Коммерциялык банктар долларды 85, еврону 92 сомдон сатууда

Кыргызстандын коммерциялык банктары бүгүн 19-мартта долларды жана еврону кымбаттаган баада сата баштады. Айрым банктардын расмий сайттарында 1 АКШ доллары 85 сомго, 1 евро 92 сомго чыкты.   Бир нече жылдан бери туруктуу бойдон 69 сомдун тегерегинде болуп келген доллар 10-мартта үч сомго кымбаттаган. Ошол эле… Кененирээк…

Каржы министрлиги өлкө аймагында коронавирустун жайылышын алдын алуу боюнча иш-чаралар үчүн атайын эсеп ачты

Каржы министрлиги өлкө аймагында коронавирустун жайылышын алдын алуу боюнча иш-чаралар үчүн атайын эсеп ачты. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Ал эсепке чет элдик валютадагы ыктыярдуу жана гранттык каражаттар дагы түшөт.   Чогулган акча Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан көрсөтүлгөн иш-чараларга жумшалат. Кыргызстанда айрым ишкер, депутаттар өкмөткө жардам… Кененирээк…

Кыргызстанда коронавирустан улам үйлөнүп жаткандарга барып никесин каттоо убактылуу токтотулду

Кыргызстанда коронавирустан улам үйлөнүп жаткандарга барып никесин каттоо убактылуу токтотулду. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан  кабарлашты. Буга чейин алдын ала буюртма болсо ЗАГС кызматкери үлпөт боло турган жерге барып, жаштардын никесин акчага каттап кетчү.   Эми өкмөттүн жаңы чыккан токтомунан улам мындай кызмат көрсөтүлбөйт.

Кыргызстандагы менчик бала бакчалар дагы жабылат

Кыргызстандагы менчик бала бакчалар дагы жабылат. Билим берүү министри Каныбек Исаков мектепке чейинки билим берүү тармагындагы уюмдардын ишин убактылуу токтотуу жөнүндө буйрукка кол койду.   Ага ылайык, 20-марттан  8-апрелге чейин менчигинин түрүнө жана кайсы ведомствого таандык экендигине карабастан бардык бакчалар ишин токтотот. Буга чейин коронавирусту… Кененирээк…

Коронавирус тест-системалар аркылуу аныкталат

Коронавирус тест-системалар аркылуу аныкталат. Бул тууралуу бизге Республикалык штабдан билдиришти. Андан такташкандай, тест-система менен ооруга шектүүлөрдөн мазок алынат.   Ал вирус боюнча диагнозду 95-99 пайызга туура аныктап берет. Белгилеп кетсек, тест-системаларды Кыргызстанга Россия, Түркия жана Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму тапшырган.   Алардын саны учурда жетиштүү,… Кененирээк…

Кыргызстанда Бирдиктүү салык декларация кампаниясынын экинчи этабынын мөөнөтү жылдырылат

Кыргызстанда Бирдиктүү салык декларация кампаниясынын экинчи этабынын мөөнөтү жылдырылат. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев билдирди. Мамлекеттик салык кызматынан белгилешкендей, киреше боюнча отчет тапшыруунун мөөнөтү азырынча белгилене элек.   Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, жеке ишкерлер, патент алгандар, жеке жактар, транспорт, батир, үй жана жер участогу барлар… Кененирээк…

Коронавируска каршы күрөшүүгө бюджеттик резервден 200 миллион сом бөлүнөт

Коронавируска каршы күрөшүүгө бюджеттик резервден 200 миллион сом бөлүнөт. Жогорку Кеңеш коронавирус илдетинин жайылышына каршы мамлекеттик бюджеттик резервден каражат бөлүп берүү жөнүндө токтом кабыл алды.   18-мартта Кыргызстанда коронавирус жуккан алгачкы үч адам аныкталды. Алар Сауд Арабиясынан умрадан кайтып келген. Буга байланыштуу Сузак районунда өзгөчө… Кененирээк…

Республиканын тоолуу аймактарында кар көчкү түшүү коркунучу сакталууда

Республиканын тоолуу аймактарында кар көчкү түшүү коркунучу сакталууда.   Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык, өлкөдө аба табы кескин жылыгандыктан, тоолуу райондордо кар массалары түшүшү мүмкүн. Бишкек-Ош, Ала-Бука-Каныш-Кыя, Красна Горка-Ак-Таш, Казарман-Актал-Чат унаа жолдорунда айдоочулар этият болуп, унаалар ортосундагы тиешелүү 500 метрлик аралыкты сактоо кажет.

Бишкекке жаңы автобустарды жеткирүүгө 7 компаниядан арыз келип түштү

Бишкекке жаңы автобустарды жеткирүүгө 7 компаниядан арыз келип түштү. Мэриянын маалыматына ылайык, эртең комиссиянын атайын отуруму өтүп, анда арыздар ачылат. Эске салсак, тендердин эрежесине ылайык, автобустар жаратылыш же суютулган газ менен иштеп, 70тен кем эмес адамды батырышы керек.   Андан тышкары, аларда ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген… Кененирээк…

Жалган маалыматтарды таркаткандар кылмыш жоопкерчилигине тартылат

Жалган маалыматтарды таркаткандар кылмыш жоопкерчилигине тартылат. Улуттук коопсуздук комитетинен эске салышкандай, учурда коронавируска байланыштуу ар кандай маалыматты таратып, абалды оорлоштурууга аракет жасагандар изделип жатат.   УКМКдан белгишкендей, республикада абал туруктуу. COVID-19 вирусу боюнча акыркы маалыматтаржы (0-312) 88-16-84 номуру боюнча алса болот.