Өкмөт аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жардам берет

Өкмөт аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жардам берет. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев билдиргендей, Муктаж үй-бүлөлөргө күнүмдүк керектөөдөгү тез бузулбай турган тамак-аш продуктулары берилет. «Биринчи баскычтагы жардам экономикалык ишмердүүлүгү кыйла чектелген жана акча табуу булагы жок калган Бишкек жана Ош шаарларынын жашоочуларына көрсөтүлөт. Бул механизм өлкөнүн калган райондоруна… Кененирээк…

Бүгүнтөн тарта  Талас облусуна каттамдар токтотулду

Бүгүнтөн тарта  Талас облусуна каттамдар токтотулду. Бул тууралуу облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти. Маалыматка караганда, Талды-Булак айылында атайын пост коюлуп, андан ар бир өткөн айдоочу катталып, унаа ичиндеги жүргүнчүнүн өздүгү такталып өткөрүлүп жатат. Өткөрмө-түйүндөн Таласта катталган гана жарандар өтүп, кайра Бишкекке чыгарылбайт. Бул… Кененирээк…

Бишкекте өзгөчө абал учурунда каттамдарга чыккандар үчүн  үч түрдүү өткөрмө кагаздар берилип жатат

Бишкекте өзгөчө абал учурунда каттамдарга чыккандар үчүн  үч түрдүү өткөрмө кагаздар берилип жатат. Бул тууралуу ички иштер министри Кашкар Жунушалиев билдирди. Анын айтымында, документтер көк, кызыл жана сары түстө. Көк түстөгүлөр —шаар ичинде 24 саат бою жүрө алышат. Кызыл түстөгүсүн алгандар таңкы саат 7ден кечки… Кененирээк…

Өлкөдө коронавирус боюнча кырдаал жакшы жакка өзгөрбөсө, өзгөчө абал режими узартылат

Өлкөдө коронавирус боюнча кырдаал жакшы жакка өзгөрбөсө, өзгөчө абал режими узартылат. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди. Анын айтымында, ар бир жаран кырдаалды туура кабыл алып, талаптарды так аткарышы керек. Учурда кайгуул жүргүзүү күчөтүлүп жатат. Эгер коомчулук жардам бербесе, мамлекеттик механизм маселени эффективдүү чече… Кененирээк…

Азырынча өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 24 сааттык чектөө киргизилбейт

Азырынча өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 24 сааттык чектөө киргизилбейт. Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдиргендей, жарандарды түнүндө эшикке чыкпагыла деп, коменданттык саатты киргизип, бирок күндүзү сыртка чыгууга уруксат берип койгондон натыйжа болбойт. Аны менен бирге жарандардын сыртка себепсиз чыгуусун азайтуу үчүн кайгуул жүргүзүү күчөтүлүп… Кененирээк…

Коронавирус менен күрөшүү үчүн атайын эсепке 52 миллион сом чогулду

Коронавирус менен күрөшүү үчүн атайын эсепке 52 миллион сом чогулду. Ал каражаттардын бөлүштүрүү маселесин чечүү үчүн атайын комиссия түзүлүүдө. Ага жарандык коом, тиешелүү министрликтин өкүлдөрү жана Жогорку Кеңештин депутаттары кирет. Түшкөн каражаттарды бөлүштүрүү ачык-айкын болот. Белгилеп кетсек, аталган эсеп 1 жума мурда ачылган.

Учурда 1,5 миң жаран обсервацияда дарыланууда

Учурда 1,5 миң жаран обсервацияда дарыланууда. Алар коронавирусту жуктуруп алгандар менен байланышта болгондор. Жалпы ооругандар менен байланышта болгондор негизинен үй-бүлө мүчөлөрү жана кошуналар. Бүгүнкү күнгө алынган маалымат боюнча Кыргызстанда 94 адам коронавирус жуктуруп алды. Жалал-Абад облусунда — 49, Ош облусунда — 33, Бишкек шаарында —… Кененирээк…

Ордо калаада жашылдандыруу челленджи уланууда

Ордо калаада жашылдандыруу челленджи уланууда. Мэриядан билдиришкендей, “Шаардын сейил бактары” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери “Ынтымак” эс алуу жайына 400 түп сирень отургузушту. Ал эми “Тазалык” ишканасынын кызматкерлери веложолчо жана тротуарларда дезинфекциялоо иштерин тынымсыз жүргүзүүдө. Химиялык аралашма жашыл аянттарга зыян келтирбейт, — деп ишендиришти муниципалитеттен.

Республика боюнча 283 санитардык-карантиндик түйүндөр иштеп жатат

Республика боюнча 283 санитардык-карантиндик түйүндөр иштеп жатат. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди. Анын айтымында, коменданттык саатты ишке ашыруу боюнча өлкө аймагында Куралдуу күчтөр менен биргелешкен 53 көзөмөл-түйүн уюштурулду. Кошумчаласак, Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларына, Сузак, Кара-Суу, Ноокат райондоруна өзгөчө абал киргизилип, кечки саат 8ден… Кененирээк…

Кыргызстанда алгачкы 3 бейтап коронавирусту жеңди

Кыргызстанда алгачкы 3 бейтап коронавирусту жеңди. Жалал-Абад облусунда коронавирус жуктуруп дарыланып жаткан бейтаптаптарды ооруканадан чыгаруу пландалып жатат. Облустук клиникалык оорукананын башкы дарыгери Кумарбек Ботокараев билдиргендей, кайталанып алынган анализдин жыйынтыгында алардан коронавирус аныкталган жок. Бейтаптар ооруканада эки жума дарыланышты. Учурда абалдары жакшы.