Жаңы аныкталган 26 учур Ош жана Жалал-Абад облустарында

Жаңы аныкталган 26 учур Ош жана Жалал-Абад облустарында. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти. Маалыматка караганда, мындан тышкары дагы 4 адам көзөмөлгө алынды. Алардан учурда анализ алынып жатат. Учурда жалпысынан Кыргызстан боюнча COVID-19 вирусун жуктургандар 42 адамды түздү. Бейтаптар Бишкек, Ош, Ноокат, Жалал-Абад жана Баткендеги ооруканаларга … Кененирээк…

Эртеңден баштап Кыргызстандагы бардык аба каттамдар токтотулат

Эртеңден баштап Кыргызстандагы бардык аба каттамдар токтотулат. Мындай чечим өлкөдөгү коронавирус боюнча кырдаалга жана республиканын кээ бир район жана шаарларында киргизилген өзгөчө абалга байланыштуу. Биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов белгилегендей, өлкө ичинде республикалык штабдын макулдугу менен атайын аба каттамдар гана уча алышат. Белгилүү болгондой, ички каттамдар… Кененирээк…

Кыргызстанда өзгөчө абал жарыяланган аймактарга аскер кызматкерлери киргизилет

Кыргызстанда өзгөчө абал жарыяланган аймактарга аскер кызматкерлери киргизилет. Алар анын шарттарын аткаруу жана адамдардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн кызматта болушмакчы. Учурда аскер кызматкерлеринин саны жана тийиштүү каражаттары жетиштүү. Эске салсак,  Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Сузак… Кененирээк…

Эртеңден тартып Хубэй провинциясы карантинден толук чыгарылат

Эртеңден тартып Хубэй провинциясы карантинден толук чыгарылат Эми аталган провинцияда жашаган, дарыгерлер кандайдыр бир тыюу салбаган жарандар башка аймактарга бара алышат. Ал эми Ухань шаарында карантин 8-апрелде жоюлат. Аймактагы окуу жайлар жагдай толук жөнгө салынмайынча ачылбайт. Ал эми Кытайдын борбору Бээжинде тескерисинче эртеңден тартып чектөө… Кененирээк…

Кыргызстанда баардык эл аралык жана ички республикалык поезд каттамдары токтотулду

Кыргызстанда баардык эл аралык жана ички республикалык поезд каттамдары токтотулду. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» ишканасы  билдирет. Маалымаька караганда, эртеңден тарта Бишкек — Токмок, Бишкек – Кайыңды темир жол каттамы да токтотулат. Кырдаал өлкө аймагына өзгөчө кырдаал киргизилгендигине байланыштуу.

7-апрель көчөсүндөгү веложолчо жана тротуардын курулушу аяктап калды

7-апрель көчөсүндөгү веложолчо жана тротуардын курулушу аяктап калды. Мэриянын маалыматына караганда, тилкенин Чүйдөн Кийизбаев көчөсүнө чейинки аралыгында иштер жүрүп жатат. Жолчонун узундугу 860 метрди түзөт. Жеринде иштер бүгүн жыйынтыкталып, пайдаланууга берилет.

Каракол шаарында дагы такси кызматы ишин токтотту

Каракол шаарында дагы такси кызматы ишин токтотту. Бул тууралуу облустук штабдан билдиришти. Маалым болгондой, Караколдо буга чейин коомдук унаалар токтотулган. Өзгөчө кырдаалдын шартына ылайык Ысык-Көл облусуна каттоосу жок жарандар киргизилбейт. Учурда Каракол шаарында 10дон ашык такси кызматы бар. Эске салсак, буга чейин Ошто дагы такси… Кененирээк…

Республика боюнча 8,5 миллион чарчы метр аймак дезинфекцияланды

Республика боюнча 8,5 миллион чарчы метр аймак дезинфекцияланды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, тазалоо иштерине 350 куткаруучу, 44 өрт өчүрүүчү унаа тартылды. Эске салсак, бүгүнкү маалымат боюнча Кыргызстанда коронавирус жугузгандардын саны 42 адамга жетти.

Коомдук унаалар эртең мененки саат 7ден кечки 7ге чейин жүрүп турат

Коомдук унаалар эртең мененки саат 7ден кечки 7ге чейин жүрүп турат. Бул аралыкта кыймылга чектөө болбойт. Такси кызматтары сөзсүз түрдө дезинфекцияланып турушу керек. Талаптар аткарылбаса, мыйзам чегинде чара көрүлөт. Өзгөчө абал учурунда азык-түлүк дүкөндөрү, дарыканалар, банктар жана күнүмдүк камсыздоо чөйрөлөрүнүн объектилеринен башкасынын баары жабык болот.… Кененирээк…

Өткөн жылы Кыргызстандын 38 айылы таза суу менен камсыздалды

Өткөн жылы Кыргызстандын 38 айылы таза суу менен камсыздалды. Өкмөт аппаратынан билдиришкендей, 2019-жылы 100 миллион долларга 7 долбоорду ишке ашырууга кол коюлган. Программа ишке ашса 150 миң адам таза суу менен камсыз болоору күтүлүүдө. Суу өткөрүү системасын калыбына келтирүү Жалал-Абад, Кербен, Исфана ана Нарын облусунда… Кененирээк…