Дүйнөнүн эң кымбат шаарлары аталды

Дүйнөнүн эң кымбат шаарлары аталды. Рейтингдин сап башында Сингапур турат, андан кийин Гонконг, үчүнчүдө Осака калаалары жайгашты. Андан кийин Нью-Йор жана Париж турат. Ондукка ошондой эле Цюрих, Тель-Авив, Лос-Анжелес, Токио жана Женева кирди.   Тизмени түзүүдө азык-түлүктүн баасы, билим алууга баалар жана башка факторлор эске… Кененирээк…

Бишкекте доллар курсу 80 сомдон түштү

Бишкекте доллар курсу 80 сомдон түштү. Valuta.kg порталынын маалыматына ылайык, учурда ордо калаанын акча алмаштыруу жайлары америкалык валютаны  77 сом 10 тыйындан сатып алып, кайра 77 сом 55 тыйындан сатышууда. Эске салсак, кечээ кечинде доллар дээрлик 13 сомго көтөрүлүп, 85 сомго жетти.   Улуттук банк… Кененирээк…

Нарын облусунун кире беришине блок-посттор орнотулду

Нарын облусунун кире беришине блок-посттор орнотулду. Аймактын ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, бул облуска коронавирусту киргизбөө жана коомдук коопсуздукту сактоо үчүн жасалууда.   Блок-посттор Сары-Чат, Сары-Камыш, Ак-Тал-Чат айылдарында пайда болду. Анын ар биринде милиция, санэпидем көзөмөл кызматкерлери жана дарыгерлер нөөмөттө турат.

Ысык-Көл облусундагы бардык пансионаттар жана эс алуу үйлөрү карантинге жабылат

Ысык-Көл облусундагы бардык пансионаттар жана эс алуу үйлөрү карантинге жабылат. Мындай чечим коронавирус инфекциясынын жайылышына бөгөт коюу боюнча облустук штабдын отурумунда кабыл алынды.   Маалыматка ылайык, Ысык-Көлдө127 пансионат, 192 эс алуу үйү, 119 мейманкана, 12 эс алуу борбору,  3 реабилитациялык борбор жана 19 балдар эс… Кененирээк…

Кыргызстанда дагы 10 азык-түлүккө баалардын эң жогорку чеги орнотулду

Кыргызстанда дагы 10 азык-түлүккө баалардын эң жогорку чеги орнотулду. Монополдукка каршы күрөшүү мамлекеттик агенттигинин маалыматына ылайык, нан, макарон азыктары, суу май, кумшекер, уй, кой жана каман этине нарк бекитилди.   Ведомстводон белгилешкендей, анализ бүт облустарда жүргүзүлдү. Ошондой эле, ишкерлердин бардык чыгашалары эске алынды. Бул өлкө… Кененирээк…

Бишкектин №6 мектеп-гимназиясында кошумча корпус пайда болот

Бишкектин №6 мектеп-гимназиясында кошумча корпус пайда болот. Курулуш иштерине тендерди Капиталдык курулуш башкармалыгы жарыялады. 3 кабаттуу имаратта спорт, музыка, бий үчүн залдар, окуу класстары жайгаштырылат.   Бул иштерге шаар бюджетинен 75 миллион сом бөлүндү.

Бишкек-Торугарт унаа жолунда кыймылга чектөөлөр киргизилет

Бишкек-Торугарт унаа жолунда кыймылга чектөөлөр киргизилет. “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын маалыматына ылайык, 23-24-мартта трассанын 107-108-109-чакырымдарында таштарды бургалоо иштери аткарылат.   Андыктан, эртең мененки саат 8ден түнкү 10го чейин унаалар бул тилкеден өткөрүлбөйт. Айдоочулар үчүн альтернативалык жол жеткиликтүү.

Ош облусунун 7 районуна ун жеткирүү уюштурулду

Ош облусунун 7 районуна ун жеткирүү уюштурулду. Түштүк калаа мэриясынан билдиришкендей, базарлар жабылып, коомдук транспорт толугу менен токтотулгандыктан, жергиликтүү бийлик Алай, Араван, Кара-Кулжа, Кара-Суу, Ноокат, Өзгөн жана Чоң-Алай райондорунун тургундардын үйлөрүнө унду жеткирип баштады.   Бул үчүн жашоочулар арыз менен кайрылышы керек.

Кыргызстанга жүк жеткирүүлөр мурдагыдай эле жүргүзүлүп жатат

Кыргызстанга жүк жеткирүүлөр мурдагыдай эле жүргүзүлүп жатат. Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришкендей, күнүмдүк керектелүүчү товарлар менен жүктөлгөн унаалар Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстан менен чек аралардан өтүүдө.   Ал эми жарандар жана жүргүнчү ташуучу унааларга чектөөлөр киргизилген. Кытай менен чек ара толугу менен жабык. Ал аркылуу… Кененирээк…

Ноокат районунда чукул кырдаал режими киргизилгендиктен, 35 блок-посттор орнотулду

Ноокат районунда чукул кырдаал режими киргизилгендиктен, 35 блок-посттор орнотулду. Ош облусунун ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, чектөөлөр Жаңы-Ноокат жана Зулпуев айыл аймактарына киргизилди.   Региондо жергиликтүү тургундар арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат. Эске салсак, COVID-19 вирусу Ноокат районунун 3 тургунунда аныкталды. Алар Кувейтке кичи ажылыкка барып… Кененирээк…