Өзгөчө абал учурунда тамак-аш жеткирүү кызматы иштей берет

Өзгөчө абал учурунда тамак-аш жеткирүү кызматы иштей берет. Бул тууралуу вице-мэр, Бишкектеги коменданттын орун басары Азизбек Алымкулов билдирди. Анын айтымында, чалуу кызматы аркылуу тамак-ашка буйрутма кылуу эртең мененки саат 7ден кечки 8ге чейин иштейт. Ал эми кафе жана ресторандар иштебейт. Ал эми өзгөчө абал режими… Кененирээк…

Бишкекте каттоосу жок жарандар иштеген же жашаган жеринен маалымкат алышы шарт

Бишкекте каттоосу жок жарандар иштеген же жашаган жеринен маалымкат алышы шарт. Бул тууралуу вице-мэр, Бишкек комендантынын орун басары Азизбек Алымкулов билдирди. Белгилей кетсек, бүгүндөн тарта борбор калаада өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Шаардыктар күндүз маршруттук баракчанын негизинде оорукана, дарыкана жана дүкөнгө гана бара алат. Башка жакта… Кененирээк…

Жогорку жана кесиптик окуу жайлардын студенттери аралыктан окутулат

Жогорку жана кесиптик окуу жайлардын студенттери аралыктан окутулат. Тиешелүү буйрукка Билим берүү министри Каныбек Исаков кол койду. Ага ылайык, дистанттык билим берүү технологияларын колдонуу менен окутулар уюштурулат. Жаңычылдыкты колдонуу боюнча мугалимдер усулдук жардам уюштурууга милдеттендирилди. Мындан сырткары, билим берүү мекемелеринин жетекчилери бардык курстардын студенттери үчүн… Кененирээк…

Коронавирус жуктурган балдардын абалы канааттандыраарлык

Коронавирус жуктурган балдардын абалы канааттандыраарлык. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди. Анын айтымында, бейтаптар 1, 6 жана 14 жашта. Учурда өлкөдө коронавирус жуктургандардын жалпы саны 44кө жетти. Ал эми 15-апрелге чейин Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларына, Ноокат, Кара-Суу, Сузак… Кененирээк…

Бишкектеги кыргыз-түрк ооруканасы Кыргызстанга берилди

Бишкектеги кыргыз-түрк ооруканасы Кыргызстанга берилди. Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинен билдиришкендей, медициналык мекеме Covid-19 вирусуна каршы күрөшүү үчүн тапшырылды. Алты кабат жаңы ооруканада заманбап жандандыруу бөлүмдөрү, жабдуулар жана техника менен камсыз. Анын баары атайын медициналык программа менен башкарылат. Бирок Кыргызстанда мындай программаны билген адистер жок болгондуктан түрк… Кененирээк…

Окумуштуулар коронавирусту 5 мүнөттө аныктоочу экспресс-тест чыгарышты

Окумуштуулар коронавирусту 5 мүнөттө аныктоочу экспресс-тест чыгарышты. Ал эми учурдагы медициналык ыкма менен коронавирусту аныктоо үчүн 3 сааттай убакытты талап кылат. Жаңы медициналык жабдуулар бир айдан кийин массалык түрдө колдонула баштайт. Клиникалык тажрыйба толугу менен аяктады. Кошумчаласак, Кыргызстанда 20 мүнөттө вирусту аныктоочу экспресс-тесттер бар.

Өзгөчө абал учурунда банктарга өтө зарыл болгон учурларда гана барууга болот

Өзгөчө абал учурунда банктарга өтө зарыл болгон учурларда гана барууга болот. Ал үчүн жаран жанына алып жүрүүгө милдеттүү болгон маршруттук баракчанын үлгүсүн көрсөтүшү керек. Күндүз дарыканага, азык-түлүк дүкөнүнө жана ооруканага гана чыкса болот. Көчөдө жүрүүдө жарандын жанында өздүгүн тастыктаган документ жана маршруттук баракча болушу шарт.

Өзгөчө абал киргизилген аймакка жергиликтүү каттоосу бар гана жарандар кире алат

Өзгөчө абал киргизилген аймакка жергиликтүү каттоосу бар гана жарандар кире алат. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти. Ошондой эле өзгөчө абал режиминде ишканадан уруксат берилген жумушчулардын кыймылы эртең мененки саат 7ден кечки 8ге чейин күбөлөндүрүлгөн маалым каттын негизинде, алдын ала аныкталган багыт жана ишкана тарабынан уюштурулган… Кененирээк…

Кыргызстанда коронавирусту жуктурган дагы 2 учур катталды

Кыргызстанда коронавирусту жуктурган дагы 2 учур катталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова билдирет. Анын айтымында, жаңы катталган бейтаптар Бишкектен жана Чүй облусунун Москва районунан. Учурда муну менен өлкө аймагында вируска кабылгандардын жалпы саны 44кө жетти.

Кытайда коомдук жайлар ачыла баштады

Пекинде Улуу Кытай сепилинин бир бөлүгү ачылып, шаардык зоопарк иштеп баштады. Өлкө эпидемиологиялык абалдын жакшырышы менен буга чейин коронавирустан улам жабылып калган туристтик объектилерди акырындап ача баштады. Аталган жайга күнүнө 19,5 миңден ашык адам кое берилбейт. Коомдук жайларга 1 күндө келген адамдардын саны 30 пайызга… Кененирээк…