Кыргызстанда окуучулар жана студенттердин сабактары жайында уланбайт

Кыргызстанда окуучулар жана студенттердин сабактары жайында уланбайт. Билим берүү министрлиги дистанттык түрдөгү окуу процессин сунуштап жатат. Учурда кырдаалга жараша оперативдүү план иштелип жатат. Анын алкагында карантин узартылышы ыктымал. Эске салсак, 16-марттан тарта билим берүү мекемелерине 3 жумалык карантин жарыяланды. Ал жазгы каникулга туш болгондуктан календарлык… Кененирээк…

Өкмөт Кыргызстандыктарга үйдөн чыкпай турууну сунуштайт

Өкмөт Кыргызстандыктарга үйдөн чыкпай турууну сунуштайт. Вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдиргендей, өзгөчө кырдаал учурунда жарандардын бардык кыймылдары минималдуу болушу шарт. Мындан улам зарыл болбосо көчөлөргө чыкпай, карантин режимин сактоо зарыл.

Бишкекте коомдук жайлар толугу менен ишин токтотту

Бишкекте коомдук жайлар толугу менен ишин токтотту. Мындан улам соода борборлору, тиричилик дүкөндөрү, балдардын оюн-зоок аянттары, түнкү жана компьютер клубдары жабык. Супермаркет, азык-түлүк сатуу жайлары жана дарыканалар кадимки режимде ишин улантат. Ал эми кафе-ресторандар бир гана жеткирүү кызматы менен кардарларын тейлейт. Коомдук унаалардын саны кыскартылды.… Кененирээк…

Кыргызстанда коронавирус жуктурган жаңы учур катталган жок

Кыргызстанда коронавирус жуктурган жаңы учур катталган жок. Бүгүнкүгө карата маалыматты республикалык штабдан беришти. Учурда республикада COVID-19 вирусуна кабылгандардын саны 14тү түзөт. Алар Баткен облусунда 1 адам, Сузак районунда 8 адам, Ноокатта 3өө жана акыркы катталган 2 учур Бишкекте. Бейтаптар 25тен 80 жашка чейинкилер. Бардыгы тиешелүү… Кененирээк…

Бишкектин айрым аймактарында убактылуу электр жарыгы өчүрүлөт

Бишкектин айрым аймактарында убактылуу электр жарыгы өчүрүлөт. Эртең саат 9дан кечки 6га чейин Рухий-Мурас жана Арча-Бешик конуштарында, Гоголь, Сүйүмбаев, Анкара, Осмонкулов, Күрөңкеев, Горький көчөлөрүнүн бир бөлүгүндө, Фучик, Ленский, Скандинавский көчөлөрүндө жана Абдыкадыров, Тыныбеков, Асаналиев тилкелеринде жарык берилбейт. Убактылуу чектөөлөр оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу.

Бишкекте бүгүндөн тарта коомдук унаалар ишин токтотту

Бишкекте бүгүндөн тарта коомдук унаалар ишин токтотту. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирет. Ага караганда, маршруттук унаалардын кыймылына толугу менен чектөөлөр киргизлди. Бүгүн автобус жана троллейбустар жүргүнчүлөрдү ташып жатат. Көрүлгөн чаралар коронавирустун алдын алуу боюнча жана өлкөгө өзгөчө кырдаал режими жарыяланганына байланыштуу.  

Өлкөдө айрым кызматкерлердин дем алыш күндөрү кыскартылат

Өлкөдө айрым кызматкерлердин дем алыш күндөрү кыскартылат. Тиешелүү чечимге премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Ага ылайык, чечим мамлекеттик мекемелер, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына тиешелүү. Аталган кызматкерлерге 22, 28, 29-март, 4, 5, 7, 11, 12-апрель иш күндөрү деп белгиленди. Бул чечим коронавирус инфекциясынын өлкөгө жайылышына… Кененирээк…

Кыргызстанда коронавируска кабылгандардын саны 14кө жетти

Кыргызстанда коронавируска кабылгандардын саны 14кө жетти. 2 бейтап Бишкекте катталды. Вирусту жуктургандардын бири Франциядан келип, “Манас” эл аралык аэропортундагы обсервацияда жаткан. Экинчиси Сауд Арабиядан умрадан келген. Ал ордо калаадагы мейманканалардын биринде изоляцияга алынган. Буга чейин Сузак районунда 8, Ноокат районунун 3 жана Баткендин 1 жашоочусунан… Кененирээк…

Кыргызстанга бүгүндөн тарта өзгөчө кырдаал режими кирди

Кыргызстанга бүгүндөн тарта өзгөчө кырдаал режими кирди. Республикалык штабдан билдиришкендей, анын мөөнөтү 22-апрелге чейин белгиленди. Бул аралыкта эл көп чогула турган соода борборлор, базарлар, коомдук жайлар жана массалык иш-чараларга чектөө киргизилет. Ал эми азык-түлүк саткан жайлар жана дарыканалар кадимки режимде иштей берет. Өлкөдөгү башкы трассалар… Кененирээк…