Кыргызстанда коронавирус жуктурган дагы 26 учур катталды

Кыргызстанда коронавирус жуктурган дагы 26 учур катталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү Касымбек Мамбетов жарыялады. Ал белгилегендей, анын 13 учуру Жалал-Абадда, алтоо Ошто, Чүйдө -2, Бишкекте – 4, Нарында 1 адам вирус жуктуруп алды.   Алар ооруканага жаткырылды. Учурда бейтаптар менен байланышта болгондорду аныктоо… Кененирээк…

Россия  чек араларын толугу менен жабат

Россия  чек араларын толугу менен жабат. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты. Маалыматка ылайык, 30-марттан тарта унаа, темир жол, жөө жана деңиз аркылуу кыймыл убактылуу жабылат. Мындай токтом Россиянын өкмөтүнүн сайтына жарыяланды.   Чек арадан дипломаттар, расмий делегациянын мүчөлөрү, жүк ташуучу айдоочу Россиянын жараны болсо… Кененирээк…

Өзгөчө абал кирген аймактардагы посттордон өтүү үчүн уруксат документтери онлайн бериле баштайт

Өзгөчө абал кирген аймактардагы посттордон өтүү үчүн уруксат документтери онлайн бериле баштайт. Бул тууралуу Бишкектин коменданты Алмазбек Орозалиев билдирди.   Ал белгилегендей, бул боюнча суроо 1-2 күндүн ичинде чечилет. Буга чейин социалдык тармактардын колдонуучулары азык-түлүк, дары-дармек ташыган ишкерлер уруксат документин ала албай жатканын жазып чыгышкан.

Өзгөчө абал кирген төрт күндө миңге жакын адам тартип бузду

29-мартта коменданттык саат тартибин бузган 150 адам кармалды. Алардын ичинен 115 адам Бишкек шаары, 15и Ош шаары, сегизөө Жалал-Абад шаары, бирөө Сузак району, бирөө Ноокат району, 10 адам Кара-Суу району боюнча райондук ички иштер бөлүмдөрүнө жеткирилди.   Бул тууралуу Ички иштер министрлиги кабарлады. Кармалгандар арасында… Кененирээк…

Коронавирустун очогу болгон Ухань шаарында жашоо жанданууда

Коронавирустун очогу болгон Ухань шаарында жашоо жанданууда. Бул калаада метро кайрадан иштей баштады. РИА Новостинин маалыматына ылайык, эми метро таңкы саат 6дан түнкү 11ге ейин элди ташыйт.   Жүргүнчүлөр бет кап тагынып, метрого кирип-чыккан сайын жеке ден соолук кодун сканерден өткөрүшү керек. Ухань  23-январдан бери… Кененирээк…

Балыкчы шаарынын мэри Марат Кудайбергенов өз каалоосу менен кызматтан кетти

Балыкчы шаарынын мэри Марат Кудайбергенов өз каалоосу менен кызматтан кетти.   Буйрукка өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон. 25 жаштагы Кудайбергенов аталган калааны 2019-жылдын май айында жетектеп баштаган.

Кыргызстанга коронавирус менен күрөшүүгө берилип жаткан каражатты жана гуманитардык жардамды бөлүштүрүү үчүн атайын комиссия түзүлөт

Кыргызстанга коронавирус менен күрөшүүгө берилип жаткан каражатты жана гуманитардык жардамды бөлүштүрүү үчүн атайын комиссия түзүлөт. Тиешелүү чечимге премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.   Комиссия курамына мамлекеттик органдардын парламент депутаттарынын жана жарандык сектордун өкүлдөрү кирет. Алар каражаттын туура багытталышына көз салат.

Бишкекте түндө коментанддык саат эрежесин бузган 119 адам кармалды

Бишкекте түндө коментанддык саат эрежесин бузган 119 адам кармалды. Ордо калаа коменданты Алмаз Орозалиевдин айтымында, алар милиция бөлүмдөрүнө жеткирилип, протоколдор түзүлдү. Кыргызстанда азыркы тапта 58 адам коронавирус жуктурганы аныкталды.   Бишкек, Ош, Жалал-Абад жана Сузак, Кара-Суу, Ноокат райондору өзгөчө абал киргизилип, кечки саат 8ден кийин… Кененирээк…