Бишкекте дезинфекциялоо иштери талапка ылайык аткарылууда
Бишкекте дезинфекциялоо иштери талапка ылайык аткарылууда. Мэриянын маалыматында, “Тазалык” ишканасынын 64 кызматкери 4 райондун көчөлөрү, тротуар, аялдама жана эс алуу жайларында вирустун алдын алуу иштерин жүргүзүп жатышат. Жалпысынан 90 көчө, 850 аялдама дезинфекцияланды. Иштер тынымсыз уланып жатат.