Улуттук банк Коммерциялык банктарга 5 пайыз чениндеги насыя берет

Улуттук банк Коммерциялык банктарга 5 пайыз чениндеги насыя берет. Каржылык жеңилдиктин берилиши, COVID-19 пандемиясынын кесепетинен улам колдоо максатында. Суммалар бир гана улуттук валютада жеткиликтүү болот. Насыялар милдеттүү резервдик талаптарды сактоо максатында пайдаланылышы ыктымал же салым ээлеринин алдындагы милдеттерди өз убагында аткарууга багытталат. Банктар карыздарды 30-июнга… Кененирээк…

Бишкектеги көчмө медициналык топтор көбөйтүлөт

Бишкектеги көчмө медициналык топтор көбөйтүлөт. Калаа мэри Азиз Суракматов билдиргендей, учурда вируска шектүү жарандар менен байланышта болгондорду аныктоо иштерин ыкчам жүргүзүүгө эпидемиолог дарыгерлерге жардам көрсөтүү зарыл. Буга чейин Бишкекте Үй-бүлөлүк медицина борбору жана санитардык эпидемиалогиялык көзөмөл департаментинин кызматкерлеринен түзүлгөн 10 бригада уюштурулган. Эми үйлөргө барып… Кененирээк…

Кыргызстанда 9 дарыгерге коронавирус жукту

Кыргызстанда 9 дарыгерге коронавирус жукту. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин ыкчам штабынын жетекчисинин орун басары Касымбек Мамбетов билдирет. Анын айтымында, буга чейин вируска карата 8 дарыгерден анализ алынган, бардыгы оң көрсөткүчтө. Бүгүн дагы бир медицина кызматкери илдетке чалдыкканы маалым болду. Алар Бишкек жана Ошто 1ден,… Кененирээк…

Өлкөнүн тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу бар

Өлкөнүн тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу бар. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Бишккек – Ош, Мырзаке – Кара-Кулжа – Алайкуу, Ала-Бука – Жаңы-Базар – Кировка, Красная Горка – Ак-Таш, Казарман – Актал-Чат жана Каракол – Эңилек унаа жолдорунда кар маасалары түшүшү ыктымал. Тоолуу аймактарда жүрүүдө… Кененирээк…

Кыргызстанда коронавируска кабылган бейтаптардын жалпы саны 144кө жетти

Кыргызстанда коронавируска кабылган бейтаптардын жалпы саны 144кө жетти. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, бейтаптардын абалы канааттандыраарлык. Бүгүн түшкө карата маалымат боюнча, коронавирустан дагы 3 бейтап сакайды. Алардан кайталанып алынган анализ коронавирустун жок экенин көрсөттү. Муну менен республикада жалпысынан 9  адам COVID-19 вирусун жеңди.

Кыргызстанда COVID-19 вирусунан дагы бир бейтап айыкты

Кыргызстанда COVID-19 вирусунан дагы бир бейтап айыкты. Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришкендей, Баткен облусунда коронавирус жуктуруп, дарыланып жаткан аял сакайып бейтапканадан чыгарылды. 3-апрелге карата маалыматта республика боюнча 130 адам коронавируска кабылды. Андан алтынчы адам сакайды.