Түштүк Кореяда 97 жаштагы бейтап коронавирустан айыкты

Түштүк Кореяда 97 жаштагы бейтап коронавирустан айыкты. Пхохан медициналык борборунда эки жума дарыланган 97 жаштагы аял вирустан толугу мененен айыкканын «The Korea Times» басылмасы билдирди. Маалыматка караганда, ал үй обсервациясында болгон. Ошондой эле Кореядагы ооруканада дарыланып жаткан бейтаптардын ичинен эң улуусу 104 жаштагы аял экени… Кененирээк…

Буга чейин бир нече обсервацияда иштеген медиктер 14 күндүк карантинге алынды

Буга чейин бир нече обсервацияда иштеген медиктер 14 күндүк карантинге алынды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди. Буга чейин обсервация жайларында эпидемиялык кооптуу аймактардан келген жарандар кармалып турган. Алардын арасында вирустун клиникалык белгилери барлар ооруканага жаткырылды. Жуктуруп алгандар дагы ошол жактан чыккан. Ошол себептүү алар… Кененирээк…

Коронавирустун очогу болгон аймакка медицина кызматкерлеринин тобу жөнөп кетти

Коронавирустун очогу болгон аймакка медицина кызматкерлеринин тобу жөнөп кетти. Көчмө бригада 11 адистен түзүлүп, 1 айга жөнөтүлдү. Биримдик дарыгерлердин өз каалоосу менен түзүлдү, алар тамак-аш менен камсыздалды. Аталган дарыгерлер учурда Аксы жана Ала-Бука райондорунда, ал эми 3 лаборант Жалал-Абад шаарында иштеп жатат. Эске салсак, 1… Кененирээк…

Кыргызстанда бүгүн түшкө карата коронавирус жуккан жаңы учур катталган жок

Кыргызстанда бүгүн түшкө карата коронавирус жуккан жаңы учур катталган жок.  Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова билдирди. Анын айтымында, өлкө боюнча коронавирусун жуктурган 44 учур аныкталды. Ош облусунда – 20, Жалал-Абаддан – 19, Бишкекте – 3өө, Чүй облусунда –… Кененирээк…

Өлкөнүн айрым аймактарында үшүк жүрөт

Өлкөнүн айрым аймактарында үшүк жүрөт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти. Маалыматка ылайык, эртең түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Чүй жана Талас  облустарынын дыйканчылык аймактарында жана тоолуу райондорунда -3 градуска жеткен үшүк жүрүшү күтүлөт. Термометр мамычаларынын мындай көрсөткүчү өрүктүн бүчүрлөрүнө жана гүлдөрүнө, данектүү мөмө бактарынын эрте сортторунун бүчүрлөрүнө коркунуч… Кененирээк…

Бишкектеги көчөлөрдүн жабылышы дезинфекциялоо иштерине байланыштуу

Бишкектеги көчөлөрдүн жабылышы дезинфекциялоо иштерине байланыштуу. Бул тууралуу Бишкек комендатурасынан билдиришти. Маалыматка караганда, вирустун алын алчу иш-чаралар аяктагандан кийин көчөлөр ачылат. Белгилеп кетсек, буга чейин ордо калаанын айрым аймактары тосулуп, унаалар өткөрүлбөй жатканын билдиргенбиз. Учурга карата Ахунбаев — Бакаев, Ахунбаев — Токтоналиев, Медеров – Жукеев… Кененирээк…

Бишкекке азык-түлүк, дары-дармек жана күйүүчү май ташып кирүүгө тоскоолдук болбойт

Бишкекке азык-түлүк, дары-дармек жана күйүүчү май ташып кирүүгө тоскоолдук болбойт. Буйрукту Бишкектин коменданты Алмазбек Орозалиев чыгарды. Аталган документтин көчүрмөсүн товар ташуучу айдоочулар көзөмөл-өтмөктөрүндөгү текшерүүчүлөргө көрсөтүшү зарыл. Белгилеп кетсек, учурда Бишкекте 120 көзөмөл-түйүндөрү орнотулду. Шаарга сырттан кирүүгө уруксат жок.

Учурда иштеп жаткан мекемелер кызматкерлерин ташууга унаа уюштуруп бериши керек

Учурда иштеп жаткан мекемелер кызматкерлерин ташууга унаа уюштуруп бериши керек. Өкмөт тарабынан чыккан буйрукка ылайык, кызматкерлер иштеген жеринен маалым кат алып жана иш графигин, маршруттук баракчасын жанына салып жүрүшү зарыл. Ал эми аларды ташыган айдоочуда кызматкерлердин тизмеси болушу шарт. Учурда ордо калаада азык-түлүк, дары-дармек, күйүүчү… Кененирээк…

Өзгөчө абал учурунда суу, жарык, газ өчүрүлбөйт

Өзгөчө абал учурунда суу, жарык, газ өчүрүлбөйт. Бул тууралуу вице-премьер-министр Эркин Асрандиев билдирди. Анын айтымында, өзгөчө абал убагында аталган кызматтардын бардыгы штаттык режимде иштейт. Ал эми карызды төлөө, кечиктирүү, туумдар боюнча маселе учурда каралып жатат. Эске салсак, 15-апрелге чейин Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында, Ноокат, Кара-Суу,… Кененирээк…

Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу бар

Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу бар. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, бүгүн жана эртең Төө-Ашуу, Чапчыма, Кара-Гөө, Ала-Бел ашууларында кар күрткүлөрү пайда болуп, кар көчкү түшүү коркунучу сакталат. Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу, Каракол — Эңилчек, Ала-Бука — Жаңы-Базар — Кировка,… Кененирээк…