Чыңгыз Айтматов атындагы орус драм театры онлайн-көрсөтүүлөрдү уюштурат

Чыңгыз Айтматов атындагы орус драм театры онлайн-көрсөтүүлөрдү уюштурат. Мекеменин маалыматында, маданият үйүнө  эми сайт аркылуу виртуалдүү түрдө кирсе болот. Алгачкы ирет бүгүн, “Шайтан” спектакли коюлат. Ал бир катар маанилүү чет элдик фестивалдарда Кыргызстанды таанытып келген. Быйыл да КМШ жана Балтия өлкөлөр арасында виртуалдык түрдө көрсөтүлөт.

Быйыл “Айгүл-Тоо” коругуна адамдар киргизилбейт

Быйыл “Айгүл-Тоо” коругуна адамдар киргизилбейт. Буйрукка Баткен районунун акими Каланбек Маркаев кол койду. Бул чечим Коронавируска байланыштуу жарандардын саламаттыгы жана коопсуздугу үчүн  кабыл алынды. Аталган назик өсүмдүк кызыл китепке кирген. Айгүл апрель айында 15-20 күн гүлүн ачат.

Жалал-Абад облусунда агродрон жана мотодельтоплан менен дезинфекциялоо иштери жүргүзүлүүдө

Жалал-Абад облусунда агродрон жана мотодельтоплан менен дезинфекциялоо иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти. Маалыматка караганда, аба аркылуу санитардык иштер алгач, короновируска шектүү жарндар жайгашкан обсервациялар жана алар жашаган үйлөргө жүрөт. Андан кийинки кезекте облустук оорукананын имараттары жана борбордук базардын айланасы турат. Учуучу аппараттарды колдонуу… Кененирээк…

Кыргызстанда сутка ичинде коронавирустун дагы 3 учуру катталды

Кыргызстанда сутка ичинде коронавирустун дагы 3 учуру катталды. Муну менен вирус жалпысынан 147 адамга жукту. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов билдирди. Жаңы катталгандар Бишкектен чыкты. Эпидемиалогиялык кырдаал чыңалууда. Мындан тышкары Ошто бир нече милиция кызматкерлери обсервацияга алынганы маалым болду.