Мамлекеттик салык кызматы ишкерлерге жеңилдик берди

Мамлекеттик салык кызматы бир катар долбоорлорду ишке киргизүүнүн мөөнөтүн 1-июлга чейин узартты. Ведомстводон билдиришкендей, кеп, товарларды импорттоочулар жана экспорттоочулар тарабынан электрондук эсеп-фактураларды милдеттүү түрдө колдонуунун мөөнөтү тууралуу болуп жатат. Мындан тышкары, реалдуу убакыт режиминде маалыматтарды берүү функциясы бар виртуалдык контролдук-кассалык машиналарды колдонуу боюнча  жумушчу долбоор… Кененирээк…

Пандемиянын эпицентри учурда планетанын эң таза аймагы

Пандемиянын эпицентри – Ухань шаары учурда планетанын эң таза аймагы. Вокзал, театр жана башка коомдук жайларда өз ыктыярчылар тобу дезинфекциялоо иштерин жүргүзүп жатышат. Алар жакынкы арада ачылып, мурунку калыбында иштеп баштайт. Эске салсак, Ухань шаарында коронавирус чыккандыгына байланыштуу 2 ай бою күчөтүлгөн көзөмөлдө карантинде болду.

Бишкекте эртең жылуулук өчүрүлөт

Бишкекте эртең жылуулук өчүрүлөт. Калаа мэриясынан билдиришкендей, 4-апрелде жылуулук берүү сезонун соңуна чыгаруу чечимин ыкчам штаб кабыл алды. Тиешелүү документке жакынкы сааттарда мэр Азиз Суракмактов кол коет. Эске салсак, Бишкекте жылуук берүү алгачкы ирет 19-мартта токтотулган. Бирок 24-мартта аба-ырайын температурасы кескин төмөндөгөнүнө байланыштуу кайрадан жылуулук… Кененирээк…

Бишкекте базар айланасындагы көчөлөрдө кыймылдар чектелет

Бишкекте базар жана супермаркеттердин айланасындагы көчөлөрдө кыймылдар чектелет. Комендатурадан түшүндүрүшкөндөй, санитардык-карантиндик аймак кеңейтилип жатканынан улам, аталган жерлерде кошумча өтмөрмө-түйүндөр пайда болот. Адамдардын жана унаалардын топтолуусун милициянын кайгуул кызматы көзөмөлгө алат. Белгилеп кетсек, көчөгө азык-түлүк, дары-дармек алганга гана чыкса болот. Ал учурда жанында паспорт жана маршруттук… Кененирээк…

Криштиану Роналду 1 миллиард доллар тапкан тарыхтагы алгачкы футболчу болот

Криштиану Роналду 1 миллиард доллар тапкан тарыхтагы алгачкы футболчу болот. Коронавирус пандемиясынан улам маянасы кыскарганына карабай, ушул сезондун жыйынтыгы менен португалиялык оюнчунун каражаты финансылык рекордго жетет. Белгилеп кетсек, миллиард доллар көрсөткүчүнө дүйнөдөгү 3 гана спортчу ээ болгон. Гольф оюнчусу Тайгер Вудс, мушкер Флойд Мейвезер жана… Кененирээк…

Студенттер жайкы сессияны онлайн режиминде тапшырып калышы ыктымал

Студенттер жайкы сессияны онлайн режиминде тапшырып калышы ыктымал. Алдын ала болжолдуу маалыматты Билим берүү министри Каныбек Исаков берди. Анын айтымыда, жаңы ыкманы уюштурдууда ЖОЖдордо кыйынчылык жаралбайт. Көбүндө мындай окуу процессинин өткөрүүгө тажрыйбасы бар. Мындан тышкары дистанттык түрдө дипломдук ишти жактоо боюнча маселе чечилип жатат. Ал… Кененирээк…

Бишкектеги аз камсыз үй-бүлөлөргө ун таратылып баштады

Бишкектеги аз камсыз үй-бүлөлөргө ун таратылып баштады. Мэриянын маалыматында, муктаж жарандардын тизмеси райондук штаб тарабынан түзүлдү. Аларга негизинен, көп балалуу үй-бүлөлөр, ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар жана пенсионерлер жайгашты. Гуманитардык жардам көрсөтүү ордо калаанын 4 районунда тең жүрүп жатат. Муниципалитеттен белгилешкендей, мындай жеңилдик өкмөт тарабынан уюштулган… Кененирээк…

Новосибирсктеги аба майданда калып калган Кыргызстандыктар мейманканага жайгаштырылды

Новосибирсктеги аба майданында калып калган Кыргызстандыктар мейманканага жайгаштырылды. Башкы консулдуктун маалыматында, бардык 132 адам чартердик каттам уюштурулганга чейин ал жакта болот. Кыргызстандык жарандарды тамак-аш менен миграция боюнча эл аралык уюмдун миссиясы камсыздады. Эске салсак, Новосибирсктен башка өлкөгө аба каттамдар токтотулганына байланыштуу биздин өлкөнүн жарандары “Толмачев”… Кененирээк…

COVID-19 пандемиясына карата Швеция карантин киргизүү чечиминен баш тартты

COVID-19 пандемиясына карата Швеция карантин киргизүү чечиминен баш тартты. Муну менен ал Европада карантин режими киргизилбеген акыркы өлкө болуп калды. Хандыктын эпидемиологу Андерс Тегнелл билдиргендей, мындай ыкма калктын психикалык жана физикалык саламаттыгын сактайт. 1-апрелге карата маалыматта, Швецияда 4,5 миң бейтап вируска кабылса, 180 адам каза… Кененирээк…

Электр энергиясын убагында төлөнбөгөндөгө 1-апрелден тартып туум чегерилбейт

Электр энергиясын убагында төлөнбөгөндөгө 1-апрелден тартып туум чегерилбейт. Бул тууралуу “Түндүк электр” ишканасынан билдиришти. Маалыматка караганда, өлкөдөгү өзгөчө абал режимине байланыштуу кыймыл чектелгендиктен, бардык керектөөчүлөр төлөмдөрдү убагында жүргүзө албайт. Туум чегербөө чечими кырдаалга жараша кабыл алынды, — дешти мекемеден.