чогуу учуп келген 135 жүргүнчү табылып, обсервацияга алынды

Сузакта коронавирус жуктуруп алган 3 адам менен бир учакта чогуу учуп келген 135 жүргүнчү табылып, обсервацияга алынды. Ал үчөө менен байланышта болгон 300 адам да медицина кызматкерлеринин көзөмөлүндө турат.   Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Төлө Исаков билдирди. Анын айтымында, баарынан тең анализ… Кененирээк…

Коронавирус коркунучунан улам бет каптарды кымбат баада саткан дарыканалар боюнча сот териштирүү жүргүзөт

Коронавирус коркунучунан улам бет каптарды кымбат баада саткан дарыканалар боюнча сот териштирүү жүргүзөт. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүүү мамлекеттик кызматынан билдиришти.   Андан белгилешкендей, Бишкек дарыканаларында атайын рейд уюштурулуп, бет каптардын бир даанасы 15 сомдон 50 сомго чейин сатылып жатканы аныкталды. Финполиция мындай учурда… Кененирээк…

Коронавирус аныкталган жарандар менен бир каттамда келген 64 адам ооруканага жаткырылды

Коронавирус аныкталган жарандар менен бир каттамда келген 64 адам ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Узарбек Жылкыбаев билдирди. Эске салсак, Сузак районунда коронавирус жуктургандар аныкталып, ал жакта өзгөчө кырдаал киргизилди.   Үч киши Сауд Аравиядан кичи ажылыктан келген. Азыр алар Жалал-Абад облустук ооруканасынын… Кененирээк…

Кыргызстанга коронавируска каршы күрөшүү үчүн 16,5 миллион доллар керектелет

Кыргызстанга коронавируска каршы күрөшүү үчүн 16,5 миллион доллар керектелет. Бул туралуу биздин өлкөдөгү Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун өкүлү Назира Артыкова билдирди. Анын айтымында, уюм бул сумманы донорлордон сурап жатат.   Эгер каражат берилсе, аэропорттогу кызматтар, чек арадагы өткөрүү түйүндөр, Тез жардам кызматтары күчөтүлөт. Бүгүнкү күндө… Кененирээк…

Ош шаарына кирүүгө убактылуу чектөө киргизилди

Ош шаарына кирүүгө убактылуу чектөө киргизилди. Түштүк калаанын мэри Таалайбек Сарыбашов жарандарга зарыл болбосо, үйдөн чыкпай отурууну сунуштады.  Коронавирусту алдын алуу максатында шаарда дезинфекция иштери жүргүзүлөт.   Бул максатта мэрия тарабынан 700 миң сом бөлүндү.

Бишкектин ооруканаларындагы бейтаптарга барууга убактылуу тыюу салынды

Бишкектин ооруканаларындагы бейтаптарга барууга убактылуу тыюу салынды.  Медициналык уюмдардын башкы дарыгерлерине кызматкерлердин ишине тыкыр көзөмөл жүргүзүп, ооруканада жаткандар арасында маалымдоо жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырмасы берилди.   Шаар бийлиги коронавирус кооптуулугунан улам тургундарды эл көп чогулган жайларга — куран окутууларга, тойлорго, салтанаттарга барбай туруу керектигин… Кененирээк…