Ордо калаа көчөлөрүндө жарык орнотуу иштери улануда

Ордо калаа көчөлөрүндө жарык орнотуу иштери улануда. Мэриянын маалыматына караганда, “Бишкек жарыктандыруу” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери 6-7 жана 11-кичи райондордо пландык иштерди жүргүзүштү. Мындан тышкары Токмок, Калинин жана Ауэзов көчөлөрү түнкүсүн жарык болуп калды. Буга чейин ордо калаанын 10 тилкесинде чырактар орнотулган. Мындан улам катардагы жарандар… Кененирээк…

Кыргызстан Өзбекстандан гуманитардык жардам алды

Кыргызстан Өзбекстандан гуманитардык жардам алды. Өкмөт аппаратынын маалымат бөлүмүнөн билдиришкендей, анда 1 тонна ун, 7 миң коргонуучу костюмдар топтому, респираторлор, кол кап, көз айнек жана тест-системалар бар. Коронавируска каршы күрөчүү үчүн келген каражаттар азырынча Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кампасында сакталат. Андан кийин макулдашууга ылайык, мамлекеттик профилдик… Кененирээк…

Сокулук акимиатынын кызматкерлеринен коронавирус аныкталган жок

Сокулук акимиатынын кызматкерлеринен коронавирус аныкталган жок. Бул тууралуу аймактык башкармалыктан 24 агенттигине билдиришти. Маалым болгондой, COVID-19 инфекциясына 40 кызматкерден анализ алынып, бардыгы терс көрсөткүчтө. Алар үйлөрүнө кое берилди, бирок көзөмөлдөө чаралары уланат. Кошумчаласак, аталган аймактан коронавируска чалдыккан 1 бейтап катталгандан кийин, райондук администрациянын кызматкерлери өз… Кененирээк…

Чемпиондор жана Европа Лигалары ушул жылы өтүшү ыктымал

Чемпиондор жана Европа Лигалары ушул жылдын июль же август айларында өтүшү ыктымал. Болжолдуу белгилөөнү УЕФАга шилтеме берүү менен ММКлар жазышууда. Мындан тышкары ассоциация еврокубок беттештерин бир убакта улуттук командалардын оюну менен бирге өткөрүү варианттарын карап жатат. Эске салсак, ушул жылы өтө турган чоң деңгээлдеги футбол… Кененирээк…

Кыргызстандагы жумушсуз калган жарандар азык-түлүк топтомуна ээ болот

Кыргызстандагы жумушсуз калган жарандар азык-түлүк топтомуна ээ болот. Өкмөттүн маалымат бөлүмүнөн билдиришкендей, кеп тез арада бузулбай турган, эң керектүү азыктар жөнүндө болуп жатат. Жардам берүүнүн 1-этабы Бишкек жана Ош шаарынын жарандарына тиешелүү болот. Андан кийин жеңилдик механизми өлкөнүн бардык аймактарында ишке ашат. Ал эми азыктарды… Кененирээк…

Өкмөт жарандардын комуналдык кызматтарга карызы барларга чектөө киргизбей турууну сунуштады

Өкмөт жарандардын комуналдык кызматтарга жана интернетке карызы бар жарандарга чектөө киргизбей турууну сунуштады. Өкмөттүн апараттык маалымат кызматынан билдиришкендей, жеке ишкерлерди колдоо максатында фискалдык чаралардын планы иштелип чыкты. Ошондой эле бийлик, төлөнбөгөн коммуналдык кызматтар үчүн туумдарды чегербөөгө чакырды. Мындан тышкары, мамлекеттик кыймылсыз мүлтөрдүн ижарасын төлөө шартын… Кененирээк…

Чилидеги жез ишканасында 3Д принтеринде бет каптар басып чыгарылууда

Чилидеги жез ишканасында 3Д принтеринде бет каптар басып чыгарылууда. Медициналык каражатты өндүрүүчүнүн айтымында, жаңы модель дүйнө жүзүндө катталып жаткан коргонуу каражаттарынын дефицитин алдын алат. Ал эми бет каптын микробко каршы эффектүүлүгү үчүн жез колдонулат. Бир жолку нусканын басып чыгаруусуна 5 сааттан ашык убакыт кетет. Ишмердүүлүктү… Кененирээк…

Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүлөт

Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүлөт. Бишкектин коменданты Алмазбек Орозалиев билдиргендей, жашоосу оор шарттагы адамдардын тизмеси мэрия тарабынан түзүлүп жатат. Азыркы учурда анда 15 миң адам катталды. Белгилеп кетсек, Кыргызстандын өзгөчө абал жарыяланган аймактарында миңдеген адамдар жумушсуз калды. Буга чейин ММКларда жана соцтармактарда жарандардан жардам… Кененирээк…

Күндө керектелчү азык-түлүктөрдүн баасын негизсиз жогорулатуу боюнча 2 административдик айып салынды

Күндө керектелчү азык-түлүктөрдүн баасын негизсиз жогорулатуу боюнча 2 административдик айып салынды. Мындан тышкары 54 эскертүү берилгенин Монополдукка каршы мамлекеттик агенттиги билдирет. Материалдар Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматына тапшырылды. Ал эми азыктардын бирдиктүү баасына карата мониторинг соода борборлорунда, базарларда жана дүкөндөрдө жүргүзүлүп жатат. Ведомстводон… Кененирээк…

Бишкетин түштүк тарабы карантиндик аймакка кирди

Бишкетин түштүк тарабы карантиндик аймакка кирди. Республикалык штабдын маалыматында, Жукеев Пудовкин, Токомбаев, Масалиев, Ахунбаев көчөлөрү жана Тынчтык проспектиси адамдардын жана улаалардын жүрүүсүнө чектелди. Аталган тилкелерде дезинфекциялоо иштери жүрөт. Ал эми буга чейин жабылган борбордук бөлүк, санитардык иштердин жүрүп жатканына байланыштуу дагы деле жабык бойдон.