Бишкекте күнү-түнү дезинфекциялоо иштери жүрүүдө

Бишкекте күнү-түнү дезинфекциялоо иштери жүрүүдө. Мэриянын маалыматында, «Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери аялдамаларды, аянттарды тынымсыз тазалашууда. Учурда Бишкектеги жалпы 743 аялдаманын, 300дөн ашыгына хлор кошулган аралашма менен вирустун алдын алуу иштери жүргүзүлдү. Ошондой эле, иш-чаралар ор калаадагы тротуар жана скверлерде жүргүзүлүп жатат. Мындан тышкары коомдук унаалар… Кененирээк…

Бүгүн түндө Жалал-Абадка кирип-чыгууга чектөө киргизилет

Бүгүн түндө Жалал-Абадка кирип-чыгууга чектөө киргизилет. Эми калаага башка жактан келгендер кире албайт жана шаар аймагындагылар сыртка чыга албайт. Унаа каттамы да жабылат. Шаарга жакын аймактардан каттап иштеген кызматкерлерге гана уруксат берилет. Ал эми азык-түлүк, ун ташыган унааларга чектөө болбойт. Кошумчаласак, бүгүнтөн тарта Ош шаарына… Кененирээк…

Бишкекте коронавирустан адамдар кулап жатканы тууралуу маалымат чындыкка дал келбейт

Бишкекте коронавирустан адамдар кулап жатканы тууралуу маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Социалдык тармактарда жана мессенжерлерде эркек адам жерде жатканда тартылган видео тарап жатат. Ыкчам медицина борборунан билдиришкендей, бүгүн, Токомбаев менен Сухэ-Батор көчөлөрүнүн кесилишинде тротуарда эс-учун жоготкон адам… Кененирээк…

Кыргызстанда коронавируска кабылган дагы 2 учур катталды

Кыргызстанда коронавируска кабылган дагы 2 учур катталды. Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова билдирди. Анын айтымында, бейтаптар Ноокат районунун жашоочулары. Алар изоляцияга алынды, абалы канааттандыраарлык. Белгилеп кетсек, бүгүн Кыргызстанда вируска чалдыккан 16-учур катталды. Республика боюнча өзгөчө кырдаал жарыяланды.

Электр энергиясынын көрсөткүчүн WhatsApp мессенджери аркылуу жиберсе болот

Электр энергиясынын көрсөткүчүн WhatsApp мессенджери аркылуу жиберсе болот. «Түндүк электр» ишканасынан билдиришкендей, жагдай өлкө боюнча киргизилген өзгөчө кырдаал режимине байланыштуу. Ал үчүн райондогу инспектордун телефон номерин ишкананын чалуу кызматынан тактап алуу керек. Эсептегичтин көрсөтмөсү ар бир айдын 28инен баштап кабыл алынат. Эгерде көрсөтмө алынбай калса,… Кененирээк…

Бүгүндөн тарта Ош шаарына кирип-чыгууга чектөө киргизилди

Бүгүндөн тарта Ош шаарына кирип-чыгууга чектөө киргизилди. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти. Калаага кире турчу 7 жерге санитардык-карантиндик посттор орнотулду. Ал жерлерде кызматкерлер дезинфекция иштерин жүргүзүп, айдоочулардын дене табын текшеришет. Жергиликтүү тургундарга өзгөчө зарылчылык жок болсо, шаардан жана үйлөрүнөн чыкпоо сунушталат. Учурда өлкөдө COVID-19 илдетин… Кененирээк…

Айрым товарларды 6 айга чейин өлкөдөн чыгарууга тыюу салынды

Айрым товарларды 6 айга чейин өлкөдөн чыгарууга тыюу салынды. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон токтомго ылайык, буудай, ун, өсүмдүк майы, макарон азыктары жана башка ушул сыяктуу азык-түлүк түрлөрүн чет өлкөгө экспорттоого болбойт.  Ошондой эле тизмеде кагаз кол аарчылар жана бактерияга каршы, дезинфекциялоочу каражаттар да бар.… Кененирээк…

Бактылуу өлкөлөр рейтингинде Кыргызстан 74-орунда жайгашты

Бактылуу өлкөлөр рейтингинде Кыргызстан 74-орунда жайгашты. Жыл сайын Эл аралык бакыт күнүнө карата World Happiness Report аталган рейтингди жарыялайт. Анда Кыргызстан быйыл 12 сапка жогорулады. Жалпысынан 160 мамлекет көрсөтүлгөн. Рейтингди түзүүдө жарандардын эркиндиги, оор абалдагыларга социалдык жактан колдоо көрсөтүү, ички дүң продукция, жашоо узактыгы, коррупциянын… Кененирээк…

Бишкекте автобус, троллейбустардын иш тартиби өзгөргөн жок

Бишкекте автобус, троллейбустардын иш тартиби өзгөргөн жок. Троллейбус башкармалыгынан novosti.kgге билдиришкендей, коомдук унаалар күндө таңкы саат 6дан баштап каттамдарды жүргүзө башташат. Өзгөчө кырдаал режими киргизилгендигине байланыштуу, кичи маршруттардын кыймылы толугу менен чектелди. Учурда калаада 76 автобус 12 каттам боюнча жүргүнчүлөрдү ташып жатат. Ошондой эле троллейбустар… Кененирээк…

Коронавирус менен күрөшүүгө мамлекеттик бюджеттен 886 миллион сом бөлүндү

Коронавирус менен күрөшүүгө мамлекеттик бюджеттен 886 миллион сом бөлүндү. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет. Маалыматка караганда, Саламаттык сактоо министрлигине 30 миллион сом, Өзгөчө кырдаал министрлигинин эсебине 225 миллион сом жана азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого 631 миллион сом бөлүнгөн. Штабтан белгилешкендей, каражатка зарылчылык жаралса, мерчемдүү суммалар дагы… Кененирээк…